Бишкектин бир бөлүгү эмнеге жарыксыз калды? “Түндүкэлектр” ишканасынын жообу

Электр энергиясын берүү борбор калаанын түштүк кичирайондорунда үзгүлтүккө учурады
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Электр түйүндөрүнө күч келип жаткандыктан Бишкектин айрым аймактары жарыксыз калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

“Катуу күч келгендиктен түштүк бөлүктөгү кичирайондордо трансформатордук подстанциялардын жабдуулары бузулду. 7-кичирайондогу үйлөрдүн 10 пайызга жакыны жарыксыз калды. Жеринде бригадалар иштеп жатат, электр энергиясы жакын арада бериле баштайт. ТЭЦ учурда кадимки режимине келе элек, мындан улам жылыткычтар пайдаланылууда”, — дешти компаниядан.

“Түндүкэлектр” мындан тышкары, Шота Руставели менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги трансформатор да бузулганын кошумчалады.

Күн качан жылый баштайт? Кыргызгидрометтин маалыматы
26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Анын айынан шаардагы көп кабатуу үйлөр менен социалдык объектилерге берилген жылуулуктун табы бир топ төмөндөгөн.

27-январь күнү кечинде жылуулук берүү системасы калыбына келтирилгени айтылган. Бирок үйлөрү муздак шаардыктар ТЭЦтин ишине нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Ал эми Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев өкмөт башчы Сапар Исаковго түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берип жатып, үйлөргө жылуулук дүйшөмбүдөн тарта толук кандуу берилерин айткан.