Жума ичинде кандай аба ырайы күтүлөт

28-29-январда аймактардагы абанын температурасы төмөндөйт
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. 23-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Нострадамустун 2018-жылы боло турган окуялар тууралуу айтканы
23-январда күндүз жана 24-25-январда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар себелейт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

26-27-январда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

28-29-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.