Роналду оюн учурунда сокку жеп бети канжалады. Видео

Оюн учурунда Криштиану Роналдуну башка оюнчу буту менен бетке тээп алган
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду "Депортиво" клубу менен болгон оюнда бети канады. Аны каршылаш команданын коргоочусу бетке тээп алган.

Жаракат алган футболчу дарыгердин телефонун алып, канаган бетин көргөндө маанайы түшүп, башын чайкаган.

Оюн 7:1 эсебинде "Реалдын" пайдасына аяктаган.