БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Быйыл ажылыкка барууну каалагандарды каттоо 23-январдан тарта башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Ага ылайык, каттоо 23-февралга чейин уланат. Быйыл кыргызстандыктарга жалпысынан 5400 орун бөлүнгөн. Зыяратчылар 26-июлдан тарта ажылыкка сапар алышат. Ал эми ажылык амалдары августта башталат.
Муфтият ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүрөрүн буга чейин эскерткен болчу.
Белгилей кетсек, быйылкы зыяратчыларды ажылыкка алып барып келүү үчүн авиакомпаниялар арасында тендер жарыяланган. Ошондой эле зыяратчылардын кийимин тиге турган компаниялар да тендер менен аныкталмакчы.