Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатынан ажырады

БШК депутаттын берген арызын канааттандырган
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Эл өкүлү Өмүрбек Бабановдун депутаттык ишмердүүлүгү токтотулду. Тийиштүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алганын БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бабанов мандаттан баш тартуу боюнча буга чейин арыз берген.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү депутаттын берген арызын карап, аны канааттандырды", — дешти маалымат кызматтан.

Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Эске салсак, 2017-жылы 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин "Конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо" жана "Улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 13-ноябрь күнү Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен фракциянын лидерлигинен кеткен.