Кытайда мектеп окуучусу "чач жасалгасы" менен элдин боорун эзди. Сүрөт

Окуучунун үйү мектебинен беш чакырым алыстыкта жайгашкандыктан сабакка келгиче чачына муз тоңуп калган
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Чачына муз тоңуп калган окуучунун сүрөтү социалдык тармакта чагылгандай жайылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ECNS басылмасы жазды.

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда бейшембиден тарта бурганактап кар жаайт
​Чжаотун шаарындагы Zhuanshanbao Elementary School мектебинин 3-класстагы окуучусу сабакка өзгөчө чач жасалгасы менен кирип келип, классташтарын күлкүгө бөлөдү. Анын үйү мектептен беш чакырым алыстыкта жайгашкандыктан экзаменге кечигип калбаш үчүн шашып жатып баш кийимин унутуп калган. Мындан улам сабакка келгиче чачына муз тоңуп калган.

Жеткинчектин сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып, айрымдар анын сабакка болгон умтулуусун мактап жатышат.

Ошол күнү сыртта —9 градус суук болуп турганы маалыматта белгиленген.