Түркмөнстанда кыз-келиндерге машина айдоого тыюу салынды

Буга чейин кара түстөгү унааларга тыюу салынганы айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түркмөнстанда бир айдан бери аялдарга машина айдоого тыюу салынып жатканын Sputnik Казакстан түркмөн ЖМКларына таянып жазды. 

Астананын акими аткаминерлерди кызматтык унаадан таксиге отургузмай болду
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери алгач рулдагы кыз-келиндерге эскертүү берип келсе, эми күбөлүктөрүн алып, машиналарды айып короого токтотуп жатышат. Ал эми мамлекеттик мекемелерде иштеген айымдардан мындан ары унаа айдабай турганы тууралуу тил кат жаздырышууда.

Буга чейин аталган өлкөдө кара түстүү унааларга тыюу салынганы айтылган. Мындай машиналуу адамдар унаанын түсүн алмаштырууга аргасыз болушкан.