Мексика: баш кесерлер беш кишини жиликтеп таксиге таштап кетишти

Таксинин капотуна кесилген беш башты калтырышкан
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Мексиканын Веракрус штатынан беш кишинин жиликтелген денеси табылган. Бул туурасында РИА Новости маалымдады.

Тирүүлөй жыныстык мүчөсүн кесип салган... Декабрдагы чуулуу 8 соттук чечим
Жергиликтүү полициянын билдиргенине караганда, кесилген беш башты жолдогу таксинин капотуна таштап кетишкен. Ал эми анын ичине өлтүрүлгөндөрдүн калган денелерин мүшөккө салып коюшкан. Мүшөктүн жанына кагазга Мексикадагы "Халиско" деп аталган картелдердин биринин атынан дубай салам калтырылган. Полиция мындан улам наркомафиянын үрөй учурган бул өлтүрүүлөргө тиешеси бар экендигин аныктаган.

Мексиканын жээк бөлүгүндө жайгашкан Веракрус штаты— "Лос-Сетас" жана "Залив" деп аталган ири эки наркокартелдердин тирешүүсүнө айланган. Эми аларга "Халиско" деп аталган топ кошулганы айтылып келет. Бул топтор АКШга баңгизат ташууну көзөмөлдөө боюнча өз ара атаандашып келишет.