"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин дүйнө жүзү эмне себептен 75 жыл мурда нацизмге каршы турган совет элинин эрдигине сый-урмат менен мамиле кылуу керектигин түшүндүрүп берди.

Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан бери 75 жыл өттү. Бул доор аралыгында канчалаган муун алмашты. Планетанын саясий картасы өзгөрдү. Жеңишке жетип, улутчулдукту кыйратып, дүйнөнү куткарып калган Советтер Союзу азыр жок. Ошол согуштагы окуялар анын катышуучуларына деле тээ бир заманда калган тарых сымал. Бирок эмнеге Россияда 9-май негизги майрам катары белгиленип, ал эми 22-июнда турмуш токтоп калгандай, тамагыбыз ыйга муунат?

Бул согуш ар бир үй-бүлөнүн тарыхына терең из калтырган деп коёбуз. Ал эми бул сөздөрдүн тереңинде миллиондогон адамдардын тагдыры, алар көргөн азап жана азасы катылат. Сыймык, чындык жана эскерүүлөр...

Менин ата-энем үчүн бул согуш – блокадага алынган Ленинграддын башынан өткөн азап-тозок. Эки жашар агам Витя ошол жерде чарчап, апамды кудай сактап аман калат. Атам согушка катышпоого жүйөлүү себеби (бронь) болсо да, өз ыктыяры менен туулган шаарын коргоого аттанган. «Невский пятачок» плацдармасында согушуп, оор жарадар болгон. Жыл өткөн сайын ата-энем менен баарлашып, башынан кечирген согуш убагы тууралуу кененирээк билүүгө кызыгуу артат. Бирок алардан сураш эми мүмкүн эмес, ошондуктан сезимдерин ачык билдире бербеген ата-энем менен бул теманын тегерегиндеги сүйлөшкөндөрүбүздү жүрөгүмдө аздектеп келем.

Биздин балдарыбыз, небере, чөбөрөлөрүбүз ата-бабалар кандай азап-сыноодон өтүшкөнүн түшүнгөндөрү мен жана менин курбалдаштарым үчүн чоң мааниге ээ. Кантип, эмнеге чыдап, жеңишке жетишкен? Дүйнө жүзүн суктандырган темирдей бекем кайрат кайдан жаралды? Ооба, алар өз үйлөрүн, балдарын, жакындарын, үй-бүлөсүн коргошту дейли. Бирок алардын башын туулган жерге, Ата Мекенге болгон арзуусу бириктирип турган. Бул терең жана жеке сезим калкыбыздын түпкүлүгүндө чагылдырылган жана улутчулдарга каршы баатырдык, курмандык күрөштө аныктоочу факторлордун бирине айланган. Азыркы муун оор кырдаалдарда өзүн кандай алып жүрөрү тууралуу көп ой жүгүртүп калышат. Көз алдыма жаш врачтар, оор абалда жаткан адамдарды куткарууга “аттанган” кечээги эле студенттер тартылат. Түндүк Кавказ, Сирияда эл аралык терроризмге каршы күрөштө ажал менен бетме-бет жүргөн биздин аскердик кызматкерлер жапжаш эле балдар! Айтылуу, алтынчы десанттык өлбөс ротанын жоокерлеринин көбү 19-20 гана жашта болушкан. Бирок алардын баары Улуу Ата Мекендик согушта Мекенди коргоп калган жоокерлердин эрдигине татыктуу экенин көрсөтүштү. Ошол себептен, эгер кырдаал талап кылса, кан-жанын аябай милдетин аткаруу Россия калкынын табиятында бар экенине ишенем. Эр жүрөктүк, атуулдук, өз жериңе, үй-бүлөңө, Ата Мекенге болгон арзуу – бул баалуулуктар бүгүнкү күндө россиялык коомдун пайдубалы, өзөгү болуп саналат. Дал ошол нерселер негизинен Россиянын суверендүүлүгүн кармап турат.

Азыр бизде эл тарабынан “Өлбөс полк” өңдүү жаңы салттар жаралды. Бул – жеңишти тартуулагандарды ыраазычылык менен эскерүү, муундар ортосундагы жандуу, бир туугандык байланыш маршы. Миллиондогон адамдар Мекенди коргогон жана улутчулдукту кыйратууга салым кошкон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат. Бул алардын өмүрү, көргөн азаптары жана курмандыкка чалгандары, бизге тартуу кылган Жеңиш эч качан унутулбай турганын билдирет. Өткөн менен келечектин алдындагы биздин жоопкерчилик – коркунучтуу трагедиялардын кайталанышына жол бербөө. Ошондуктан Экинчи дүйнөлүк согуш жана Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү макаламды жарыялоону милдетим деп эсептедим.

Здание Рейхстаг в котором находится парламент Бундестаг Германии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Согуш тарыхынын кайра жазылышына Германия эмне үчүн каршы? Саресеп
Дүйнөлүк лидерлер менен бул ойду талкуулаган учурларым көп болду, алар да түшүнүү менен кабыл алышкан. Былтыркы жылдын аягында КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинде баарыбыз бир пикирди кармандык: улутчулдукту баарынан оболу совет эли жеңгени тууралуу урпактарга туура жеткиришибиз маанилүү. Бул баатырдык күрөштө – фронтто да, тылда да Советтер Союзунун бардык республикалардын өкүлдөрү ийиндеш туруп аракеттенишкен. Ошондо кесиптештер менен согуш алдындагы оор кырдаал жөнүндө да сүйлөшкөн элек. Ошол кеп Европа жана дүйнөдө чоң резонанс жаратты. Демек, өткөндүн сабактарына кайрылуу чындап эле зарыл жана актуалдуу экен. Ошону менен бирге эле ызы-чуу, анча жашыра алышпаган өксүктөр, чуулгандуу айыптоолор менен коштолду. Бир катар саясатчылар адатынча Россия тарыхты кайра жазуу ниетинде деп күнөөлөөгө үлгүрдү. Анткен менен келтирилген аргументтердин да, фактылардын да эч бирин төгүндөй алышкан эмес. Россиялык гана эмес, чет өлкөлүк архивдерде да сакталуу турган документтердин өзү менен талашып-тартышуу дегеле мүмкүн эмес. Андыктан Россия жана бүтүндөй дүйнө үчүн дүйнөлүк согушка кептеген себептерди талдоо, чиеленген окуялар, трагедиялар жана жеңиштер, анын сабактары жөнүндөгү ой жүгүртүүнү улантуу зарыл экени шексиз. Дагы бир кайталайын, мында ар кыл идеологиялык жана саясий жоромолдорго жол бербестен, принципиалдуу түрдө архивдик материалдарга, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө гана таянуу абзел. Дагы бир ирет талашсыз нерсени эсиңиздерге салайын: Экинчи дүйнөлүк согуштун түпкү себептери көбүнесе Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдерден келип чыккан. Версаль тынчтык келишими Германия үчүн акыйкатсыздыктын терең символу болуп калган. Иш жүзүндө кеп өлкөнү тоноо жөнүндө эле. Батыштагы союздаштарына экономикасын эңшерген ири чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилген. Союздук күчтөргө башкы командачылык кылган француз маршалы Ф.Фош Версалды алдын ала: “Бул тынчтык эмес, бул жыйырма жылга элдешүү” деп мүнөздөгөн. Дал улуттук басмырлоо Германияда радикалдуу жана реваншисттик маанайга түрткөн чөйрөнү түптөдү. Улутчулдар ошол сезимдерден пайдалана өздөрүнүн үгүтүн жүргүзүп, Германияны “Версалдын мурасынан” куткарууну, баштагы күчүн калыптандырууну убада кылып, ал эми иш жүзүндө элди жаңы согушка түрткөн. Акылга сыйбайт, бирок буга түз же кыйыр түрдө батыш мамлекеттери, эң оболу Улуу Британия жана АКШ да түрткү берген. Алардын каржылык жана өнөр жай чөйрөсү немистердин аскердик багыттагы өндүрүмдөрдү чыгарган фабрика жана заводдоруна активдүү түрдө капитал салышкан. Ал эми ак сөөк жана саясий истеблишмент арасында Германия, Европада күч алып бараткан радикалдуу, кескин оңчул, улутчул кыймылдардын тарапташтары аз эмес эле. Версалдык “дүйнө түзүмү” көптөгөн тымызын пикир келишпестиктерди жана ачык жаңжалдарды жараткан.

Алардын негизинде Биринчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрүнүн каалоосу менен тузүлгөн жаңы европалык мамлекеттердин чек аралары жатат. Дээрлик алардын картада пайда болору менен аймактык жаңжалдар жана эки тараптуу дооматтар коюлуп, көз чыгарчудай абалга айланып бараткан.

Биринчи дүйнөлүк согуштун орчундуу жыйынтыктарынын бири Улуттар лигасынын түзүлүшү болгон. Узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыздоо, жамааттык коопсуздук боюнча бул эл аралык уюмга үлкөн үмүт артылган. Бул прогрессивдүү демилге, анын ырааттуу ишке ашырылышы глобалдык согуштун үрөй учурган жагдайларынын кайталанышын ооздуктап калмак. Бирок көбүнесе Улуу Британия жана Франция өңдүү жеңүүчү державалар үстөмдүк кылган Улуттар лигасы өзүнүн майнапсыздыгын көрсөтүп, маңызсыз сүйлөшүүлөр менен гана чектелип калган. Улуттар лигасында, дегеле европалык контингентте Советтер Союзунун жамааттык коопсуздуктун тең укуктуу тутумун түзүү жөнүндөгү бир нече жолку чакырыктарына кулак салышкан да эмес. Атап айтканда, аларда агрессияга бөгөт коё турган чыгыш европалык жана тынч океандык пакттарды түзүү демилгелери камтылган. Бул сунуштар көз жаздымда калган.

Улуттар лигасы дүйнөнүн ар кыл бурчундагы, тагыраагы, Италиянын Эфиопияга кол салышы, Испаниядагы жарандык согуш, Япониянын Кытайга каршы агрессиясы, Австриядагы аншлюс өңдүү жаңжалдардын алдын ала албаган. Ал эми Гитлер менен Муссолиниден тышкары Улуу Британия жана Франциянын лидерлеринин катышуусундагы Мюнхень көмүскө бүтүмүнүн натыйжасында Улуттар лигасынын толук макулдугу менен Чехословакия бөлүнгөн. Буга байланыштуу ошол убактагы Европанын бир катар жетекчилеринен айырмалана Сталин Гитлер менен жеке жолугуп, аброюна шек келтирбегенин баса белгилейт элем. Ал ошол заманда батышта Европанын борбор калааларында сыйлуу мейман болуп, кадыр-барктуу саясатчы деп саналган. Чехословакиянын бөлүнүшүндө Германия менен Польша да бирге аракеттенген. Алар кайсы чехословакиялык жерлер кимге тиерин алдын ала чогуу чечишкен. 1938-жылдын 20-сентябрында Польшанын Германиядагы элчиси Ю.Липский өлкөнүн тышкы иштер министри Ю.Бекке Гитлердин: «…Эгер Польша менен Чехословакиянын ортосундагы иш жаңжалга айланса, Тешиндеги польшалык кызыкчылыктардан улам Рейх биз (польшалык) тарапка өтөт» деп ишендиргенин маалымдаган.

Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Батыш советтик жоокердин бейнесин өзгөртүп, тарыхты бурмалоону улантууда
Улутчулдардын башчысы польшалык аракеттер “Судет тоолорун немистер ээлегенден кийин гана улап кетчүдөй” кылып шыбырай жол көрсөтүп, кеңеш берип турган. Польша да Гитлердин жардамысыз өзүнүн басып алуу планы оңунан чыкпай каларын түшүнгөн. Варшавадагы германиялык элчи Г.А.Мольтке менен Ю.Бектин 1938-жылдын 1-октябрындагы СССРдин бул маселе боюнча көз карашы жана польшалык-чехиялык мамилелер туурасындагы сүйлөшүүлөрүнөн келтирейин. Анда: «…Бек мырза Мюнхень конференциясындагы польшалык кызыкчылыктардын лоялдуу трактовкасы, ошондой эле чехиялык жаңжал маалындагы чын дилден жасаган мамилеси үчүн терең ыраазычылык билдирген. Өкмөт жана коомчулук (Польша) фюрер менен рейхсканцлердин позициясын баалайт». Чехословакиянын бөлүнүшү аёосуз жана абийирсиз жорук болгон. Мюнхен өз ара макулдашуулардын эч нерсеге арзыбай турганын көрсөтүп, контингенттеги формалдуу чабал кепилдиктерди да жок кылган. Дал Мюнхень көмүскө бүтүмү Европадагы чоң согуштан кача албагыдай абалга кептеген. Бүгүнкү күндө европалык саясатчылар, эң оболу польшалык жетекчилер Мюнхендин “оозун жапкысы” бар. Эмне үчүн? Өлкөлөрү өз милдеттенмелеринен тайып, Мюнхен көмүскө бүтүмүн колдогону, алтургай айрымдар олжону бөлүшмөйгө катышкандыгы үчүн гана эмес, тээ 1938-жылы СССРдин Чехословакияга болушканын эстөө аларды ыңгайсыз абалга салганы үчүн да Мюнхенден кеп козгогулары жок.

Өзүнүн эл аралык милдеттенмелери, анын ичинде Франция жана Чехословакия келишимдерин сактай Советтер Союзу трагедиянын алдын алууга тырышкан. Польша керт башынын кызыкчылыктарынан улам Европадагы жамааттык коопсуздук тутумун түзүүгө бар күчү менен тоскоол болгон. Польшанын тышкы иштер министри Ю.Бек 1938-жылдын 19-сентябрында жогоруда аталган элчи Ю.Липскийге анын Гитлер менен болгон жолугушуусунун алдында: «… Былтыр Польша өкмөтү Чехословакияны коргоонун эл аралык кийлигишүүсүнө кошулуу сунушун төрт жолу четке каккан», — деп жазган.

Улуу Британия, ошондой эле чехтер менен словактардын негизги союздашы болуп турган Франция өз кепилдиктеринен баш тартып, аталган чыгыш европалык өлкөнү отко салган. Таштап гана койбостон, улутчулдардын ниетин да чыгышка буруп, натыйжада Германия менен Советтер Союзу кагылыштан, бири-биринин канын төккөндөн кача албагыдай абалга кептеп койгон. Батыштын “элдешүү” саясатынын мааниси да мына ушунда эле.

Бул Үчүнчү рейхке гана эмес, Антикоминтерндик пакттын башка катышуучулары – фашисттик Италия жана милитаристтик Японияга да тиешелүү. Ыраакы Чыгыштагы анын жеткен чеги 1939-жылдын жайындагы англиялык-япондук келишим болгон. Бул документ Кытайда Токионун колуна эркиндикти карматкан. Алдынкы европалык державалар Германия жана анын союздаштары тараптан дүйнө жүзүнө кандай кооптуулуктун эпкини сого баштаганын моюнга алгылары келген эмес. Согуш алардан кыйгап өтөт деп ойлошкон. Мюнхень көмүскө бүтүмү Советтер Союзуна батыш өлкөлөрү алардын кызыкчылыгын эсепке албастан эле коопсуздук маселелерин чече турганын, ал эми ыңгайы келгенде антисоветтик фронт кура каларын көрсөткөн.

Ошону менен бирге Советтер Союзу батыштын эки жүздүү позициясына карабай акыр аягына чейин антигитлердик коалиция түзүүгө бардык шансты колдонууга аракет кылды. Чалгын кызматы аркылуу жетекчилик 1939-жылдын жай айларында көшөгө артында жүргөн англо-германиялык байланыштар тууралуу кенен маалымат алып жаткан.

Бул байланыштар өтө жигердүү жүрүп, Франция, Улуу Британия жана СССРдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда болгонун баса белгилеп кетким келет.

Буга байланыштуу британ архивинен бир документти мисал кыла кетейин. Бул Москвага 1939-жылы келген британиялык аскерий миссиянын инструкциясы. Анда делегация "сүйлөшүүлөрдү өтө жай жүргүзүшү" керектиги, "Бириккен Падышачылыктын өкмөтү биздин тигил же бул шартта эркиндигибизди чектеп коё турган милдеттерди өзүнө алууга даяр эместиги" так жазылган.

Англиялыктар менен француздардан айырмаланып советтик делегацияны Кызыл Армиянын жогорку жетекчилиги баштап барган. Алардын "Англия, Франция жана СССРдин Европадагы агрессияга каршы аскердик коргонуусун уюштуруу боюнча аскер конвенциясына кол коюуга" бардык укугу болгон.

Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян - Sputnik Кыргызстан
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Сүйлөшүүлөрдүн оңунан чыкпай калышына СССР алдында эч кандай милдет алгысы келбеген Польшанын салымы бар. Батыш союздаштарынын кысымы алдында да Польша жетекчилиги Кызыл Армия менен Вермахтка каршы биргеликте туруудан баш тарткан. Качан гана Риббентроптун Москвага келгени белгилүү болгондон кийин Ю.Бек франциялык дипломаттар аркылуу "айрым техникалык талаптар такталган соң германиялык агрессияга каршы турууда Польша менен СССРдин кызматташуусу мүмкүн" экенин айттырат. Ошол эле учурда өз кесиптештерине ал: "Мен тактиканы жеңилдетүү үчүн ушундай формулировкага бардым, ал эми биздин СССРге карата мамилебиз эч өзгөрүүсүз калат" деп түшүндүргөн.

Түзүлгөн кырдаалда Советтер Союзу Германия менен кол салбоо боюнча Келишимге кол койгон. Муну ал Европа мамлекеттеринен акыркысы болуп жасады. Батышынан Германия, чыгышынан Япония менен согуш оту тутанып кете турган опурталдуу учурда кол койду.

Сталин жана анын айланасындагыларга коюлган айыптар көп учурда калыс. Өз элине каршы багытталган режимдин кылмыштары, массалык репрессиялар эсибизде. Кайталап кетейин, советтик жетекчиликке коюлчу кине көп, бирок бири да тышкы коркунучтун каарын түшүнгөн эмес деп айта албайбыз. Алар Советтер Союзун Германия жана анын тарапташтары менен жекеме-жеке калтырууга жасалган аракетти көрүп турушкан. Кесепети кандай болорун билип туруп өлкөнүн коргонуусун бекемдеп алуу үчүн убакытты созуп келишкен.

Ошол убакта кол салбоо боюнча түзүлгөн келишимдин тегерегинде азыр сөз көп, кине негизинен бүгүнкү Россияга коюлууда. Ооба, Россия — СССРдин мураскери, советтик доор бардык кемчилиги жана жеңиши менен миң жылдык тарыхыбыздын айрып алгыс бөлүгү. Бирок ошол эле учурда Советтер Союзу Молотов — Риббентроп Пактысына укуктук жана моралдык баа бергенин эскертким келет. Жогорку Советтик 1989-жылдын 24-декабрындагы токтомунда жашыруун протоколдор "бул кутумдукка жоопкер болбогон совет элинин эркин" чагылдырбай турган "жеке бийликтин актысы" катары расмий сынга алган.

Муну менен бирге эле айрым мамлекеттер нацисттер менен батыш саясатчыларынын колу коюлган макулдашуулар тууралуу эстөөнү эп көрбөйт. Мындай кызматташууга юридикалык же саясий баа берүүнү айтпай тек коелу. Арасында нацисттердин варвардык планына унчукпай макул болгон, дем берип турган айрым европалык ишмерлер бар экени да маалым. Польшанын Германиядагы элчиси Ю.Липскийдин 1938-жылдын 20-сентябрында Гитлер менен сүйлөшүп жатып: "...еврейлер маселесин чечкени үчүн биз (поляктар) ага Варшавада мыкты эстелик орнотобуз" деген сөзүнүн баасы канча?

Муну менен бирге биз бир катар мамлекеттердин нацисттер менен түзгөн келишимдеринде "жашыруун протоколдордун", тиркемелердин болгон-болбогонун билбейбиз. Айткан сөзгө ишенүүдөн башка арга жок. Анткени ушу күнгө чейин англо-германиялык жашыруун сүйлөшүүлөр тууралуу материалдар ачыктала элек. Мындан улам бардык мамлекеттерди архивдерди ачууга, согушка чейинки жана согуш маалындагы буга чейин белгисиз болгон документтерди ачыктоо процессин тездетүүгө чакырар элек. Россия азыркы тапта ушу менен алек. Биз кызматташууга, биргелешип иликтөө жүргүзүүгө даярбыз.

Эми Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы окуяларга кайталы. Чехословакияны басып алган Гитлер ушуну менен тынчып калат деп ойлоо баланын кыялы эле. Кезекте Польша турган. Версалдын мураскери болгон Данцинг коридору буга себеп болуп берди. Ошол кезде Польша тушуккан трагедия англо-франко-советтик аскерий биримдик түзүүгө жолтоо болуп, Батыштан жардам күткөн өлкө жетекчилигинин абийиринде. Дал ушул жетекчилик элин гитлердик машинанын алдында салып берди.

Великая Отечественная Война - Sputnik Кыргызстан
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар
Немистердин кол салуусу блицкриг доктринасы менен үндөшүп өнүгүп бара жатты. Польшалык армиянын катуу, болгон күчү менен каршы тургандыгына карабай, бир аптадан кийин, 1939-жылы 8-сентябрда Германия аскерлери Варшавага жакындап калды.

Польшанын саясий каймактары 17-сентябрда Румыния аймагына баскынчылар менен күрөшүп жаткан элин таштай качты.

Батыштагы союздаштар польшалыктардын үмүтүн актаган жок. Германия согуш ачканын жарыялагандан кийин франциялык аскерлер немистердин аймагына ондогон чакырым тереңдеп кирип барды. Бул активдүү иштерди "жасап жатабыз" деген сындуу көрүндү. Андан сырткары англис-француз Жогорку аскердик совети алгач ирет 1939-жылдын 12-сентябрында Абвилде чечим кабыл алды. Ал – Польшадагы окуялардан улам аталган аймакка кирип баруусун токтоткон кадам эле. Ошентип, эч кимге чуулуу "кызыктай болгон согуш" башталды. Франция менен Англия Польшанын алдындагы милдеттерин аткарбай, сатып кетти.

Кийинчерээк Нюрнберг процессинин жүрүшүндө немец генералдары чыгыштагы тез жеткен жеңиштерин төмөнкүчө түшүндүрүшкөн. Германиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачылыгынын ыкчам жетекчилик штабынын мурунку начальниги А.Йодль: "Биз 1939-жылы мартта Франция менен Англиянын 110 дивизиясы Польша менен согушуп жаткан биздин 23 дивизиябызга каршы эч нерсе кылбаганы үчүн гана жеңилип калган жокпуз", — деп мойнуна алган.

Мен 1939-жылдын август жана сентябрында СССР менен Германиянын байланыштары тууралуу бардык архивдик материалды көтөрттүм. Документте көрсөтүлгөндөй, Германия менен СССРдин ортосунда түзүлгөн кол салбоо боюнча Келишимге тиркелген Жашыруун протоколдун 2-пунктунда Польша мамлекетинин курамындагы облустарды аймактык-саясий которуштуруу болуп кала турган болсо эки мамлекеттин кызыкчылыгы болжол менен Нарева, Висла жана Сана дарыялары менен чектелиши керектиги жазылган. Башкача айтканда, СССРдин карамагына украин жана белорусь элдери жашаган аймак эле эмес, Польшага таандык Буг жана Висла дарыяларынын ортосундагы жерлер да өтмөк. Бул факты тууралуу бүгүнкү күндө көпчүлүк биле бербейт.

Көпчүлүктүн ошондой эле 1939-жылдын сентябрында Польшага кол салгандан кийин эле дароо Берлин Москваны согуштук аракеттерге кошулууга чакырганынан да кабары жок. Бирок советтик жетекчилик мындай сунушту кулак сыртынан кетирип, акыр аягына чейин окуяга аралашкысы келген эмес.

Баары түшүнүктүү болуп калганда, Улуу Британия менен Франция өзүнүн союздашына жардам бергенге умтулбаганы, ал эми вермахт Польшаны баш-аягына чейин басып алууга жөндөмдүү экени, Минскиге жакындап келери белгилүү болгондо чечим кабыл алынды. Ал 17-сентябрда, эртең менен Кызыл Армияны чыгыш жак деп аталган тарапка – азыркы Белоруссия, Украина жана Литва аймагына киргизүү болду.

Башка арга калган эмес. Антпегенде СССРдин тобокелдиги улам чоңоюп отурмак, себеби, дагы кайталап коёюн, советтик-польшалык эски чек ара Минскиден бир нече гана чакырым аралыкта болчу. Ал эми нацисттер менен болгон аргасыз согуш, таптакыр ыңгайсыз делген жерден башталмак. Ар кыл улуттагы Брест, Гродно, Перемышль, Львов жана Вильнодо жашаган миллиондогон эл, алардын арасында жөөттөрдү нацисттер жана жергиликтүү антисемиттер менен радикал улутчулдар кырып жок кылмак эле.

Концлагерь туткундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
Советтер Союзунун өөрчүп келе жаткан чатакка акыркы учурларга чейин катышпай коюуга болгон аракети, андан оолактаганы, Германия тарабындагы оюнга катышууну каалабагандыгы, советтик жана немистик аскерлердин бири-бири менен кагылышуусунда өттү. Бул жашыруун протоколдордо айтылгандарга караганда чыгышыраак жакта болду. Висла эмес, Керзон линиясы деп аталган тарапта, тээ 1919-жылдары Антанта Польшанын чыгыш чек арасы катары сунуштаган аймакта эле.

Баарыбызга белгилүү эмеспи, "мындай болмок" деп, эми шарттуу ыңгайды өткөн окуяларга колдонуунун кереги жок. Болгону айтарым, 1939-жылдын сентябрь айында советтик жетекчиликтин СССРдин Батыш чектерин дагы батышты көздөй, ал тургай Варшавага чейин жылдырып, чоюп коюуга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок аны жасабоо туурасында чечим кабыл алып койгон.

Немецтер жаңы кво-статусун бекемдөөнү сунушташты. 1939-жылдын 28-сентябрында Москвада И.Роббентроп менен В.Молотов СССР менен Германиянын ортосундагы чек ара жана достук боюнча келишимге, ошондой эле эки армиянын туруп демаркациялык сызык деп таанылган мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча жашыруун протоколго кол коюшкан.

1939-жылдын күзүндө аскерий-стратегиялык, коргонуу боюнча маселелерин чечип жатып Советтер Союзу Латвия, Литва жана Эстонияны инкорпорациялоо процессин баштайт. Алардын СССРдин курамына кириши шайланган бийликтин макулдугу менен сүйлөшүүнүн негизинде ишке ашкан. Бул ошол учурдун эл аралык жана мамлекеттик укук нормаларына төп келген. Мындан тышкары, 1939-жылдын сентябрында Литвага мурун Польшанын курамына кирген Вильно шаары менен ага чектеш облус кайтарылган. СССР курамындагы Прибалтика республикалары бийлик органдарын, тилин сактап, советтик жогорку мамлекеттик структураларда өкүлчүлүктөрү болгон.

Ушул мезгил аралыгында бөтөн көзгө көрүнбөгөн дипломатиялык жана аскердик-саясий күрөш жүрүп, чалгын кызматы иштеген. Москва алдында элдешкис жана каардуу душманы бар экенин нацизм менен күрөш жүрүп жатканын жакшы түшүнгөн. Мындан улам СССР менен Германиянын ортосунда түзүлгөн расмий билдирүүлөрдү, формалдуу протоколдук ноталарды олуттуу кабыл алууга эч негиз жок. СССР соода жана техникалык кызматташуу жаатында башка өлкөлөр менен да иштеген. Ал эми Гитлер СССРди Улуу Британия менен каршылаштырууга бир топ аракет жасаган, бирок мындан майнап чыккан эмес.

Советтер Союзун бирге аракеттенүүгө мажбурлоо аракетин Гитлер Молотовдун 1940-жылдын ноябрында Берлинге жасаган сапары учурунда жасайт. Бирок Молотов Сталиндин айтканын кыйшаюусуз аткарып, немецтердин Германия, Италия жана Япония союзуна СССРди кошуу демилгеси тууралуу гана жалпы сөздөн өтпөйт. Бул союз 1940-жылы сентябрда Улуу Британия менен АКШга каршы келишим түзгөн эле. 17-ноябрда Молотов Лондондо жүргөн советтик өкүл И.Майскийге: "Берлинде эч кандай келишим түзүлгөн эмес, түзүлбөйт да болчу. Иш... пикир алмашуу менен чектелди... Немецтер менен япондор бизди Перс куймасы менен Индия тарапка түртүп жиберүүгө абдан кызыкдар. Биз бул маселени талкуулоодон баш тарттык, себеби Германия тараптан мындай кеңештер орунсуз деп эсептейбиз", — деп айтканы бекер эмес.

Ал эми 25-ноябрда советтик жетекчилик бул ишке таптакыр чекит койду: германиялык аскерлерди Финляндиядан алып чыгып кетүү, СССР менен Болгария жана башка мамлекеттер ортосундагы өз ара жардам көрсөтүү боюнча келишимдер сыяктуу нацисттер кабыл ала албай турган шарт коюп, Пактыга кошулуу ммүкүнчүлүгүн биротоло жок кылды. Мындай позиция фюрердин СССРге каршы согуш ачуу ниетин бекемдейт. Декабрда эки фронтто согушуунун кесепети тууралуу айткан стратегдеринин тилин албай Гитлер "Барбаросса" планын бекитет.

Мунун баарын ал Советтер Союзу Европа чөлкөмүндө ага каршы турган негизги күч экенин билип туруп жасаган. Алдыдагы кармаш дүйнөлүк согуштун кандай бүтөрүн көрсөтмөк. Ал эми Москваны тез эле багындырып аларынан ал эч күмөн санаган эмес.

Түркөйлүкпү же... Освенцим туткундарын куткарууну неге америкалыктарга ыйгарышат? - Sputnik Кыргызстан
Түркөйлүкпү же... Освенцим туткундарын куткарууну неге америкалыктарга ыйгарышат?
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе: батыш мамлекеттери ал учурда советтик аракеттер менен толук макул болуп, Советтер Союзунун умтулуусун өзүнүн коопсуздугун камсыздоо деп таанышкан. Ошентип, 1939-жылдын 1-сентябрында ошол кездеги Британия мыктысы Уинстон Черчилль радиодо сүйлөп жатып "Россия жеке кызыкчылыктарынын кансыз саясатын жүргүзүп жатат... Россияны нацсисттердин кооптуулугунан коргоо үчүн орус армиясынын бул линияда [батыштык жаңы чек арада] турганы зарыл болчу", — деген.

1939-жылы 4-октябрда Лорддор палатасында Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Галифакс "Эске салып коюу керек, советтик өкмөттүн кадамы чек араларды Версаль конференциясында лорд Керзон айткан линияга өткөрүү аракети. Мен болгону тарыхый фактыларды гана келтирип жатам жана алар талашсыз деп ойлойм", — деген ал.

Британиялык белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Ллойд Жорж да баса белгилеп, "Орус армиясы Польшанын жери болбогон, бирок Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин күч менен басып алган аймактарды ээледи... Орустардын кыймылын немистердин кыймылы, жүрүшү менен тактайдын бетине бир коюш акыл-эссиз жасалган кылмыш акты болуп калмак", — деген ал. Советтик өкүлү Майский менен расмий эмес болгон аңгемелешүүдө жогору кызматтагы аткаминерлер менен дипломаттар ачыгыраак айтышкан. Улуу Британиянын ТИМ жетекчиси Батлер 1939-жылдын 17-сентябрында "Англиянын өкмөттүк чөйрөсүндө Батыш Украина менен Белоруссиянын Польшага өткөрүп берилүүсү боюнча эч кандай маселе көтөрүлбөшү керек", — деген пикирин билдирген.

"Эгерде өтө чоң эмес этнографиялык Польшаны түзүүгө мүмкүн болсо, СССР, Германия эле эмес, бирок Англия жана Франция, андан сырткары британиялык өкмөт да өзүн толук канааттандырарлык деп эсептеп калмак", — деген ал.

1939-жылдын 27-сентябрында Чемберлендин кеңешчиси Вильсон "Польша ... өзүнүн базасында өз алдынча мамлекет катары кайра калыбына келтирилиши керек. Бирок ал Батыш Украинасыз жана Белоруссиясыз болгону жакшы", — деген.

Мындай кептер советтик-британдык мамилелердин жакшырышы үчүн өбөлгө түзүүгө жасалган аракеттен улам чыкканын айта кетүү керек. Бул алакалар келечектеги союздаштыктын жана антигитлердик коалициянын негизин түптөгөн.

СССРге ичи чыкпаса да, алысты көрө билүүчүлүгү менен саясатчылар арасынан Черчилль айырмаланып турган. 1939-жылдын май айында палатада ал "Агрессияга карата ири, улуу союз түзбөсөк, абдан коркунучтуу абалда калабыз. Советтер Союзу менен кызматташуудан баш тартсак, ал биздин эң ири наадандыгыбыз болот", — деген.

Европада согуш оту тутангандан кийин 1939-жылдын 6-октябрындагы Майский менен болгон жолугушууда ал ишенимдүү түрдө өзүнүн пикирин билдирген.

"…Улуу Британия менен СССРдин ортосунда эч кандай олуттуу деле касташуу, пикир келишпөөчүлүк жок. Эгерде болсо, аны чыңалган жана канааттандырбаган мамиле катары карабаш керек. Британиялык өкмөт... соода мамилелерин өнүктүрүүнү каалайт. Ал эки тараптуу мамилени жакшырта турган кандай чараларды талкуулаганга даяр", — деген Черчилль.

Экинчи дүйнөлүк согуш кокусунан башталган эмес. Германиянын Польшага карата агрессиясы да кокусунан болгон эмес эле. Бул ошол кездеги дүйнөлүк саясаттын бир катар тенденциялары менен факторлорунун жыйынтыгы. Согушка чейинки окуялардын баары бир чынжырга чиркелген. Бирок адамзат тарыхындагы эң чоң трагедияга мамлекеттик өзүмчүлдүк, коркоктук, улам күчтөнүп келе жаткан агрессорго жасалган кошомат, саясий элитанын компромисс издөөгө жөндөмсүздүгү себеп болду.

Андыктан нацисттик тышкы иштер министри Риббентроптун Москвага жасаган эки күндүк сапары Экинчи дүйнөлүк согушту шарттаган башкы себеп деп айтуу туура эмес. Алдынкы өлкөлөрдүн баары ар кыл даражада согуштун башталышы үчүн жоопкер. Ар бири озуп чыгам деп куйтулук менен оңдолгус ката кетирген. Ар бири өзүн коргоп, болбосо жакындап келе жаткан кайгылуу окуялардан оолак болгусу келген. Мындай мурдунан алысты көрө билбегендик, жамааттык коопсуздук системасын түзүүдөн баш тартуу миллиондогон адамдын өмүрүнө забын болду, оор жоготууларга учуратты.

Менин соттун вазийпасын алып кимдир-бирөөнү айыптап же актап, болбосо тарыхый айдыңда эл аралык маалыматтык пикир келишпестиктин жаңы толкунун жаратайын деген кыпындай да ниетим жок. Өткөн окуяларга туура баа берүү менен ар кыл өлкөдөгүнү кадыр-барктуу окумуштуулардан турган академиялык топ алектениши керек деп эсептейм. Баарыбызга чындык жана объективдүүлүк керек. Мен өз кезегимде кесиптештеримди куру кыйкырыктан алыс, ишеним жараткан диалогго, жалпыбызга таандык өткөн чакка акыйкат кароого чакырып келем. Мындай мамиле ошол учурда кетирилген кемчиликти кайталабай, келечекке карай бакубат өсүп-өнүгүүнү шарттайт.

Өлбөс полктун онлайн трансляциясын көрүп жаткан адам - Sputnik Кыргызстан
"Өлбөс полктун" онлайн түрүн 20 миллион адам көрдү
Бирок биздин бир катар өнөктөштөрүбүз азырынча биргелешип иштөөгө даяр эмес. Тескерисинче, өз максаттарын биринчи планга коюп, биздин өлкөгө каршы болуп көрбөгөндөй маалыматтык чабуул жасап, актантып, күнөөлүү сездирүүгө мажбурлап, туура эмес экени ачык эле көрүнүп турган саясатташкан декларацияларды кабыл алууда. Мисалы, 2019-жылдын 19-сентябрында Европа парламенти тарабынан жактырылган "Европанын келечеги үчүн тарыхый окуяны эсте сактоонун маанилүүлүгү тууралуу" резолюцияда Дүйнөлүк экинчи согуштун тутанышына нацисттик Германия менен катар эле СССР да себепкер экени түз эле айтылат. Албетте, Мюнхен тууралуу бир да сөз жок.

Мындай "кагаздар", бул резолюцияны документ деп айтууга да ооз барбайт, ызы-чуу чыгарууга багытталып, реалдуу кооптуулук жаратат. Анткени аны кадыресе абройлуу орган кабыл алды да. Натыйжада эмнеге күбө болдук? Айтууга оор болсо да, согуштан кийинки куралган, түптөлгөн түзүлүштү кыйратуу боюнча саясат жүрүп жатканы анык. Эми ошол эбегейсиз ири түзүлүштүн башатында туруп, бул ишти жоопкерчилигим, ар-намысым деп эсептеген өлкөлөр бүгүн чагымчыл декларацияга кол коюп отурушат. Муну менен алар Нюрнберг трибунасынын тыянагына, 1945-жылдан кийин дүйнөлүк коомчулук биргеликте түзгөн универсалдык институттарга кол көтөрүштү. Европа интеграциясынын өзү, анын жүрүшүндө жаралган тийиштүү структуралар, ошол эле Европа парламенти да ошол өткөн чактан алынган сабактардан, анын так берилген укуктук жана саясий баасынан улам пайда болгон. Бул консенсусту билип туруп күмөн санагандар согуштан кийинки Европанын негизин талкалап жатат.

Бул көрүнүштүн жалпы дүйнө түзүлүшүнүн фундаменталдык принциптерине келтирген кооптуулугунан тышкары моралдык жана нравалык да жагы бар. Өткөндү шылдыңдоо. маскаралоо — бул барып турган карасанатайлык. Ал айрым учурда атайылап жасалат. Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктоосунун 75 жылдыгына байланышкан билдирүүлөрдө антигитлердик коалициянын бардык катышуучулары аталып, СССРдин четте калышы буга ачык мисалы. Карасанатайлык кээде этекке жашырынып коркоктук менен жасаларын акылга сыйбас аракеттерин оккупацияга каршы ураандары менен актоого жасаган кадамдардан көрдүк. Карасанатайлык кандуу болорун неонацисттерге жана бандерчилердин мураскерлерине каршы чыккандардын өлтүрүлүп, өрттөлүп жатышы ачыктады. Карасанатайлык ар кандай өңүттө болорун кайталайм, анын баары өтө эле жийиркеничтүү.

Тарых сабактарынын унутта калышынын куну өтө оор болот. Биз документалдык жактан тастыкталган тарыхый фактыларга негизделген чындыкты коргоп, Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу ачык айтууну улантабыз. Россияда Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы жана согушка чейинки мезгилди чагылдырган архивдик документтердин, кино- жана фотоматериалдардын ири коллекциясын түзүү боюнча масштабдуу долбоор да ушуга багытталган.

Бул жаатта иш жүрүп жатат. Жакында эле табылып, ачыкталган жаңы материалдарды ушул макаланы жазууда колдондум. Мындан улам СССРдин Германияга каршы согуш ачуу ниети тууралуу версияны тастыктаган бир дагы архивдик материал жок экенин ишенимдүү айта алам. Ооба, СССРдик аскердик жетекчилиги баскынчылык аракеттер болсо Кызыл Армия каршылык көрсөтүп, чабуулга өтүп, душмандын жеринде согуш жүргүзөт деген доктринаны карманган. Бирок мындай стратегиялык пландар биринчи болуп Германияга кол салуу ниетин билдирген эмес.

Бүгүнкү күндө тарыхчылардын колунда согуштук пландоонун, советтик жана немецтик штабдардын директивалары бар. Окуя кандай болгонун эми чындап биле алабыз. Ушул өңүттөн алып караганда көпчүлүк өлкөнүн саясий жетекчилигинин кетирген каталарын, туура эмес кадамдарын талкуулап жатат. Мен бир нерсе айткым келет: советтик лидерлер түркүн жалган маалымат менен катар нацисттердин басып алууга даярданып жатканы туурасында да кабардар болушкан. Мындан улам согуш алдындагы айларда өлкөнүн аскерий даярдыгын чыңдоо үчүн бир топ чараларды көрүшкөн.

Согуш күтүүсүз башталган эмес, ага даярдык жүргөн. Бирок нацисттердин соккусу дегеле тарыхта болуп көрбөгөндөй күчкө ээ эле. 1941-жылдын 22-июнунда Советтер Союзу дүйнө жүзүндөгү өтө күчтүү, даярдыгы мыкты, жалпы Европанын өнөр жай, экономикалык жана аскерий потенциалы иштеген армияга туш болду. Бул кыйратуучу согушка Германиянын вермахты жана сателлиттери эле эмес, көптөгөн Европа өлкөлөрүнүн аскер контингенти да катышкан.

1941-жылдагы жеңилүү өлкөнү катастрофага кептеди. Аскерий жөндөмдүүлүктү, башкарууну калыбына келтирүү өзгөчө ыкма менен, жалпы мобилизация, СССРдин жалпы элинин күчү менен ишке аша баштады. Ошол эле 41-жылдын жай айларында согуш оту күйүп жаткан кезде өлкөнүн чыгыш бөлүгүнө миллиондогон жарандар, жүздөгөн завод-фабрикалар эвакуцияланды. Кыска мөөнөттө оорукта курал, ок-дары чыгаруу жөнгө салынып, ошол кышта эле майданга жөнөтүлө баштады. Ал эми 1943-жылы аскер өндүрүшүнүн көлөмү Германия менен анын тарапташтарын артка калтырган. Бир жарым жылдын ичинде совет эли фронтто да, тылда да эбегейсиз, дээрлик колдон келбей турган ишти жасады. Ушу кезге чейин ал күжүрмөн аракеттер канчалык күчтү, эрдикти, берилгендикти талап кылганын элестетүү кыйын.

Нацисттердин тишине чейин куралданган машинасына жерин коргоп, тынч жашоону, жаркын келечекти кыйраткан душмандан өч алуу үчүн бириккен совет элинин бир муштумга түйүлгөн эрдиги каршы чыкты.

Албетте, кан майдандын жүрүшүндө корккон, алапайын таппай калган адамдар да болду. Чыккынчылык, дезертирлик, улуттук тарыхты, каада-салтты тебелеп кеткендер да кездешкен. Бирок жалпы совет элинин, мекендештерибиздин максаты — Ата Мекенди коргоо, сактап калуу эле. Адамдар патриоттук баалуулуктарга таянган.

Атчан гвардиячылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атчан аскерлердин фронттон окуучуларга жазган каты. Архивди барактап
Нацисттик "стратегдер" көп улуттуу чоң мамлекетти тез эле басып алабыз деп ишенишкен. Күтүүсүз башталган согуш, кан-булоон, оор шарт улут аралык мамилеге доо кетирет дешип, өлкөнү бөлүп салууга болот деп эсептешкен. Гитлер ачык эле: "Биздин саясат Россиянын кең аймагын ээлеген элдин арасындагы бардык пикир келишпестикти, ыдыроосун колдоп, кубаттоого багытталышы керек", — деп айткан.

Бирок согуш башталган биринчи күндөн тарта эле нацисттердин планы ишке ашпай калганы айкын болгон. Брест чебин отуздан ашык улуттун жоокерлери кашык каны калгыча коргогон. Ири салгылашууда да, ар бир плацдармды, Ата Журттун ар бир чарчы метр жерин коргоодо да ушундай эрдикке, биримдикке күбө болобуз.

Эвакуациялоого туш болгон миллиондогон адам үчүн Поволжье, Урал, Сибирь, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия жана Кавказ республикалары өз тууган жериндей болуп калды. Жергиликтүү тургундар көчүп келгендерге колунан келишинче колдоо көрсөткөн. Элдердин достугу, бири-бирине көрсөткөн жардамы душман үчүн буза алгыс, өтө алгыс чепке айланды.

Бүгүнкү күндө кандай гана сөздөр айтылбасын, нацизмди кыйратууда Советтер Союзу, Кызыл Армия эбегейсиз, негизги күч болгон. Курчоого алынган Белосток менен Могилев, Умань менен Киев, Вязьма жана Харьковдо салгылашкан, Москва менен Сталинград, Севастополь менен Одесса, Курск менен Смоленскинин алдында чабуулга өткөн, Варшава, Белград, Вена, Праганы бошоткон, Кенисберг менен Берлинди алган баатырлардын салымы зор.

Биз согуш тууралуу нукура, кооздолбогон чындык тарабындабыз. Ачуу, каардуу болгон элдик, адамдык бул чындыкты бизге тозок отунан өткөн жазуучулар менен акындар жеткирди. Алардын акыйкаттуу, мааниси терең повесть, романдары, "лейтенанттык проза" менен поэзиясы менин муунумдун жана башка муун өкүлдөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты, Жеңиш үчүн колунан келгенин да, келбегенин да жасаган ардагерлерди урматтоо, согуш талаасында калгандарга таазим этүү бизге керээз болуп калды.

Мындан улам Александр Твардовскийдин фронттун борбордук бөлүгүндө жүргөн согуш катышуучуларына арналган "Я убит под Ржевом..." ырынын жөнөкөй, ошол эле учурда мааниси укмуштуудай саптары ойлондурбай койбойт. Ржев шаары үчүн болгон согушта эле 1941-жылдын октябрынан 1943-жылдын мартына чейин Кызыл Армия 1 миллион 342 миң 888 адамынан айрылган. Булардын арасында жарадарлары да, дайынсыз кеткени да бар. Мен бул архивдик маалыматтардан чогултулган трагедиялуу санды биринчи жолу ачыктап жатам. Муну менен белгилүү да, белгисиз да баатырларыбызга таазим этмекчимин. Согуштан кийинки мезгилде ар кандай себептер менен бул адамдар тууралуу калыстыкка жатпаган сөздөр айтылып келген эле.

Дагы бир документке токтолоюн. Бул И.Майский башында турган Германия менен репарация боюнча эл аралык комиссиянын 1945-жылдын февралында даярдаган доклады. Комиссия согушта жеңилүүгө дуушар болгон Германиянын жеңүүчү державаларга келтирген зыянды кантип толтурарын аныктаган формуланы иштеп чыгышы керек эле. Натыйжада ал "Германиянын советтик фронтко жөнөтүлгөн кишинин саны жана согуш жүргөн күндөр башка союздук фронтторго караганда 10 эсе көп болгон" деген тыянакка келген. Жалпысынан СССРдин үлүшүнө антигитлердик коалиция аракетинин 75 пайызы туура келген. Согуш жылдарында Кызыл Армия өлкөлөрдүн 626 дивизиясын талкалаган, анын 508и германиялык эле.

1942-жылдын 28-апрелинде Рузвельт америка улутуна кайрылып жатып: "Орус армиясы бириккен улуттарга караганда жалпы душманыбыздын учактарын, танктарын, замбиректерин көбүрөөк жок кылды" деп айткан. Ал эми Черчилль 1944-жылдын 27-сентябрында Сталинге жазган катында: "Дал орус армиясы Германиянын аскердик машинасын кыйратып жок кылганын..." белгилеген.

Мындай баа жалпы дүйнө жүзүнүн колдоосуна ээ болгон. Анткени бул сөздөрдө эч ким эч качан күмөн санабаган чындык бар эле. Фронтто, немец туткунунда, ачкачылыктан, соккудан, нацисттик өлүм лагерлеринде 27 миллионго жакын советтик жаран каза тапкан. СССР ар бир жетинчи жаранынан, Улуу Британия 127 кишинин бирөөсүнөн, АКШ 320 жаранынын бирөөсүнөн айрылган. Тилекке каршы, бул Советтер Союзунун жоготуусунун жеткен чеги эмес. Курман болгондордун баарынын — Кызыл Армия жоокерлеринин, партизандардын, концлагерь туткундарынын, карателдер жок кылган жай тургундардын аты-жөнүн, тагдырын аныктоо боюнча арбын жумуш бар, бул биздин ыйык милдет. Мында издөө кыймылынын, аскерий патриоттук жана ыктыярчылар бирикмелеринин, архивдик документтердин негизинде түзүлгөн маалыматтардын электрондук базасы сыяктуу долбоорлордун эмгеги зор. Анан, албетте, мындай маселени чечип жүзөгө ашырууда эл аралык тыгыз кызматташуу зарыл.

Жеңишке душманга каршы турган элдердин жалпы аракети жеткирген. Британия армиясы өз мекенин баскынчылыктан коргоп, нацисттер жана алардын сателлиттери менен Жер ортолук деңизде, Түндүк Африкада согушту. Америкалык жана британиялык жоокерлер Италияны бошотуп, Экинчи фронтту ачышкан. АКШ Тынч океанда каршылашка катуу сокку урган. Биз кытай эли япон милитаристтерин жок кылууда кандай жоготууларга учураганын жакшы билебиз. Капитуляцияга баш бербей, нацисттер менен каршылашууну уланткан Франция жоокерлеринин эрдиги да унутта калбайт.

Рейхстагдын үстүнөндө Кызыл туу желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
Биз Кызыл Армияны ок-дары, сырье, азык-түлүк, техника менен камсыздап, жардам берип турган союздаштарга дайым ыраазычылык билдирип келебиз. Көмөк да олуттуу болчу — Советтер Союзунун аскер өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн жети пайызы дал ушул жардам аркылуу келген.

Антигитлердик коалициясынын өзөгү Советтер Союзуна жасалган чабуулдан кийин эле түзүлдү. Мында СССРди дароо АКШ менен Улуу Британия колдоп чыкты. 1943-жылы өткөн Тегеран конференциясында Сталин, Черчилль жана Рузвельт улуу державалардын альянсын негиздеп, коалициялык дипломатия жана жалпы коркунучка каршы туруу стратегиясын иштеп чыгууга макулдашышкан. Ири үчтүктүн лидерлери СССР, АКШ жана Улуу Британиянын өнөр жай, ресурстук, ошондой эле аскерий потенциалын бириктирүү душманга үстөмдүк кылууга өбөлгө болорун мыкты түшүнгөн.

Советтер Союзу өз милдетин толук аткарды, керек учурда дайым кол сунууга даяр эле. Буга Белоруссиядагы "Багратион" операциясында Кызыл Армиянын англо-америкалык десанттын Нормандияга түшүүсүнө колдоо көрсөткөнү ачык далил. 1945-жылдын январында Одерге кирип барып, биздин жоокерлер вермахтын Батыш фронттогу акыркы чабуулу болгон Арденнаны бошоткон. Германияны жеңгенден кийинки үч айдан соң СССР Ялта макулдашуусуна ылайык Японияга согуш жарыялап, миллиондоп саналган Квантун армиясына болуп көрбөгөндөй сокку урган.

1941-жылдын июлунда эле совет жетекчилиги "фашисттик баскынчыларга каршы согуштун максаты кооптуулукту жоюу эле эмес, германиялык фашизмдин эзүүсүндө калган Европа элдерине жардам берүү" экенин жар салган. 1944-жылдын орто ченинде душман Советтер Союзунун аймагынан куулуп чыккан. Ошого карабастан аны түп тамырынан бери жок кылуу керек эле. Мындан улам Кызыл Армия Европада боштондукка чыгаруу миссиясын баштап, бүтүндөй элдерди жок болуудан, Холокосттон сактап калды. Жүз миңдеген советтик жоокердин каны менен сактап калды.

СССРдин жаңыдан бошотулган өлкөлөргө көрсөткөн материалдык жардамын, ачкачылыктан арылууда, экономика менен инфраструктурасын калыбына келтирүүдөгү көмөгүн да унутта калтырууга болбойт. Өзү согуш азабынан жаңыдан баш көтөрүп келе жаткан маалда да жардам берген. Мисалы, 1945-жылы Австрия өкмөтү СССРге кайрылып, "түшүм быша турган алдыдагы жети апта аралыгында элин кантип тойгузарын билбей" жатканын айтып, азык-түлүк жагынан жардам сураган. Совет жетекчилигинин тамак-аш жөнөтүүгө макул болушун Австрия республикасынын убактылуу өкмөтүнүн мамлекеттик канцлери К. Реннер "австриялыктар эч качан утунпай" турган "куткаруучу акт" деп мүнөздөгөн.

Союздаштар нацисттик саясий жана аскерий кылмышкерлерди жазалоочу Эл аралык аскерлик трибунал түзүшкөн. Анын чечиминде геноцид, этникалык жана диний тазалоо, антисемитизм жана ксенофобия сыяктуу адамзатка каршы багытталган кылмыштарга укуктук квалификация берилген. Нюрнберг трибуналы нацисттерге жардам берген шериктерин да жазалаган.

Мындай уяттуу көрүнүш Европанын бардык мамлекеттеринде кездешкен. Петен, Квислинг, Власов, Бандера сыяктуу "ишмерлер", алардын жолун улагандар улуттук көз карандысыздык үчүн же коммунизмден боштондук үчүн күрөшүмүш болгону менен даана чыккынчылар ошолор эле. Адамгерчиликке жатпаган кылык-жоруктары боюнча кээде кожоюндарынан ашып түшүшчү. Кошоматтын айынан карателдик топтордун курамында таптакыр акылга сыйбаган жапайы тапшырмаларды аткарышчу. Бабия Яр, Волындагы кагылышуу, өрттөлгөн Хатынь, Литва менен Латвиядагы еврейлерди тукум курут кылуу акцияларынын баары ошолордун мойнунда.

Бүгүнкү күндө биздин позиция эч өзгөрбөйт: нацисттерге жардам бергендерди актай турган эч себеп жок, алардын кылмыштары эскирип кетпейт. Мындан улам айрым өлкөлөрдө нацисттер менен кызматташып, кадырын түшүргөндөр кокус эле Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине теңелип калганы өтө кызык. Элди боштондукка чыгаргандар менен оккупанттарды бир катарга коюу дегеле мүмкүн эмес деп эсептейм. Ал эми нацисттердин көмөкчүлөрүн баатырлаштырууну биздин ата-бабаларыбыздын эмгегине, төккөн канына чыккынчылык деп баалайм. Нацизм менен күрөшүүдө канчалаган элди бириктирген идеалдарга чыккынчылык деп айтам.

Ал кезде СССР, АКШ жана Улуу Британия жетекчилигинин алдында тарыхый маселе турган эле. Сталин, Рузвельт, Черчилль идеологиясы башка, мамлекеттик багыты, кызыкчылыгы, маданияты бөлөк экенине карабай, болуп көрбөгөндөй саясий эрк менен пикир келишпестиктерди артка калтырып, дүйнө кызыкчылыгын баарынан жогору коё алышкан. Натыйжада бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бүтүндөй адамзатты жеңишке жетелеген чечимге келишкен.

Жалпы жеңиш: жакынкы чет өлкөдөгүлөрдүн 9-Майды белгилеген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жалпы жеңиш: жакынкы чет өлкөдөгүлөрдүн 9-Майды белгилеген видеосу
Жеңүүчү-державалар бизге бир нече кылымга интеллектуалдык жана саясий умтулууларга квинтэссенция болчу система калтырып кетишти. Тегеран, Ялта, Сан-Франциско, Постдам конференциялары пикир келишпестиктерге карабай 75 жылдан бери дүйнө эч согушу жок эле жашап жатат.

Азыр Батышта пайда болгон тарыхый ревизионизм, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуш темасына келгенде өтө курч болуп турат, одоно түрдө 1945-жылы Ялта жана Сан-Франциско конференцияларында түптөлгөн тынч жол менен өнүгүү принциптерин бузууда. Ялта жана башка чечимдердин эң башкы тарыхый жетишкендиги — ири державалардын ортодо пайда болгон пикир келишпестиктерди чечүүдө дипломатия чегинде калуусуна мүмкүнчүлүк берген механизм түзүүгө макулдашуу.

ХХ кылымда дүйнөлүк масштабдагы конфликтилер жаралды, ал эми 1945-жылы Жер планетасын жок кылчу күчкө эгедер өзөктүк курал да чыкты. Башкача айтканда, талаш маселелерди күч менен чечүү оголе кооптуу болуп калды. Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү муну абдан жакшы түшүндү. Түшүнүп, адамзат алдындагы жоопкерчиликти сезди.

Улуттар лигасынын тажрыйбасы 1945-жылы да эске алынган. БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасы тынчтык кепилдигин болушунча конкреттүү жана таасирдүү кыла алгыдай болуп түзүлгөн. Мындан улам Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн институту жана алардын жоопкерчилиги менен артыкчылыгы сыяктуу вето укугу пайда болгон.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги укук ветосу деген эмне? Бул ири мамлекеттердин тикелей кагылышуусунун жападан жалгыз акылга сыя турган альтернативасы. Бул беш державанын бири тигил же бул чечимге макул эместигин, бүтүм анын кызыкчылыгына каршы келерин жар салган билдирүүсү. Калган өлкөлөр буга макул эмес болсо да бир тараптуу нерсени таңуулай бербей аталган позицияны кабыл алат. Башкача айтканда, компромисс издөөгө аргасыз болот.

Глобалдуу карама-каршылык Экинчи дүйнөлүк согуш бүтөрү менен дароо башталды, айрым учурда өтө оор мүнөздө болду. Кансыз согуш үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетпегени Ири үчтүк түзгөн макулдашуунун натыйжалуулугун дагы бир ирет тастыктады. БУУну түзүүдөгү макулдашылган жүрүм-турум эрежеси тобокелчиликтерди болушунча азайтып, карама-каршылыкты көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берди.

Албетте, БУУ системасынын иши азыркы күндө анча натыйжалуу болбой жатканы байкалып турат. Бирок БУУ өзүнүн негизги функциясын мурдагыдай эле аткарууда. БУУнун коопсуздук кеңешинин иштөө принциби — бул чоң согуштун же глобалдуу конфликтинин алдын алуу боюнча уникалдуу механизми.

Акыркы убакта укук ветосун жоюу боюнча байма-бай айтыла калып жүрөт. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө ыйгарылган артыкчылыктарды жоюу жоопкерчиликсиз кадам. Эгер андай болуп кетсе, Бириккен Улуттар Уюму — өзөгү жок жолугушууларды өткөргөн, дүйнөлүк процесстерге таасир эте албаган Улуттар лигасына айланат. Аягы эмне менен бүткөнү баарыбызга маалым. Дал ошол себептен жеңүүчү державалар дүйнө түзүлүшүнүн жаңы системасына өтө олуттуу мамиле жасап, мурункулардын катасын кайталабоого аракет кылышкан.

Эл аралык мамилелердин азыркы системасы — Экинчи дүйнөлүк согуштун маанилүү жыйынтыктарынын бири. Таптакыр бет караштырбаган геосаясий, идеологиялык, экономикалык карама-каршылыктар да тынч жашап, кызматташууга жолтоо болбойт. Албетте, буга каалоо, анан эрк керек. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү оор мезгилди башынан кечирүүдө. Коомчулуктун, мамлекеттердин, керек болсо бүтүндөй континенттин жашоо негизи өзгөрүп жатат. Өткөн доордо мындай масштабдагы өзгөрүү күч колдонуусуз, кан төгүүсүз жүрмөк эмес. Союздаш державалардын саясий ишмерлеринин көрөгөчтүгү менен даанышмандыгынын аркасында дүйнөлүк өнүгүүгө мүнөздүү болгон атаандаштык деген көрүнүштү тизгиндеп келет.

Бои за высоту на правом берегу Днепра - Sputnik Кыргызстан
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны
Эми саясий жоопкерчиликти алган, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке ээ болгон державалардын милдети — ушул системанын сакталышына жана жакшыртылышына кепилдик берүү. Бүгүн 1945-жылдагыдай эле саясий эрк менен келечекти талкуулоо үчүн чогулуу керек. Кесиптештерибиз Си Цзиньпин, Макрон, Трамп, Жонсон мырзалар Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон беш өзөктүк мамлекеттин жолугушуусун өткөрүү боюнча Россиянын демилгесин колдоого алышты. Биз бул үчүн ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу жакын арада өтөт деген ишенимдебиз.

Болчу саммиттин күн тартиби кандай болот? Биздин оюбузча, биринчи кезекте дүйнөлүк иштерде жамааттык аракеттерди өнүктүрүү боюнча кадамдарды талкуулап, тынчтыкты сактоо, глобалдуу жана аймактык коопсуздукту бекемдөө, стратегиялык курал-жаракты көзөмөлдөө, террорчулукка, экстремизмге жана башка чакырыктарга каршы биргеликте туруу маселелери боюнча ачык сүйлөшүү зарыл.

Ал эми коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык каатчылыкты жеңүү, глобалдуу экономикадагы кырдаал бул күн тартибиндеги өзгөчө көңүл бура турган маселе. Биздин мамлекеттер элдин саламаттыгын сактоо, оор турмуштук кырдаалга тушуккан жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүп жатат. Бирок пандемиянын кесепети канчалык оор болору, глобалдуу экономиканын рецессиядан канчалык тез чыгары биздин өнөктөш катары ырааттуу, биримдикте иштөө жөндөмүбүзгө жараша чечилет. Ал эми экономиканы басым жасоонун жана карама-каршылыктын инструменти катары колдонууга жол берүүгө таптакыр болбойт.

Биз кайрыла турган темалардын дагы бири — бул айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү, ошондой эле глобалдуу маалымат айдыңынын коопсуздугун камсыздоо.

"Бештиктин" алдыда боло турчу саммитинин Россия сунуштаган күн тартиби биздин өлкөлөр үчүн да, жалпы дүйнө жүзү үчүн да өтө чоң мааниге ээ. Карала турган ар бир пункт боюнча конкреттүү идея жана демилгелерибиз бар.

Россия, Кытай, Франция, АКШ жана Улуу Британия саммити бүгүнкү күндүн коркунучтарына жана чакырыктарына жооп издөөдө олуттуу роль ойноорунда шек жок. Мындай ийри отуруп, түз кеңешүү тилектештикти, биздин ата-бабалар ийиндеше кан төгүп жетишкен баалуулуктарды сактай аларыбызды чагылдырат.

Жалпы басып өткөн тарыхыбыз бар, биз ошого таянуу менен бири-бирибизге ишенишибиз керек. Бул Жер планетасындагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө үчүн, бардык мамлекеттердин өсүп-өнүгүүсү үчүн ийгиликтүү сүйлөшүүлөргө, макулдашылган аракеттерге өбөлгө, негиз болот. Биздин бүтүндөй дүйнө алдында, азыркы жана келечек муун алдындагы жалпы милдет, парз, жоопкерчилигибиз дал ушунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0