Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сүйүнтбеков: автоунаанын кышкы дөңгөлөгүн үч жыл колдонсо болот

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа сатып ишкерлик кылган Үмүтбек Сүйүнтбеков
Автоунаа сатып ишкерлик кылган Үмүтбек Сүйүнтбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа сатып ишкерлик кылган Үмүтбек Сүйүнтбеков автокөлүктүн дөңгөлөгүн жыл мезгилине карата алмаштырып колдонуу зарыл экендигин белгиледи.
Сүйүнтбеков: автоунаанын кышкы дөңгөлөгүн үч жыл колдонсо болот
Автоунааны техникалык кароодон өз учурунда өткөрүп туруу абзел. Өзгөчө, автокөлүктүн дөңгөлөгүнө туура кам көрүлсө көп кырсыктын алдын алып, адам өмүрүнө кедергисин тийгизбейт. Мындай оюн Үмүтбек Сүйүнтбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дөңгөлөк тандоодо чыгарылган жылына, сапатына жана баасына басым жасалышы кажет.
"Биринчиден, дөңгөлөктөргө маани бериш керек. Начар болсо өзүбүздүн гана эмес, башкалардын да жашоосуна кооптуу. Дөңгөлөктөрдү жыл мезгилине жараша өз убагында алмаштыруу керек. Аны туура тандоо да абдан маанилүү. Мындан тышкары, автоунаанын бардык суюктуктарын өз мөөнөтүндө куюп, жаңыртып, техникалык кароодон өткөрүп туруу зарылдыгы бар. Мисалы, антифризди жылына бир жолу алмаштырып, көзөмөлдөп туруу керек, — деди Сүйүнтбеков.
Ал, ошондой эле, кандай гана автоунаа болбосун, убагында техникалык көзөмөлдөн өткөрүп кам көрсө, узак мөөнөткө кызмат кыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0