https://sputnik.kg/20200802/probaciya-organdaryna-yktyyarchylar-tartylat-1049196695.html
Романов: пробация органдары эми ыктыярчылар менен иштешет
Романов: пробация органдары эми ыктыярчылар менен иштешет
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов пробация органдары эми ыктыярчылар менен кызматташа... 02.08.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-08-02T11:52+0600
2020-08-02T11:52+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104709/95/1047099523_0:33:3067:1768_1920x0_80_0_0_8a7abce2e753dc4d0ba3905e1fa409ee.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104709/95/1047099523_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_0117b7f6f614210be689565d39cef674.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, руслан романов
коом, кыргызстан, руслан романов
Романов: пробация органдары эми ыктыярчылар менен иштешет
11:52 02.08.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов пробация органдары эми ыктыярчылар менен кызматташа тургандыгын айтты.
Пробация органдары эми ыктыярчыларды кызматташууга чакырат. Алар ар кайсы багыттар боюнча кабыл алынат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосунана маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир ыктыярчы 10дон ашпаган пробация кардары менен иштеше алат.
"Пробация органдары ыктыярчыларды катарына тартат. Бул боюнча атайын буйрук бар. Анын негизинде ыктыярчылар түрдүү багыттар боюнча биз менен иштеше алат. Мисалы, ошол эле психологдор ыктыярчы болуп пробация органдары менен кызматташса болот. Мындан сырткары, кардарга жумуш же окуу курстарын табууда ыктыярчылардын жардамы керектелет. Айтор кайсы гана тармак болбосун, пробация кардарын андан ары кылмыш дүйнөсүнө азгырылып кетпөөгө, туура жашоого үндөгөн бардык иш-аракеттерде өз жардамын аябаган ыктыярчылар менен иштешүүгө даярбыз", — деди Романов.
Молдокул уулу: пробация кардарлары санитардык кызматтарды аткарууда
Ал ыктыярчылар менен кызматташуу боюнча Юстиция министрлигинин биринчи буйругу ушул жылдын 15-июнунда жарык көргөнүн кошумчалады.