11:54 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Арпачиев: 2020-жылы Кыргызстанда допингге каршы конгресс өтөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
31 0 0

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев 2020-жылы Кыргызстанда Азия жана Океания өлкөлөрүнүн катышуусунда допингге каршы атайын конгресс өтөрүн айтты.

2010-жылы 1-июлда убактылуу өкмөт тарабынан атайын декрет кабыл алынып, спортчулардын допинг колдонуусуна каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенция ратификацияланган. Бул тууралуу Канат Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спортчулардын кызытма колдонуусуна каршы жана допинг пайдаланган спортчулардын жоопкерчилиги боюнча бир да мыйзам же токтом жок. Ошол себептен мыйзам долбоору иштелип чыккан жана ал бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Эгер аталган мыйзам күчүнө кирсе, допинг колдонгон спортчуларга тийиштүү чаралар көрүлөт.

"Кыргызстан спортчулардын допинг колдонуусуна каршы уюштурулган эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлдеги бардык иш-чараларга катышып келет. Анткени учурда кызытма колдонгон спортчуларга катаал чаралар колдонулуп, алардын эл аралык жана дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктери жокко чыгарылууда. Бул багытта быйыл Азия жана Океания өлкөлөрүнүн катышуусунда допингге каршы атайын конгресс өткөрүүнү пландоодобуз. Республикада мындай жогорку даражадагы иш-чара биринчи жолу өтөт. Ошондой эле спортчулардын кызытма колдонуусуна каршы жана допинг пайдаланган спортчулардын жоопкерчилиги боюнча атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып Жогорку Кеңешке жибергенбиз. Ал долбоор эгер улуттук курама команданын мүчөсү допинг колдонуп кармалса, анын даярдыгына кеткен жана өлкөдөн сырткаркы мелдештерге барып келүүсүнө жумшалган чыгымдардын баарын кайра мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттендирет", — деди Арпачиев.

Ал ошондой эле учурда улуттук курама командадагы спортчулар 250дөн ашуун медициналык препараттарды колдонушарын жана алар жыл сайын өзгөрүп турарын айтып, аталган конгрессте кызытмалардын кайсынысын колдонууга уруксат бар экендиги такталарын кошумчалады.

Тема боюнча

Арпачиев: 2020-жыл үчүн спорт тармагына бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү
Арпачиев: Нарында хоккей, тоо лыжа мектептери ачылды
Белгилер:
конгресс, жоопкерчилик, допинг, спорт

ЭҢ МААНИЛҮҮ