Контейнерде окуган балдар. Өкмөт элдин жардамынан баш тартты

© Sputnik / Эмиль СадыровМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан маалыматта акыркы үч жылда өлкө аймагына 220 мектеп, 16 бала бакча курулганы белгиленет.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылына мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси менен чыккан активисттерге ыраазычылык билдирип, аталган маселени өз алдынча чече турганын билдирди.

Полномочный представитель правительства КР в Нарынской области Аманбай Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматтан кеттиби? Кайыповдун жообу
Белгилей кетсек, быйыл Кеңеш айылынын балдары окуу жылды контейнер мектепте башташкан. Ачылыш салтанаттын, ага катышкан аткаминерлердин сүрөтү социалдык тармакка жарыяланып, мындай жагдай коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан. Айрымдар мектеп салууну демилгелеп, курулуш материалдарын, акча каражатын чогулта баштаган. 

Кийинчерээк өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү мектептин имараты авариялык абалда болгону үчүн балдардын коопсуздугун сактоо максатында алты мобилдик үй алып келинип, балдар ошондо окутула баштаганын билдирген. Ал эми аткаминерлер салтанатка түзүлгөн кырдаалга түшүндүрмө берүү үчүн барганы айтылган.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан маалыматта акыркы үч жылда өлкө аймагына 220 мектеп, 16 бакча курулганы белгиленет. Быйыл 1-сентябрга карата 14 мектеп пайдаланууга берилсе, жыл аягына чейин дагы 27 окуу жайдын курулушу аяктамакчы.

"Учурда бул маселеге өзгөчө маани берилип жатат. Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок кыргыз өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылына орто мектеп куруу маселесин чечет. Орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, билдирүүдө өкмөт өз алдына жакынкы жылдары авариялык мектептер маселесин толук чечүү милдетин койгону кошумчаланган. Ага ылайык, коюлган максатка жетүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0