Эми качан эс алабыз? Өкмөттүн токтому

Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги азырынча өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизилбей турганын айтты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кыргызстандыктар эми ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.

Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Мындан ары күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
7, 8, 9 жана 10-ноябрь эс алуу күнү болот. 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болсо, 9-10-ноябрь ишемби жана жекшемби күндөргө туура келет.

Андан сырткары, өкмөттүн эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. Анткени 31-август - Эгемендик күнү ишемби күнгө туура келсе, 1-сентябрь - Билим күнү жекшембиге туш болот.

Ал ортодо Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу сөз боло электигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0