2019-жылы эс ала турган күндөр. Календарь

Жазылуу
Кыргызстандыктар 2019-жылы адаттагы ишемби менен жекшембиден сырткары 11 күн эс алат. Керек учурунда издеп калбаш үчүн бул материалдын шилтемесин сактап коюуну сунуштайбыз.

Календарды карап алып эмнеге 25-февраль, 8-апрель, 2-сентябрь жана 6-май жумуш күнү болуп калды деген суроо жаралышы мүмкүн. Аны мындайча түшүндүрөбүз: андагы дем алыш күндөр 2-3-4-январга жана 10-майга жылдырылган. 

Өкмөт кыргызстандыктар 1-7-январь күндөрү жана 9-12-май күндөрү катары менен эс алышы үчүн ушундай чечимге келген.

Өкмөттүн токтому өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Андыктан жаңылыктарга көз жүгүртүп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0