Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршембиде көпчүлүк жерлерде жамгыр жаайт.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. 17-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +13…+18 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +15…+20 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын облусунда +14…+19 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +17...+19 градус болсо, Бишкек шаарында +16…+18 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0