Мээ кайнаткан ысык башталдыбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОзера на территории Карагачевой рощи
Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта ортосунда күн катуу ысыйт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, апта ортосунда күн катуу ысыйт.

4-июнда жаан жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 20…25 градус, Чүй, Талас облустарында 19…24 градус жылуу болот. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 16…21 градус нөлдөн жогору.

Самый жаркий день - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар жай мезгили эки айга узарарын айтышты
5-6-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында абанын температурасы 30 градуска жетсе, Чүй менен Таласта 23…33 градус ысык болот. Тоолуу Нарында 16…21, Ысык-Көлдө 18…23 градус жылуу болушу божомолдонууда.

7-июнда да өлкөнүн көпчүлүк жеринде мээ кайнаткан ысык болуп, Чүйдө абанын температурасы 35 градуска чейин жетет. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарында 27…33 градус ысыйт. Ысык-Көл, Нарын аймактарында абанын температурасы 22…27 градуска жетет.

8-9-июнда кээ бир аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0