Кыргызстанда мамлекеттик "өзгөчө" номерлердин баасы арзандады

© Фото / пресс-служба ГРС КРПроизводство новых автомобильных номеров
Производство новых автомобильных номеров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалар мындай номерлердин элге жеткиликтүү болушу үчүн төмөндөтүлүүдө

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү "өзгөчө" комбинациядагы номерлердин баасын арзандатты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

"Баалар "өзгөчө" номерлердин элге жеткиликтүү болушу үчүн төмөндөтүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү "өзгөчө" номердин сертификатына ээ болот. Сертификат айдоочуга унаасын сатканда номерин алып калууга шарт түзөт.

Баалар канчага өзгөрдү:

— Түрдүү тамгалар жазылган 001 номери мурда 63 миң сом турса, азыркы баасы 50 миң сомду түзөт (20,63 пайызга арзандады);

Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште депутаттарга KG номерди кайтаруу маселеси козголду
— Түрдүү комбинациядагы тамгалар жазылган 777 номери азыр 50 миң сомдон башталат. Буга чейин ал төрт миң сомго кымбат болчу. Баа 7,4 пайызга арзандаган;

— 111, 222, 333, 444, 555 комбинациясындагы номерлер мурда 36 миң сомдон башталса, эми алар 30 миң сом турат (16,66 пайызга арзандады);

— 007, 100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900 комбинациясындагы номерлердин азыркы баасы 27 миң сомдон башталат. Буга чейин жети миң сомго кымбат турчу;

— 002, 003, 004, 005, 006. 008, 009,010, 020, 030, 040, 050, 060, 070, 080, 090, 460, 470, 570 номерлери 27 миң сомдон башталат. Тагыраагы, мурдагыдан 10 миң сомго арзандап, баа 62,96 пайызга төмөндөдү;

Жаңылыктар түрмөгү
0