Шаршембиге карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевГорода Кыргызстана. Каракол
Города Кыргызстана. Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө —2…-7 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө 0…-5, Нарында —3…-8 градус суук болот.

Борбор калаа менен Ош шаарында кар жаап, —3…-5 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0