БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. 7-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда абанын температурасы 32…37 градуска чейин жетсе, Таласта 30…35ке чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 33…38 градус ысык болору болжолдонду. Ысык-Көлдө 25…30, ал эми Нарында 26…31 градус ысык болот.
Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы 35…37 градуска чейин жогорулайт.