Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 29…34 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 30…35 градус, Ысык-Көл менен Нарын облустарында 22…27 градус ысык болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 35 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0