Шейшемби күнү Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт

Жазылуу
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанда шейшемби күнү мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаап, кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

"Бишкекте 2 градус суук болсо, Ошто 5 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0