Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары

© Sputnik / Нургуль МаксутоваӨрдөктүн формасында жасалган — быжы тамагы. Архив
Өрдөктүн формасында жасалган — быжы тамагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан өзүнүн табияты жана элинин жашоосу менен гана эмес, улуттук тамак-аштары менен да туристтердин эсинде калат. Негизинен аларды эттин молдугу таң калтырып келет. Sputnik чет элдиктерди айран калтырган улуттук тамак-аштын тизмесин түздү.

Койдун бышырылган башы — койдун башын адатта эң сый конокко же эң кичүүсүнө берет. Таң болгон чет элдик аны эмне кыларын билбей калат. АКШдан келген волонтердун оюна биринчи эле "бул койдун ата-энеси бар эле да" деген ой келген. Ал эми украиналык "Орел и решка" телеберүүсүнүн алып баруучусу Настя Короткая "кыргыздын салттуу тамактануусунун айрым бөлүгү моргдогу сөөктү союуга окшош" деген тыянак чыгарган. 

Нан азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: элдин азык-түлүктү пайдалануу маданиятын өзгөртүү керек
Бешбармак. Кыргыз эли үчүн бул жөн гана тамак эмес, өз бөтөнчөлүктөрүнө жана эрежелерине ээ бүтүндөй бир салтанаттуу азем. Бышырылган эт чоң табакка салынып келип тартылат, андан кийин майда тууралган эт менен кесме, пияз салынган чык кошулуп берилет. Бешбармакты атына жараша кол менен жейт. Албетте, эч шаймансыз эле баары бир табактан алып жегени туристтер үчүн жөн эле акылга сыйбаган көрүнүш. 

Жылкынын эти. Чучук, казы-карта, жая, жал — жылкынын этинен жасалган тамактын түрлөрү арабдарды, түрктөрдү жана англис тилдүү өлкөлөрдөн келген туристтерди таң калтырат. Мунун себеби, аларда жылкынын этин жегенге болбойт. Бирок аны Кыргызстанда биринчи жолу татып көргөндөр эттин бөтөнчө даамын белгилеп, эмне үчүн аларда тыюу салынганын түшүнүшпөйт.

Максым. "Анын көрүнүшү жана даамы бир кызыктай. Кантип ичериңерди түшүнбөйм!" — дейт Словакиядан келген мейман. "Эмне үчүн баары ысык күндө малдын майы кошулган бүлтүгү бар боткону ичишет?" — деп түшүнбөйт британиялык журналист СаймонРо. Арпа, буудай жана жүгөрүдөн булактын суусуна бышырылып жасалган бул суусундук көпчүлүк туристтер үчүн түшүнүксүз бойдон калды.

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональное блюдо боорсок
Национальное блюдо боорсок  - Sputnik Кыргызстан
Национальное блюдо боорсок

Боорсок. Бул ачытылган камырдан чарчы кесилип майга бышырылган нан. Сеулда достук фестивалында боорсокту жеп көргөн кореялык: "Силер мени алдап койдуңар. Бул нан эмес, таттуу эмес турбайбы!" деген.

© Sputnik / Нургуль МаксутоваНациональное блюдо — быжы
Национальное блюдо — быжы - Sputnik Кыргызстан
Национальное блюдо — быжы

Быжы — койдун боорун эзип, ага майда тууралган пияз, бышырылган күрүч кошуп, таза жуулган мөөнгө салып бышырылган чүйгүн тамак. Кийинки убакта аны жумурга салык, андан "өрдөк" жасап бышыргандар көбөйүүдө. Ал туристтерди өзүнүн сырткы жасалышы менен таң калтырат. Кулинардык чеберчиликтин мындай "шедеврин" жегенге чет элдиктерин оозу барбайт. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваНациональное блюдо — олобо
Национальное блюдо — олобо - Sputnik Кыргызстан
Национальное блюдо — олобо

Олобо же жөн сөз менен айтканда "сүттүү өпкө" — сүт, татымал, туз жана май аралашмасын 2-3 күн мурун кустуруп тазалаган өпкөгө куюп бышырылган бул тамакты даамдуулугу менен айырмаланат. Ингредиенттердин таң каларлык айкашы кээде туристтердин үрөйүн учурат. 

Курут. Чет элдиктер муну кыргыздын кургак быштагы деп аташат. Сүзмөдөн тоголоктолуп жасалган бул азык адатта туздуу болот, кээде ачуу калемпир кошулат. 

Чүлү — курут менен өрүктөн жасалган варенье. Аны даярдоо узак убакытты алып, негизинен Баткен облусунда гана кездешет. Бөтөнчө вареньенин пайдалуу касиеттери жөнүндө жергиликтүү тургундар уламыштарды жаратып, бирок бардык эле туристтер анын даамын татканга батынбайт. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваНациональный напиток — кумыс
Национальный напиток — кумыс - Sputnik Кыргызстан
Национальный напиток — кумыс

Кымыз — бээнин көгүш түстөгү, даамы бир аз ооз куурган сүтү. Анда белоктор уйдун сүтүнө караганда эки эсе аз болот. Кымыз кандын айлануусун жакшыртары байкалган, ошондой эле аны потенцияга жакшы таасир кылат деп айтышат. 

Чөбөгө — майды кайнатканда пайда болуучу чөкмө. Ал белокторго бай. Кээде ага бал жана шекер кошушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0