https://sputnik.kg/20261110/assol-moldokmatova-zhaparovgo-kajryldy-1104806994.html
Амирдин капилет өлүмү: Ассоль Молдокматова президентке сунуш менен кайрылды
Амирдин капилет өлүмү: Ассоль Молдокматова президентке сунуш менен кайрылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ала-Арчадагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова президент Садыр Жапаровго кайрылып, тоолордо коопсуздукту... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T12:03+0600
2026-11-10T12:03+0600
2026-11-10T15:24+0600
кыргызстан
ассоль молдокматова
садыр жапаров
кайрылуу
"ала-арча" улуттук паркы
трагедия
өспүрүм
https://sputnik.kg/img/102806/19/1028061976_0:306:4925:3076_1920x0_80_0_0_3589f858fa26f80564d534cee6afe56a.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ала-Арчадагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова президент Садыр Жапаровго кайрылып, тоолордо коопсуздукту күчөтүүнү суранды. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган постунда туристтик жана тоо маршруттарына, өзгөчө жашы жете электер барган багыттарда мамлекеттик көзөмөлдү бекемдөөгө чакырды. Ошондой эле куткаруу кызматтарынын ишин күчөтүп, тез чара көрүү тутумун камсыз кылуу керектигин айтты. Мындан тышкары, Билим берүү министрлигине ӨКМ менен бирге мектептерде тоодо жүрүү жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабактарды уюштурууну сунуштады. "Биздин милдет — тоолорго чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектөө эмес, адамдардын, биринчи кезекте балдардын өмүрүн жана ден соолугун максималдуу түрдө коргой турган шарттарды түзүү. Бул кайрылуу каралып чыгып, зарыл болгон алдын алуу чараларын кабыл алууга негиз болот деп чын жүрөктөн ишенем", — деди автор. Эске салсак, 15 жаштагы Амир 7-ноябрда Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен мелдештен четтетилген соң Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон аркылуу билдиргенден кийин аны менен байланыш үзүлүп, эки күнгө созулган издөө иштеринен соң анын сөөгү аскадан табылган.
https://sputnik.kg/20261109/ala-archada-koz-zhumgan-balanyn-tuugandary-biylikke-kayryluuda-1104798563.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102806/19/1028061976_546:0:4925:3284_1920x0_80_0_0_69844d5f05cff79d1045f0ae96565d9c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ассоль молдокматова, садыр жапаров, кайрылуу, "ала-арча" улуттук паркы, трагедия, өспүрүм
кыргызстан, ассоль молдокматова, садыр жапаров, кайрылуу, "ала-арча" улуттук паркы, трагедия, өспүрүм
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ала-Арчадагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова президент Садыр Жапаровго кайрылып, тоолордо коопсуздукту күчөтүүнү суранды.
Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган постунда туристтик жана тоо маршруттарына, өзгөчө жашы жете электер барган багыттарда мамлекеттик көзөмөлдү бекемдөөгө чакырды.
Ошондой эле куткаруу кызматтарынын ишин күчөтүп, тез чара көрүү тутумун камсыз кылуу керектигин айтты.
"Трагедиянын жагдайларын иликтеп, себептерин аныктап, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөлүүлөрдүн жоопкерчилигин караш керек", — деди Молдокматова.
Мындан тышкары, Билим берүү министрлигине ӨКМ менен бирге мектептерде тоодо жүрүү жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабактарды уюштурууну сунуштады.
"Биздин милдет — тоолорго чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектөө эмес, адамдардын, биринчи кезекте балдардын өмүрүн жана ден соолугун максималдуу түрдө коргой турган шарттарды түзүү. Бул кайрылуу каралып чыгып, зарыл болгон алдын алуу чараларын кабыл алууга негиз болот деп чын жүрөктөн ишенем", — деди автор.
Эске салсак, 15 жаштагы Амир 7-ноябрда Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен мелдештен четтетилген соң Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон аркылуу билдиргенден кийин аны менен байланыш үзүлүп, эки күнгө созулган издөө иштеринен соң анын
сөөгү аскадан табылган.