https://sputnik.kg/20261028/zhaparov-zhetekchilerge-chara-korulot-1104557053.html
Жапаров: жаңы жылдан соң эл көйгөйүн чечпей жүргөн жетекчилерге чара көрүлөт
Жапаров: жаңы жылдан соң эл көйгөйүн чечпей жүргөн жетекчилерге чара көрүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Элдин маселесин чечпей, создуктуруп жүргөн жергиликтүү жетекчилерге чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Super.kg... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T10:59+0600
2026-10-28T10:59+0600
2026-10-28T10:59+0600
кыргызстан
садыр жапаров
жергиликтүү бийлик
көйгөй
маек
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104515792_0:36:1280:756_1920x0_80_0_0_88f274054dbe02e73725166332f28e91.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Элдин маселесин чечпей, создуктуруп жүргөн жергиликтүү жетекчилерге чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Super.kg басылмасына маек куруп жатып билдирди. Анда өлкө башчынын аймактарды кыдырып, эл менен болгон жолугушуулары тууралуу айтылган. Журналист мамлекеттик аппарат иштебей, бардык маселе президентке келип такалып жаткандай көрүнгөнүн, жарым жыл мурун айтылган көйгөйлөр кайра эле кайталанганын белгилеп, кадрдык чечимдер, жоопкерчилик тууралуу суроо узаткан. Эскерте кетсек, ушу тапта өлкө башчы республиканын түштүгүн кыдырып, эл менен жолугуп жүрөт. Ага чейин Нарын облусуна барган. Ушул эле маекте Жапаров аймактарды ноябрда кыдырып бүтөрүн билдирди.
https://sputnik.kg/20261028/zhaparov-ugut-tuuraluu-1104555513.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104515792_113:0:1168:791_1920x0_80_0_0_19d3f7ab32a153599fd9a0051ead9d18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, жергиликтүү бийлик, көйгөй, маек
кыргызстан, садыр жапаров, жергиликтүү бийлик, көйгөй, маек
Жапаров: жаңы жылдан соң эл көйгөйүн чечпей жүргөн жетекчилерге чара көрүлөт
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Элдин маселесин чечпей, создуктуруп жүргөн жергиликтүү жетекчилерге чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Super.kg басылмасына маек куруп жатып билдирди.
Анда өлкө башчынын аймактарды кыдырып, эл менен болгон жолугушуулары тууралуу айтылган. Журналист мамлекеттик аппарат иштебей, бардык маселе президентке келип такалып жаткандай көрүнгөнүн, жарым жыл мурун айтылган көйгөйлөр кайра эле кайталанганын белгилеп, кадрдык чечимдер, жоопкерчилик тууралуу суроо узаткан.
"Жергиликтүү жетекчилер жай иштеп жатканын байкап, көрүп турам. Таптакыр иштебей жатышат дегенден алысмын. Бирок темп абдан жай. Жаңы жылдан кийин 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ошондо элдин көйгөйлөрүн, илгертен бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыш маселелерин создуктуруп жүргөн облус жетекчилерине, губернаторлорго эле эмес, бардык жетекчилерге чара көрөбүз", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, ушу тапта өлкө башчы республиканын түштүгүн кыдырып, эл менен жолугуп жүрөт. Ага чейин Нарын облусуна барган. Ушул эле маекте Жапаров аймактарды ноябрда кыдырып бүтөрүн билдирди.