https://sputnik.kg/20261028/zhaparov-ugut-tuuraluu-1104555513.html
Жапаров: эл менен жолугушууларымды үгүт деп кабыл алуу туура эмес
Жапаров: эл менен жолугушууларымды үгүт деп кабыл алуу туура эмес
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аймактарга болгон сапарларын үгүт иштери катары кабыл алуу туура эмес экенин айтып, кызматтагы мамлекет... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T10:28+0600
2026-10-28T10:28+0600
2026-10-28T10:28+0600
кыргызстан
садыр жапаров
маек
шайлоо
үгүт
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104462848_0:158:2560:1598_1920x0_80_0_0_c585bb94bc1dac869fe3218e01634a0b.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аймактарга болгон сапарларын үгүт иштери катары кабыл алуу туура эмес экенин айтып, кызматтагы мамлекет башчы менен президенттин милдетин убактылуу аткаруучунун шайлоого катышуудагы укуктук макамы айырмаланарын белгиледи. Бул тууралуу ал Super.kg порталына берген маегинде билдирди. Өкмөт башчы 2021-жылы президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, шайлоого катышуусунун себебин да түшүндүрдү. Анын айтымында, ошол учурдагы жагдай азыркыдан айырмаланып, өлкөдө эл шайлаган президент болгон эмес. Ошондой эле ал үгүт иштеринде бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлөрүн белгилеп, эл менен жолугушууларын үгүт катары баалоого каршы экенин билдирди. Президент аймактарды ноябрда кыдырып бүтөрүн кошумчалады. Белгилей кетсек, алдыдагы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 23-декабрда башталат, ал эми шайлоонун өзү 27-январга белгиленген.
https://sputnik.kg/20261020/shajnazarovshajloodo-talapkerlerge-zhardam-beret-1104396147.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104462848_110:0:2451:1756_1920x0_80_0_0_ebd2635b10db3790b1d548547a31e382.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, маек, шайлоо, үгүт, жолугушуу
кыргызстан, садыр жапаров, маек, шайлоо, үгүт, жолугушуу
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аймактарга болгон сапарларын үгүт иштери катары кабыл алуу туура эмес экенин айтып, кызматтагы мамлекет башчы менен президенттин милдетин убактылуу аткаруучунун шайлоого катышуудагы укуктук макамы айырмаланарын белгиледи. Бул тууралуу ал Super.kg порталына берген маегинде билдирди.
Өкмөт башчы 2021-жылы президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, шайлоого катышуусунун себебин да түшүндүрдү. Анын айтымында, ошол учурдагы жагдай азыркыдан айырмаланып, өлкөдө эл шайлаган президент болгон эмес.
"Мен, мыйзамга ылайык, өз милдетимди аткарып жатам. Кызматта турган президент менен убактылуу милдетин аткаруучунун шайлоого катышуу укуктук макамы эки башка. Акаевдин мезгилинен бери эле кызматтагы президент ордун тапшырбай туруп шайлоого катышат деп турат. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө ушундай норма бар. Себеби мамлекет бир дагы күн президентсиз калбашы керек", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал үгүт иштеринде бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлөрүн белгилеп, эл менен жолугушууларын үгүт катары баалоого каршы экенин билдирди. Президент аймактарды ноябрда кыдырып бүтөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, алдыдагы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 23-декабрда башталат, ал эми шайлоонун өзү 27-январга белгиленген.