Москвада Андрей Стенин атындагы XII фотосынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

© Sputnik / Виталий Белоусов
/ Жазылуу
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Москва шаарында Андрей Стенин атындагы XII эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи шаршемби күнү, 21-октябрда, Москва музейинде өттү.
Сынактын баш байгесин ливандык фотограф Абдул Кадер Аль-Бай жеңип алды. Эл аралык калыстар тобу жогорку сыйлыкты ага "Башкы жаңылыктар. Фототоптом" номинациясы боюнча "Ливан, 2024-2025: авиасоккулардын арасындагы өмүр" аттуу сүрөттөр сериясы үчүн бир добуштан ыйгарды.
"2024-жылдын сентябрында Ливан оор согушка тартылды. Өлкө бүтүндөй Израилдин аба чабуулдарына кабылып, көпчүлүк үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Бул сүрөттөр Ливандын ар кайсы аймактарында тартылган. Аларда сокку урулган алгачкы ирмемдер жана куткаруу операцияларынын жүрүшү чагылдырылды. Ошондой эле жөнөкөй адамдар согуш маалында кантип жан сактап жатканы көрсөтүлгөн", — деди Абдул Кадер Аль-Бай.
Баш байгенин ээси менен катар эле башка алты номинация боюнча да жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталды. Алар:
"Башкы жаңылыктар. Жеке сүрөт" — Бангладештен келген фоточебер Аль Музтаба Росулга (S.M. Al Muztaba Rosul) "Чатыры — асман, полу — күл" аттуу эмгеги үчүн сыйланды. Анда өрттөн улам турак жайсыз калып, бирок кайраттуулуктун жана бири-бирине колдоо көрсөтүүнүн аркасында аман калган адамдар чагылдырылган;
"Башкы жаңылыктар. Фототоптом" — россиялык фотограф Сергей Бобылевдин "Согуш жаңырыгы" сериясы мыкты деп табылды. Ал Россия армиясынын Суджа шаарын жана Курск облусунун бир катар калктуу конуштарын бошотуусун баяндаган;
"Спорт. Жеке сүрөт" — россиялык сүрөтчү Евгений Филипповдун "Акыркы фаза" аттуу эмгеги жеңүүчү болду. Анда суучулдардын сууга секирүү боюнча "Кремль кубогу" аталышындагы бүткүл россиялык мелдештин финалынын алдындагы машыгуусу тартылган;
"Менин планетам"— жеке сүрөттөр арасында бангладештик Солейман Хоссейндин "Кумдуу жээктеги жашоо" эмгеги жеңди. Ал эми мыкты фототоптом катары кыйраган конуштарда калган адамдардын турмушун баяндаган россиялык Алиса Севернаянын "Биз бул жерде жашайбыз" сериясы тандалды.
"Портрет. Заманыбыздын каарманы" — Индия менен Россиянын авторлору алдыга чыкты. Индиялык Арпан Басу Чаудхури (Arpan Basu Chowdhury) "Ишеним көз карашы" эмгеги үчүн сыйланса, россиялык фотожурналист Мария Семенованын афган аялдарынын укуктары менен жашоосун чагылдырган "Караңгыдагы үмүттөр" сериясы байгелүү орунду камсыздады;
"Жогорудан көрүнүш. Жеке сүрөт" — калыстар тобунун байгеси бангладештик Мухаммад Амдад Хоссейндин "Дарыя үстүндөгү жума намазы" эмгегине ыйгарылды;
"Өмүр кубаты" (атайын номинация) — 34 жаштан ашкан авторлор арасындагы башкы байге куралдуу кагылыштардан кийин өз шаарларында калып, үмүтүн үзбөгөн адамдарга арналган "Реквием" сериясы үчүн Павел Волковго берилди.
Москвадагы салтанаттуу азем лауреаттардын эмгектеринин эл аралык көргөзмө турнесине старт берди. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва музейинде 10-ноябрга чейин көрсөтүлөт.
Сынак тууралуу
Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагы "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун атайын фотокабарчысы, 2014-жылдын жайында Донбасста курман болгон Андрей Стениндин элесине арналып 2014-жылдын декабрында негизделген. Ал жаш фотографтарды колдоого багытталган Россиядагы жалгыз эл аралык аянтча болуп саналат.
