https://sputnik.kg/20261020/narynda-orus-tili-madaniyaty-jany-borbor-achyldy-1104413185.html
Орус тили, театр жана робототехника. Нарында ачылган жаңы борбордун видеосу
Орус тили, театр жана робототехника. Нарында ачылган жаңы борбордун видеосу
Sputnik Кыргызстан
Нарында "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму түзгөн Орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча евразиялык борбор ачылды. 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T19:15+0600
2026-10-20T19:15+0600
2026-10-20T19:15+0600
кыргызстан
россия
"евразия" уюму
билим
борбор
тил
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104413793_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_ba0f3137a87f35fb4763fbe2bcc071a3.jpg
Нарында "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму түзгөн Орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча евразиялык борбор ачылды.Ачылыш салтанатына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, РФ Мамлекеттик думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана Россиянын эмгек сиңирген артисти, ырчы Пелагея катышты.Аршинова орус тилин билүү билим алууга, баарлашууга жана өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.Жаңы аянтча балдарга да, чоңдорго да арналган. Мында адабий конок бөлмөсү, киноклубдар, театр жана сүрөт студиялары, ошондой эле робототехника ийримдери иш алып барат.Педагог-методист Динара Асанова мурда Нарында мындай көп тармактуу мейкиндик болбогонун айтып берди.Асанованын айтымында, сабактар балдардын орус тилин тез өздөштүрүшүнө көмөктөшкөн оюн ыкмалары менен өткөрүлөт.Бул — Кыргызстандагы Орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча экинчи Евразиялык борбор. Биринчиси 2025-жылы Бишкекте ачылган. Мекеме иштеп баштагандан бери ага 37 миңден ашуун адам келген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104413793_63:0:1200:853_1920x0_80_0_0_c71f5cb307fdab116e3795847833f9a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, "евразия" уюму, билим, борбор, тил, видео
кыргызстан, россия, "евразия" уюму, билим, борбор, тил, видео
Нарында "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму түзгөн Орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча евразиялык борбор ачылды.
Ачылыш салтанатына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, РФ Мамлекеттик думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана Россиянын эмгек сиңирген артисти, ырчы Пелагея катышты.
Аршинова орус тилин билүү билим алууга, баарлашууга жана өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
"Кошумча тил билүү — ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал эми орус тили, баарыбызга маалым болгондой, тынчтыктын тили болуп саналат жана орус тилинде өтө көп мүмкүнчүлүктөр ачылат. Албетте, биздин негизги милдетибиз — ошол мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү", — деди Аршинова.
Жаңы аянтча балдарга да, чоңдорго да арналган. Мында адабий конок бөлмөсү, киноклубдар, театр жана сүрөт студиялары, ошондой эле робототехника ийримдери иш алып барат.
Педагог-методист Динара Асанова мурда Нарында мындай көп тармактуу мейкиндик болбогонун айтып берди.
"Шаарыбыздын тургундары катары мындай борбордун ачылганына абдан сүйүнүп жатабыз. Бул жерде мектеп окуучулары үчүн гана эмес, чоңдордун өнүгүүсү үчүн да бардык шарттар түзүлдү", — деди ал.
Асанованын айтымында, сабактар балдардын орус тилин тез өздөштүрүшүнө көмөктөшкөн оюн ыкмалары менен өткөрүлөт.
Бул — Кыргызстандагы Орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча экинчи Евразиялык борбор. Биринчиси 2025-жылы Бишкекте ачылган. Мекеме иштеп баштагандан бери ага 37 миңден ашуун адам келген.