https://sputnik.kg/20261020/amangeldiev-kmsh-transport-chygymdardy-azajtuu-1104403681.html
Амангелдиев КМШ өлкөлөрүнө транспорттук чыгымдарды азайтууну сунуштады
Амангелдиев КМШ өлкөлөрүнө транспорттук чыгымдарды азайтууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү товарлардын чек арадан өтүүсүн тездетип, транспорттук чыгымдарды азайтууга тийиш. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T14:32+0600
2026-10-20T14:32+0600
2026-10-20T14:32+0600
дүйнөдө
тажикстан
кмш
данияр амангелдиев
экономика
инвестициялар
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104403492_50:0:958:511_1920x0_80_0_0_39cc1dfaf0d1c9a4b67cf8715137aa1a.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү товарлардын чек арадан өтүүсүн тездетип, транспорттук чыгымдарды азайтууга тийиш. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Душанбе шаарында болуп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде билдирди. Анын айтымында, негизги транспорттук каттамдарда электрондук документтерди колдонуу, жүк тууралуу маалыматты алдын ала берүү жана заманбап бажы технологияларын биргелешип киргизүү зарыл. Мындан тышкары, Амангелдиев дагы бир нече орчундуу маселелерге токтолду. Алардын бири — инвестициялык мүмкүнчүлүктөр. Сөзүнүн соңунда Кыргызстан КМШ жаштарын катыштыруу менен Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдыкты азыртан баштай турганын айтты.
https://sputnik.kg/20261019/kulubaev-boeing-zhetekchiligi-menen-zholuktu-1104381238.html
тажикстан
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104403492_163:0:844:511_1920x0_80_0_0_88856ce202dce4c01e04e9a4f43dfcfd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, тажикстан, кмш, данияр амангелдиев, экономика, инвестициялар
дүйнөдө, тажикстан, кмш, данияр амангелдиев, экономика, инвестициялар
Амангелдиев КМШ өлкөлөрүнө транспорттук чыгымдарды азайтууну сунуштады
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү товарлардын чек арадан өтүүсүн тездетип, транспорттук чыгымдарды азайтууга тийиш. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Душанбе шаарында болуп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде билдирди.
Анын айтымында, негизги транспорттук каттамдарда электрондук документтерди колдонуу, жүк тууралуу маалыматты алдын ала берүү жана заманбап бажы технологияларын биргелешип киргизүү зарыл.
Мындан тышкары, Амангелдиев дагы бир нече орчундуу маселелерге токтолду. Алардын бири — инвестициялык мүмкүнчүлүктөр.
"Кыргызстан өз аянтчаларында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө даяр. Атап айтканда, "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагы мындай долбоорлор үчүн кошумча шарттарды түзүп бере алат", — деди жетекчи.
Сөзүнүн соңунда Кыргызстан КМШ жаштарын катыштыруу менен Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдыкты азыртан баштай турганын айтты.