https://sputnik.kg/20261019/kulubaev-boeing-zhetekchiligi-menen-zholuktu-1104381238.html
Кулубаев менен Boeing өкүлү Кыргызстанга учак сатып алуу маселесин талкуулады
Кулубаев менен Boeing өкүлү Кыргызстанга учак сатып алуу маселесин талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы жыйындын алкагында... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T15:30+0600
2026-10-19T15:30+0600
2026-10-19T15:30+0600
дүйнөдө
кыргызстан
boeing-777
учак
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095005929_0:151:3103:1896_1920x0_80_0_0_404ecede97dfa272da377469f13238fa.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы жыйындын алкагында Boeing корпорациясынын вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.Тараптар жарандык авиация жаатындагы кыргыз-америкалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карап, негизги багыттардын бири катары кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн Boeing учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.Бул демилгенин ишке ашышы ата мекендик авиакомпаниялардын учак паркын жаңылап, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.Эске салсак, бүгүн Самаркандда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысынын катышуусунда "С5+1" жыйыны өтүүдө.
https://sputnik.kg/20260610/kyrgyzstan-evropa-tuz-aba-kattam-1101808658.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095005929_187:0:2918:2048_1920x0_80_0_0_15e3ed126b7c85e9acac7a281d326a57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кыргызстан, boeing-777, учак, жолугушуу
дүйнөдө, кыргызстан, boeing-777, учак, жолугушуу
Кулубаев менен Boeing өкүлү Кыргызстанга учак сатып алуу маселесин талкуулады
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы жыйындын алкагында Boeing корпорациясынын вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар жарандык авиация жаатындагы кыргыз-америкалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карап, негизги багыттардын бири катары кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн Boeing учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
"Учактарды сатып алуу менен катар аларды техникалык жактан тейлөө жана өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду", — деп айтылат маалыматта.
Бул демилгенин ишке ашышы ата мекендик авиакомпаниялардын учак паркын жаңылап, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.
Эске салсак, бүгүн Самаркандда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысынын катышуусунда "С5+1" жыйыны өтүүдө.