00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Чем заменить уголь: в Бишкеке запустили льготную программу для домовладельцев
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Алимбеков: элдик тарбия жок болсо, улут жоголот
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Миграция и мировая экономика: почему люди продолжают уезжать на заработки?
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүт өмүрүн көркөм чыгармага арнаган Касымалы Баялинов тууралуу 16 факт

© Фото / из семейного архива БаялиновыхКыргыз ССРинин эл жазуучусу Касымалы Баялинов жубайы Наджат менен. Архив
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Касымалы Баялинов жубайы Наджат менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2026
Жазылуу
Кыргыз жазма адабиятынын алгачкы прозалык чыгармаларынын бири болгон эң окумдуу "Ажар" повестин жазып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгын тогуз жыл жетектеген Касымалы Баялинов ар түрдүү замандагы, ар кыл образдарды жараткан.
Жазуучулар союзун башкарган убакта Баялинов адилеттиги, интеллектинин бийиктиги менен айырмаланган. Орус жана боордош элдеринин классиктеринин чыгармаларын биринчилерден болуп мындан жүз жыл илгертеден баштап кыргыз тилинде "сүйлөткөн". Биз бүгүн ошол прозаик, публицист, редактор-журналист, басма тармагынын ишмери, котормочу, адабиятчы, коомдук ишмер Касымалы Баялинов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуш кылабыз.
Туулган жери, жылы жана ата теги. Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Боом капчыгайынын бүткөн жери Көк-Мойнок айылында туулган. Азыр Ысык-Көлдүн Ысык-Көл районуна караган бул айыл Балыкчы шаарына жакын. Чүй суусунун боюндагы ушул кыштак азыркы күндө экзотикалуу аймак болгондуктан киночуларды кызыктырып келет. Айтуудан ата теги дурус эле мал-алы бар кишилер экен. Эки жашында апасы Жөргөлөк, тогуз жашында атасы каза болуп, туугандарынын колунда калат.
Балалыгы. 1916-жылдагы Үркүндө 14 жашка келип калган Касымалы эки инисин жетелеп, эл менен кошулуп Кытайга качкан. Ошол жылдардагы кыйынчылыктардын баарын көрүп, чыгармаларына тема алган. Эл Кытайдан кайра кыргыз жерине кайтып келе жаткан жолдо удаалашы Абдылда каза табат. Ал кезде бул жакта да абал өтө оор болгон, бала дагы бир иниси Абдыбекти ээрчитип, Ат-Башыга барып, жайлуу жер таппай кайтат. 1918-жылы Ат-Башы, Кочкор тараптан Токмокко жөө келип, инисин балдар үйүнө тапшырып, өзү малай болуп жүрүп, анан бирөөлөрдүн жардамы менен кулчулуктан кутулуп чыгып, аскердик бөлүктө ат багар, ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек жана басмаканда жүк көтөрүүчү, жол бөлүмү мекемесинде жумушчу ж.б. майда-чүйдө иштерде иштеп, эптеп өлбөстүн күнүн көрөт.
© Фото / из семейного архива Баялиновых

Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Боом капчыгайынын бүткөн жери Көк-Мойнок айылында туулган

Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Боом капчыгайынын бүткөн жери Көк-Мойнок айылында туулган - Sputnik Кыргызстан
1/4

Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Боом капчыгайынын бүткөн жери Көк-Мойнок айылында туулган

© Фото / из семейного архива Баялиновых

1916-жылдагы Үркүндө 14 жашка келип калган Касымалы эки инисин жетелеп, эл менен кошулуп Кытайга качкан.Ошол жылдардагы кыйынчылыктардын баарын көрүп, чыгармаларына тема алган

1916-жылдагы Үркүндө 14 жашка келип калган Касымалы эки инисин жетелеп, эл менен кошулуп Кытайга качкан.Ошол жылдардагы кыйынчылыктардын баарын көрүп, чыгармаларына тема алган - Sputnik Кыргызстан
2/4

1916-жылдагы Үркүндө 14 жашка келип калган Касымалы эки инисин жетелеп, эл менен кошулуп Кытайга качкан.Ошол жылдардагы кыйынчылыктардын баарын көрүп, чыгармаларына тема алган

© Фото / из семейного архива Баялиновых

Кулчулуктан кутулуп, аскердик бөлүктө ат багар, ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек жана басмаканда жүк көтөрүүчү, жол бөлүмү мекемесинде жумушчу ж.б. майда-чүйдө иштерде иштеп, эптеп өлбөстүн күнүн көрөт

Кулчулуктан кутулуп, аскердик бөлүктө ат багар, ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек жана басмаканда жүк көтөрүүчү, жол бөлүмү мекемесинде жумушчу ж.б. майда-чүйдө иштерде иштеп, эптеп өлбөстүн күнүн көрөт - Sputnik Кыргызстан
3/4

Кулчулуктан кутулуп, аскердик бөлүктө ат багар, ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек жана басмаканда жүк көтөрүүчү, жол бөлүмү мекемесинде жумушчу ж.б. майда-чүйдө иштерде иштеп, эптеп өлбөстүн күнүн көрөт

© Фото / из семейного архива Баялиновых

Казак-кыргыз Агартуу институтунда окуган жылдары окуу жайынын "Жас калем" деген дубал гезитине ырлары басылган

Казак-кыргыз Агартуу институтунда окуган жылдары окуу жайынын "Жас калем" деген дубал гезитине ырлары басылган - Sputnik Кыргызстан
4/4

Казак-кыргыз Агартуу институтунда окуган жылдары окуу жайынын "Жас калем" деген дубал гезитине ырлары басылган

1/4

Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Боом капчыгайынын бүткөн жери Көк-Мойнок айылында туулган

2/4

1916-жылдагы Үркүндө 14 жашка келип калган Касымалы эки инисин жетелеп, эл менен кошулуп Кытайга качкан.Ошол жылдардагы кыйынчылыктардын баарын көрүп, чыгармаларына тема алган

3/4

Кулчулуктан кутулуп, аскердик бөлүктө ат багар, ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек жана басмаканда жүк көтөрүүчү, жол бөлүмү мекемесинде жумушчу ж.б. майда-чүйдө иштерде иштеп, эптеп өлбөстүн күнүн көрөт

4/4

Казак-кыргыз Агартуу институтунда окуган жылдары окуу жайынын "Жас калем" деген дубал гезитине ырлары басылган

Окуу жылдары. Ата-энесиз балдарды кеңеш бийлиги окута баштаган кезде ал да окууга жана комсомолго мүчөлүккө кабыл алынып, 1919-жылы ошол кездеги борборубуз болгон Ташкенттен алты айлык советтик-партиялык курсту окуп бүтүрөт. Андан соң дагы алты айлык педагогикалык курста билим алат. Бул алты айлык курстар ал кезде жогорку билим бергендей эле кадыр-барктуу болуп, аларды бүтүргөндөр билим берүү тармагында башкаруу иштерине тартылчу. Касымалы Ат-Башы, Кочкор райондорунда, Нарын шаарында комсомол уюмдарын уюштурууга катышат. Ал кезде жаңыдан уюштурулуп жаткан комсомол уюмдары өз катарына жаштарды кабыл алуу ишин өзгөчө катуу жүргүзүп жаткан. Бир жылдай ошол Нарын тараптарда иштеген соң аны Алма-Ата шаарына Казак-кыргыз Агартуу институтуна окууга жиберишет да, беш жыл, 1925-жылга чейин ошол жерде окуп билим алат. Ал жерден түз эле Москвага Борбордук басмакананын кыргыз секциясына редакторлук кызматка жиберишет. Дал ушул кезде жазуучулук, китеп чыгаруу иштери менен терең таанышат. Анан 1929-1933-жылдары Москвада И.В.Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде журналистика адистиги боюнча окуйт, бул кыргыз жаштары үчүн ошол кездеги эң эле жогорку даражалуу окуу жайы болгон. Эми журналистиканын сырын үйрөнөт, партиялык жактан саясатчы катары да такшалат.
Кыргыз журналистикасынын жана басма тармагынын башатында турган. XX кылымдын 20-30-жылдарында агартуу тармагы үчүн окуу китептерин жана балдар адабиятын, котормо жыйнактарын чыгаруу аба менен суудай зарыл эле. Мына ушул иште Касымалы Баялинов компетенттүү адис жана жазуучу, котормочу катары кыргыз коомчулугуна өзгөчө керек болду. Бүт китептерди чыгарып жаткан "Кыргызмамбас" басмасынын башкы редактору болуп эки жолу: биринчисинде 1926-1928-жылдары, экинчисинде 1935-1937-жылдары иштеп, алгачкы окуулуктарды, котормо китептерин чыгарууга чоң салымын кошкон. Аябай такшалган кезде Комммунисттик партия аны 1933-1935-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылы жазуучулардын "Советтик Кыргызстан" журналынын (кийинки "Ала-Тоо") журналынын башкы редактору, 1941-жылдан тарта 1944-жылга дейре облустук "Ысык-Көл правдасы" гезитинде башкы редактор катары иштетти. Партиянын солдаты катары ал, биринчиден, бул жумуштарда ак ниети менен эмгектенди, экинчиден, чыгармалары үчүн материал топтоду.
Коомдук ишмер. Касымалы Баялинов билимдүү жана таза адам болгондуктан жогорку кызматтарга коюлган: 1944-жылдардан тартып 1955-жылга дейре Кыргыз ССРинин жазуучулар союзун жетектеп, ортодо 1947-1949-жылдарда СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалынын Тил, адабият жана искусство институтунун илимий кызматкери болуп иштеген.
Чыгармачылыгын ыр жазуудан баштаган. Казак-кыргыз Агартуу институтунда окуган жылдары окуу жайынын "Жас калем" деген дубал гезитине ырлары басылган. "Тилши" деген казакча чыккан басылманын 1923-жылкы санына "Эсиң барда этиң жап" аттуу макаласы, 1924-жылдын апрель айындагы санына "Биз ким элек, ким болдук" деген жаңы заманды даңазалаган алгачкы ыры жарыяланган. Ошол мезгилде дагы бир нече ыры казак, кыргыз тилдеринде жазылган.
Алгачкы үч аңгемеси. Ыр жазып жүргөн жигит кара сөзгө өтөт. Жаңыдан жазма адабият түптөлүп жаткан кезде жаш талапкерлер элдик сюжеттердин негизинде чыгарма жазууга киришкен. Баялинов да эл арасында оозеки айтылып келген жомоктордун негизинде аңгемелерди жазып, алары 1926-жылы "Балдар аңгемелери: Түлкү менен суур. Чабалекей менен жылан" деген ат менен китеп болуп басылган. Ал кезде кыргызча китептерге муктаждык өтө жогору болгондуктан, анан калса алар балдарга ылайык келгендиктен кайра-кайра басылат да, автордун атын жалпы журтка таанытат. 1926-жылы "Эркин-Тоо" гезитине "Жетимдин өлүмү" аттуу аңгемеси ("жанытма" деп айтылган) жарык көрүп, анда өзү көрүп-билген окуяны жазат. Кыргыз тилиндеги биринчи гезит болгон "Эркин-Тоонун" 1925-жылкы сандарына "Селкиге", "Ала-Тоо, өткөн күндү ойло" деген ырлары жарыяланат.
"Ажар" повести. 1928-жылы чыккан бул чыгарманы кээ бир адабиятчылар аңгеме десе, кээ бири повесть дейт. Жөнү бар. Чыгарма жазылган 1928-жылдары кыргыз прозасында көлөмдүү чыгармалар жазыла элек болчу. Бул кыргыз профессионал адабиятындагы алгачкы чыгармалардын бири эле. Жазуучу анда өзү да жаңы эле жазган, повесть кандай, роман кандай, аңгеме кандай – аларды түшүнө элек кези. Ал билгенин, көргөнүн, укканын жазып салган. 1916-жылы кыргыздардын башынан оор окуя өткөн. Ошол Үркүн окуясы повесттин негизин түзөт. Эл менен кошо "үркүп" кытай жерине барган жаш кыз Ажар ал жактан көрбөгөн азаптын баарын көрдү. Кытай байларына сатылды. Сабитахун деген неме аны Чыр дегенине сатып ийди. Ошондо ал эркиндик талашып, туулган жерин самап түн ичинде качып чыкты. Бирок жолдо куугундар менен кездешпей эле Какшаалдын чөлүндө ач карышкырлар менен кездешти. Карышкырлар менен бет келген кыз өз өмүрүн ширеңкенин талындай өчүрдү. Мына ушул чыгарма жарыяланары менен эле окурмандар талашып окуй турган китепке айланды. Өз кезегинде "Ажарды" окубаган, билбеген, Ажардын тагдырына ыйлабаган кыргыз калган эмес, "Ажар" эң сүйүктүү чыгарма катары эл арасына кеңири сиңген. "Ажарды" окуш үчүн далай адамдар тамга таанып, далай адамдар бул чыгарманы эжелеп окуп жүрүшкөн. Бир кылымдай убакыттан бери мектеп окуучулары, студенттер Ажардын апасынын мүрзөсүнүн үстүнө жата калып ыйлаган монологун жана автордун каарман менен коштошуу сөзүн аткарып, далай кишилерди ыйлатып келет. Жазуучунун "Ажары" өз кезегинде орус, немис, англис, өзбек, чех тилдеринде жарык көргөн жана кыргыз адабиятындагы эң көп басылган китеп болуп саналат.
Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2017
"Ажар" – 1916-жылга коюлган адабияттагы эстелик. Повесть туурасындагы жети факты
Көргөн-билгенин жаза берген автор. Жазуучунун турмуштук багажы өтө бай болгон, ал көрбөгөндү көргөн. Мына ошол көргөндөрүн көргөндөй кылып жаза берген. Бир жолу жазуучулардын жыйынында бирөө "Касымалы Баялинов орустун жазуучусу Карамзиндин "Бедная Лиза" повестинин негизинде жазган" деп атса, эл арасында отурган Касыке "кимди айтып атат, ал ким" дейт имиш. Жазма адабияттын биринчи мууну ушундай көргөн-билгенин натуралисттерче жаза берген. Жазуучунун мурдагы "Жетимдин өлүмү" деген чыгармасы оңдолуп "Мурат" (1929) деген ат менен жарык көргөн. Ошол чыгармасы жана "Бактылуу жылкычы" (1937) деген китептери да мына ошол өзүнүн көрүп-билгендеринен алынып жазылган.
Жазуучуга атак алып келген "Көл боюнда" повести. Чыгарма адегенде "Бакыт" деген ат менен 1947-жылы чыккан, кийин 1952-жылы "Көл боюнда" деп оңдолуп, согуш учурундагы тылдагы элдин кайраттуулугун, достугун, сүйүүсүн, колхоз үчүн берилип иштөөсүн көрсөтөт. Башкы каармандары – Жапар менен Жамийла. Элдин мекенчилдик сезимдери, улуттар аралык достук (Жапар менен Микола), чарбалык иштер, мектеп жана колхоз турмушу, карыялардын жашоосу ж.б. ар түрдүү темалар көтөрүлүп, алар чеберчилик менен чечилген. Жазуучу образ түзүү жана окуяларды көркөм берүү жагынан бир кыйла өскөндүгү байкалат. Ал мындагы окуяларды "Ысык-Көл правдасы" гезитинде башкы редактор болуп иштеп турганда кезиктирип, ошол көргөндөрүн көркөм аналитикалык жалпылоодон өткөргөн. Повесть адабий сында да, окурмандар тарабынан да жогору бааланат, орус, чех, казак, татар тилдерине которулуп, ошол жактарда китеп болуп чыгат.
"Досторунун" достугу. Автор мына ушундай ийгиликтерди алып келген "Көл боюнда" романы үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына (Сталиндик сыйлыкка) көрсөтүлөт. Анан Баялиновду "молдонун баласы", "эл душманынын бир тууганы", "Алаш-Ордо" аттуу совет бийлигине каршы чыккан казак улуттук кыймылынын мүчөсү" деп күнөөлөшкөн "кыргыз жазуучуларынын" арызы Москвага – Компартиянын Борбордук комитетине чейин жетет да, сыйлык берилбей калат. Таң каларлык: мындан ким утту да, ким утулду?..
Тарыхый темадагы ийгиликтери. Кара сөз жазуу менен катуу отурган Касымалы Баялинов "Курман жылга" повестин (1960), "Боордоштор" деп аталган үчилтик романын (1962), өмүр баяндык "Кыйын өткөөл" повестин (1980) жазат. Биринчи повестте теңсиз замандагы Курман менен Айсулуунун сүйүүсү, алардын байлар жана молдолор менен күрөшү чагылдырылат. "Боордоштор" романынын окуялары тарыхта жашап өткөн Мамбет Сүйүнбаев, Амандык Канаев, Магаза Масанчин, Рудольф Рудошек (чех атуулу Рудольф Маречектин прототиби) ж.б. адамдардын айланасында жүрөт. Адамдык тагдырлар, достук, кеңеш бийлигин орнотуу үчүн кызмат кылуу идеялары башкы планга чыгат. Каармандары да, окуялары да көп бул роман өз кезегинде кыргыз адабиятынын мыкты чыгармаларынын бири катары бааланган.
Публицист жана илимпоз. Касымалы Баялинов көп кырдуу талант болгон. Анын "Господин Поинтонго менен сунушум" деген публицистикасы 1947-жыл 11-октябрда Москвадан "Литературная газетага" басылып чыккан. Поинтон деген мырза "Орто Азия элдери Россияга колониялык эзүүдөгүдөй эле жашайт" деп айткан экен. Мына ошол сөзгө публицист өтө курч сөздөр менен каршы чыгып, памфлеттик формада каяша айтат. Бул чыгарма кыргыз публицистикасынын асыл берметтеринин бири катары бааланган, өз кезегинди орто мектептерде да окутулуп келген. 1947-1949-жылдарда СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана искусство институтунун илимий кызматкери болуп иштеген кезде ал "Токтогул Сатылганов" деген монографиясын жазып, ал 1954-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан.
Эл акыны Сүйүнбай Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2026
Биз жокпуз, аттиң, бир гана!.. Жазма поэзиянын чебери Сүйүнбай Эралиев тууралуу
Котормочу. Касымалы Баялинов котормо жанрынын баштоочуларынын алдыңкы сабында жүргөн жана бул тармакта үзгүлтүксүз иштеди. 1926-жылы Михаил Лермонтовдун "Үч курма" деген ырын, 1929-жылы Максим Горькийдин "Макар Чудра", "Куш күнөөсү" аттуу чыгармаларын, 1937-жылы Александр Пушкиндин "Кавказ туткуну", "Руслан менен Людмила" аттуу поэмаларын жана Лев Толстойдун "Кавказ туткуну" повестин, 1941-жылы А. Пушкиндин "Евгений Онегин" романын, 1955-жылы Г. Башировдун "Намыс", 1960-жылы Ш. Рашидовдун "Бороондон күчтүү" романын жана башка орус жана боордош элдердин жазуучуларынын чыгармаларын которуп, кыргыз окурмандарына тааныштырган.
Үй-бүлөсү. Жубайы Наджат экөө эки кыз, эки уулдуу болгон. Бир уулу Марклен Касымович Баялинов белгилүү маданий жана коомдук ишмер. 1985-1989-жылдарда маданият министри кызматында иштеген. "Саманчынын жолу", "Маңкурт" деген опералардын либреттосун жазган, кыргыз макал-ылакаптарын жыйнап, орусчага которуп чыгарган.
Ысымы ыйгарылган жерлер. Касымалы Баялинов 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы 1993-жылы Бишкек шаарындагы Балдар жана өспүрүмдөр китепканасына, Бишкек шаарындагы бир көчөгө жана ошол көчөдөгү №75 мектепке берилген.
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2026
Көргөнүн поэзияга салган акын Абдрасул Токтомушев тууралуу 13 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0