https://sputnik.kg/20260730/kyrgyzstan-zhaparov-ozbekstan-mirzieev-bildiruu-1102701522.html
Жапаров Мирзиеев менен сүйлөшүүдөн кийин ЖМКга билдирүү жасады
Жапаров Мирзиеев менен сүйлөшүүдөн кийин ЖМКга билдирүү жасады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этап башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстан лидери Шавкат... 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T18:43+0600
2026-07-30T18:43+0600
2026-07-30T18:43+0600
кыргызстан
өзбекстан
"рух-ордо" маданий борбору
садыр жапаров
чолпон-ата
шавкат мирзиёев
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102696365_0:95:1280:816_1920x0_80_0_0_1d30f7eb3655ee65c60d3b24b1cb3750.jpg
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этап башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиеев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга берген билдирүүсүндө айтты. Жапаров өзбекстандык кесиптеши менен эки өлкө кызматташтыгынын бардык негизги багыттары боюнча кеңири талкуу болгонун билдирди. "Эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги бардык орчундуу маселелер толугу менен чечилип, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этап башталганын канааттануу менен белгиледик", — деди Жапаров. Кыргызстан лидери төмөнкүлөргө да токтолду:
https://sputnik.kg/20260730/kyrgyz-ozbek-kyzmattashuusu-boyuncha-dokumentterge-kol-koyuldu-1102698689.html
өзбекстан
чолпон-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102696365_61:0:1198:853_1920x0_80_0_0_cfc1dc7594f0ffb2a500f939b8cd43bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өзбекстан, "рух-ордо" маданий борбору, садыр жапаров, чолпон-ата, шавкат мирзиёев
кыргызстан, өзбекстан, "рух-ордо" маданий борбору, садыр жапаров, чолпон-ата, шавкат мирзиёев
Жапаров Мирзиеев менен сүйлөшүүдөн кийин ЖМКга билдирүү жасады
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этап башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиеев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга берген билдирүүсүндө айтты.
Жапаров өзбекстандык кесиптеши менен эки өлкө кызматташтыгынын бардык негизги багыттары боюнча кеңири талкуу болгонун билдирди.
"Эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги бардык орчундуу маселелер толугу менен чечилип, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этап башталганын канааттануу менен белгиледик", — деди Жапаров.
Кыргызстан лидери төмөнкүлөргө да токтолду:
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине кошумча дем берүү макулдашылды;
"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду;
Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү жайларынын саны 15тен 30га көбөйдү. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын өз ара визасыз жүрүү мөөнөтү 15 күнгө чейин узартылды;
Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба, маданият, туризм жана социалдык камсыздоо жааттарындагы кызматташуусун мындан ары дагы бекемдей турган болду;
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеевди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, ошондой эле 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.