https://sputnik.kg/20260712/rossiya-ukrainaga-raketa-zhoop-kaytaruuda-1102365826.html
Эксперт: Россия Украинанын ар бир дронуна ракета менен жооп кайтарууда
Эксперт: Россия Украинанын ар бир дронуна ракета менен жооп кайтарууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Киевдин Россия аймагына сокку уруу тактикасы Украинанын өзүнүн абалын оорлотот жана бул, атүгүл, анын батыштык союздаштарынын... 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T12:22+0600
2026-07-12T12:22+0600
2026-07-12T12:38+0600
дүйнөдө
украина
россия
акш
дрон
ракета
сокку
жооп
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102364802_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_0ef2e8e414631966010203fca913444e.jpg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Киевдин Россия аймагына сокку уруу тактикасы Украинанын өзүнүн абалын оорлотот жана бул, атүгүл, анын батыштык союздаштарынын кызыкчылыктарына да жооп бербейт. Бул тууралуу дипломат, Россия менен АКШнын эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча президенттик комиссиянын америкалык бөлүгүнүн мурдагы кеңешчиси Жеймс Карден Going Underground каналынын эфиринде билдирди.Эксперт Украинанын ар бир дрон менен жасаган чабуулуна Россия кубаттуу ракеталар менен жооп кайтарып жатканын белгиледи. Мындан улам биринчи кезекте карапайым украиндер өздөрү кыйналууда.Ошондой эле ал Батыш өлкөлөрү өз кызыкчылыктарын туура эмес түшүнүп, Киевди сокурларча колдоп жатканын айтты. Дипломаттын пикиринде, Америка үчүн Донбасстагы же Кара деңиздеги согушту каржылоонун эч кандай пайдасы жок.Россия тарап болсо Батыштын Украинага курал берип жатканы согушту гана узартып жатканын жана сырттан келген аскердик жүктөрдүн баары Россия үчүн негизги бута экенин дагы бир ирет эскертти.
https://sputnik.kg/20260712/frantsiyalyk-zelenskiydin-rezhimin-kulatuuga-chakyrdy-1102364231.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102364802_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_3d947f9a6037055c76d2939a32d78624.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, акш, дрон, ракета, сокку, жооп
дүйнөдө, украина, россия, акш, дрон, ракета, сокку, жооп
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Киевдин Россия аймагына сокку уруу тактикасы Украинанын өзүнүн абалын оорлотот жана бул, атүгүл, анын батыштык союздаштарынын кызыкчылыктарына да жооп бербейт. Бул тууралуу дипломат, Россия менен АКШнын эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча президенттик комиссиянын америкалык бөлүгүнүн мурдагы кеңешчиси Жеймс Карден Going Underground каналынын эфиринде билдирди.
Эксперт Украинанын ар бир дрон менен жасаган чабуулуна Россия кубаттуу ракеталар менен жооп кайтарып жатканын белгиледи. Мындан улам биринчи кезекте карапайым украиндер өздөрү кыйналууда.
“Бул согушта Украина алдын ала эле утула турган абалда турат”, — деди Карден.
Ошондой эле ал Батыш өлкөлөрү өз кызыкчылыктарын туура эмес түшүнүп, Киевди сокурларча колдоп жатканын айтты. Дипломаттын пикиринде, Америка үчүн Донбасстагы же Кара деңиздеги согушту каржылоонун эч кандай пайдасы жок.
“Трамптын бийлиги АКШнын кызыкчылыктарына башкача карайт. Донбассты же Крымды ким башкарат, Азов деңизи кимдики болот — мунун Америкага эч кандай тиешеси жок. АКШ үчүн бул аймактардын кимдин колунда экени баары бир”, — деп кошумчалады ал.
Россия тарап болсо Батыштын Украинага курал берип жатканы согушту гана узартып жатканын жана сырттан келген аскердик жүктөрдүн баары Россия үчүн негизги бута экенин дагы бир ирет эскертти.