https://sputnik.kg/20260712/frantsiyalyk-zelenskiydin-rezhimin-kulatuuga-chakyrdy-1102364231.html
Франциялык саясатчы Зеленскийдин режимин кулатууга чакырды
Франциялык саясатчы Зеленскийдин режимин кулатууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Франциянын “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Украинада бийликти алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы... 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T10:50+0600
2026-07-12T10:50+0600
2026-07-12T11:12+0600
дүйнөдө
украина
франция
бийлик
кулатуу
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102331737_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_5b51c6a9c84c3ac12e7ebb6c94273ded.jpg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Франциянын “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Украинада бийликти алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Х социалдык тармагында Украинанын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Кирилл Шевченконун билдирүүсүнө комментарий берип жатып жазды.Буга чейин Шевченко өлкө жетекчилигинин бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп айыптаган. Улуттук банктын мурдагы башчысы өз билдирүүсүндө Зеленскийдин режими менен байланышы болушу мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде украиналык ишкер Вадим Ермолаевдин өлүмүн тизмектеп өткөн. Шевченко Киев өзүнүн оппоненттерине каршы кандай гана ыкма болбосун колдонууга даяр экенин баса белгилеген.“Украина банкынын мурдагы башчысы Зеленский режиминин кылмыштуу жана мафиялык ыкмаларынын сырларын ачып жатат. Бул — биз массалык түрдө каржылап, куралдандырып жаткан кылмыштуу мафия. Эмне үчүн? Анткени бул акчанын бир бөлүгү бул жакта калып, көшөгө артында баарын башкарып жаткан европачыл мафияны байытууда. Бул жиндилик токтотулушу керек жана бул адамдарды кызматтан кетирүү зарыл!” — деп билдирди Филиппо.Июндун аягында Монакодо жарылуу болуп, андан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын жубайы жана уулу жабыркаган. Интерполдун маалыматы боюнча, бул кылмышты уюштурууга 30 жаштагы Украинанын жараны шектелүүдө. Ал имараттын кире беришине жардыргыч зат салынган рюкзакты калтырып кеткени айтылууда. Кийинчерээк украиналык маалымат каражаттары шектүү аялдын сөөгү Киевдин четинен табылганын кабарлашкан. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы расмий түрдө тастыктады.
https://sputnik.kg/20260711/nato-ukraina-rossiya-armiya-1102356119.html
украина
франция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102331737_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_7ce1ff16a0f8890c8c1e2643b010e88c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, франция, бийлик, кулатуу
дүйнөдө, украина, франция, бийлик, кулатуу
Франциялык саясатчы Зеленскийдин режимин кулатууга чакырды
10:50 12.07.2026 (Жаңыртылды: 11:12 12.07.2026) БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Франциянын “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Украинада бийликти алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Х социалдык тармагында Украинанын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Кирилл Шевченконун билдирүүсүнө комментарий берип жатып жазды.
Буга чейин Шевченко өлкө жетекчилигинин бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп айыптаган. Улуттук банктын мурдагы башчысы өз билдирүүсүндө Зеленскийдин режими менен байланышы болушу мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде украиналык ишкер Вадим Ермолаевдин өлүмүн тизмектеп өткөн. Шевченко Киев өзүнүн оппоненттерине каршы кандай гана ыкма болбосун колдонууга даяр экенин баса белгилеген.
“Украина банкынын мурдагы башчысы Зеленский режиминин кылмыштуу жана мафиялык ыкмаларынын сырларын ачып жатат. Бул — биз массалык түрдө каржылап, куралдандырып жаткан кылмыштуу мафия. Эмне үчүн? Анткени бул акчанын бир бөлүгү бул жакта калып, көшөгө артында баарын башкарып жаткан европачыл мафияны байытууда. Бул жиндилик токтотулушу керек жана бул адамдарды кызматтан кетирүү зарыл!” — деп билдирди Филиппо.
Июндун аягында Монакодо жарылуу болуп, андан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын жубайы жана уулу жабыркаган. Интерполдун маалыматы боюнча, бул кылмышты уюштурууга 30 жаштагы Украинанын жараны шектелүүдө. Ал имараттын кире беришине жардыргыч зат салынган рюкзакты калтырып кеткени айтылууда. Кийинчерээк украиналык маалымат каражаттары шектүү аялдын сөөгү Киевдин четинен табылганын кабарлашкан. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы расмий түрдө тастыктады.