https://sputnik.kg/20260711/nato-ukraina-rossiya-armiya-1102356119.html
ЖМК: НАТО Украина жаңжалына аралашып, Россияга тең ата армия түзө алган жок
ЖМК: НАТО Украина жаңжалына аралашып, Россияга тең ата армия түзө алган жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТО мамлекеттери украин жаңжалына аралашып, Россияга туруштук берүүгө жөндөмдүү армия түзө алган жок. Бул тууралуу Daily Telegraph... 11.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-11T19:03+0600
2026-07-11T19:03+0600
2026-07-12T10:43+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
нато
россия
армия
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102334672_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_29d1d837bb2e5132c7c809599e3d5b70.jpg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТО мамлекеттери украин жаңжалына аралашып, Россияга туруштук берүүгө жөндөмдүү армия түзө алган жок. Бул тууралуу Daily Telegraph жазды. https://dailytelegraph.co.nz/opinion/nato-is-spending-itself-into-oblivion/ Натыйжада альянсты күчөтүү боюнча пландар ишке ашпай калганы белгиленген. "НАТОнун өзүндө, ошол эле АКШда Россиянын деңгээлиндегидей душманга согуш талаасында туруштук бере турган бир да заманбап улуттук армия түзүлгөн жок. НАТОнун милдети Россия сымал каршылаш менен тең ата согуша алган армия түзүп, ага колдоо көрсөтүү эле, анте алган жок", — дешкен авторлор. Москва Түндүк атлантикалык альянс тирешүүгө ыктаарын, бирок мындай аракет Европаны аңга түртөрүн айтып келет. Кремль Россиянын НАТОго кол салуу ою жок экенин, бирок кызыкчылыгына доо кетире турган кадамдарды жөн калтырбай турганын да эскерткен. Өлкө жетекчилиги мамлекет диалогго даяр экенин, бирок сүйлөшүүлөр тең укуктуу негизде жүргүзүлүшү зарылдыгын белгилеп, Батыш континентти милитаризациялоо багытынан кайтышы керектигин кошумчалап келет.
https://sputnik.kg/20260710/zelenskiy-natonu-ozoktuk-kural-menen-korkutuuga-araket-kyluuda-1102336990.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102334672_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_b35cbbb0fbc3f4a8b92371b1bb900826.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, нато, россия, армия
дүйнөдө, украина, нато, россия, армия
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТО мамлекеттери украин жаңжалына аралашып, Россияга туруштук берүүгө жөндөмдүү армия түзө алган жок. Бул тууралуу Daily Telegraph жазды. https://dailytelegraph.co.nz/opinion/nato-is-spending-itself-into-oblivion/
"НАТО Россия менен болгон прокси-согушка тартылып, Украинага ири көлөмдө аскердик ресурс — каражат менен техника жөнөтүүгө аргасыз болду. Ал эми Киев Россиядан озуп өтчү шарт түзүп бере алган жок, бергенин эле жутуп жатат", — деп айтылат макалада.
Натыйжада альянсты күчөтүү боюнча пландар ишке ашпай калганы белгиленген.
"НАТОнун өзүндө, ошол эле АКШда Россиянын деңгээлиндегидей душманга согуш талаасында туруштук бере турган бир да заманбап улуттук армия түзүлгөн жок. НАТОнун милдети Россия сымал каршылаш менен тең ата согуша алган армия түзүп, ага колдоо көрсөтүү эле, анте алган жок", — дешкен авторлор.
Москва Түндүк атлантикалык альянс тирешүүгө ыктаарын, бирок мындай аракет Европаны аңга түртөрүн айтып келет. Кремль Россиянын НАТОго кол салуу ою жок экенин, бирок кызыкчылыгына доо кетире турган кадамдарды жөн калтырбай турганын да эскерткен. Өлкө жетекчилиги мамлекет диалогго даяр экенин, бирок сүйлөшүүлөр тең укуктуу негизде жүргүзүлүшү зарылдыгын белгилеп, Батыш континентти милитаризациялоо багытынан кайтышы керектигин кошумчалап келет.