https://sputnik.kg/20260619/blogerler-auditoriyaga-emnege-kooptuu-bolushu-mumkun-1101979222.html
Блогерлер аудитория үчүн эмнеге кооптуу болушу мүмкүн. Пикир
Блогерлер аудитория үчүн эмнеге кооптуу болушу мүмкүн. Пикир
Sputnik Кыргызстан
БОСТЕРИ,19-июн. — Sputnik. Азыркы маалыматтык мейкиндиктеги негизги кооптуулуктардын бири жарыялаган, тараткан маалыматынын кесепети үчүн авторлордун... 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-19T17:16+0600
2026-06-19T17:16+0600
2026-06-19T17:16+0600
кыргызстан
россия
ысык-көл
медиафорум
журналистика
жоопкерчилик
контент
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101967829_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_413cd570ead883db629d78c6f4d8118a.jpg
БОСТЕРИ,19-июн. — Sputnik. Азыркы маалыматтык мейкиндиктеги негизги кооптуулуктардын бири жарыялаган, тараткан маалыматынын кесепети үчүн авторлордун жоопкерчиликти сезбегени болууда. Мындай пикири менен РФтин Санарип министрлигинин өкүлү Екатерина Ларина ШКУ өлкөлөрүнүн Бостериде өтүп жаткан медиафорумунда бөлүшкөн. Анын айтымында, салттуу журналистика түптөлгөндөн тарта эле редакциянын жоопкерчилиги, кесиптик стандарттар жана маалыматтын чын-төгүн экенин жоопкерчилик менен текшерүү деген негизги принциптер менен келе жатат. Ал санарип платформалар ар бир адамга миллиондогон аудиторияга чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгилеген. "Маалымат агенттигиндеги бул адамдар көп учурда журналист эмес жана айткан нерсесинин кесепети үчүн жоопкерчилик алышпайт", — деген Ларина. Анын пикиринде, интернет-колдонуучулардын көзүнө түшүү жана контенттен акча табам деген атаандаштык кырдаалды кыйындатып жатат. Ларина андыктан дал ушул себептен улам редакциялык стандарттардын алкагында иштеген жана жарыяланган маалымат үчүн жоопкерчилик алган кесипкөй ЖМКлар өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
https://sputnik.kg/20260619/zhi-adamdyn-kozomolundo-bolushu-kerek-1101978169.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101967829_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_2c0e2848fee6c8aac6dde991f25ffdd4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, ысык-көл, медиафорум, журналистика, жоопкерчилик, контент
кыргызстан, россия, ысык-көл, медиафорум, журналистика, жоопкерчилик, контент
БОСТЕРИ,19-июн. — Sputnik. Азыркы маалыматтык мейкиндиктеги негизги кооптуулуктардын бири жарыялаган, тараткан маалыматынын кесепети үчүн авторлордун жоопкерчиликти сезбегени болууда. Мындай пикири менен РФтин Санарип министрлигинин өкүлү Екатерина Ларина ШКУ өлкөлөрүнүн Бостериде өтүп жаткан медиафорумунда бөлүшкөн.
Анын айтымында, салттуу журналистика түптөлгөндөн тарта эле редакциянын жоопкерчилиги, кесиптик стандарттар жана маалыматтын чын-төгүн экенин жоопкерчилик менен текшерүү деген негизги принциптер менен келе жатат.
"Окурмандар, көрөрмандар журналистти тааныйт, билет. Редакция, анын юридикалык дареги, автордун аты-жөнү көрсөтүлөт. Бул айткан-деген үчүн жоопкерчиликти күчөткөн", — деди Ларина.
Ал санарип платформалар ар бир адамга миллиондогон аудиторияга чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгилеген.
"Маалымат агенттигиндеги бул адамдар көп учурда журналист эмес жана айткан нерсесинин кесепети үчүн жоопкерчилик алышпайт", — деген Ларина.
Анын пикиринде, интернет-колдонуучулардын көзүнө түшүү жана контенттен акча табам деген атаандаштык кырдаалды кыйындатып жатат.
"Акча табам деген нерсенин артынан сая түшкөндө этиканы, уят-сыйытты жана кесипкөйлүк стандарттарды кармануу өтө кыйын", — деген россиялык адис.
Ларина андыктан дал ушул себептен улам редакциялык стандарттардын алкагында иштеген жана жарыяланган маалымат үчүн жоопкерчилик алган кесипкөй ЖМКлар өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.