https://sputnik.kg/20260614/aksh-menen-iran-kelishimge-kol-koet-1101868580.html
Трамп АКШ менен Иран бүгүн келишимге кол коерун жар салды
Трамп АКШ менен Иран бүгүн келишимге кол коерун жар салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШ менен Иран келишимге жекшемби күнү кое коеру күтүлүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth Social соцтармагына жазганын РИА... 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T11:26+0600
2026-06-14T11:26+0600
2026-06-14T12:37+0600
дүйнөдө
акш
иран
келишим
өзөктүк курал
уран
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094932994_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_511760533e614ab55be470bc087914d9.jpg.webp
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШ менен Иран келишимге жекшемби күнү кое коеру күтүлүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости билдирди. Анын айтымында, мындан кийин Тегеран өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырайт. Жекшемби күнү кол коюларын эки тарапка ортомчу болуп жаткан Пакистандын ТИМи да айткан. Өлкөнүн премьери Шахбаз Шариф келишимдин эң акыркы текстин иштеп чыгууга бир күн керектелерин билдирген болчу. Ал эми Ирандын ТИМи меморандумга жакынкы арада кол коюларын, деген менен "эртең эле болуп кетет" дегенден алыс экенин кабарлаган. Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумда кемелердин жүрүшүнө, өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык абалына, иран активдерин камактан чыгарууга байланышкан маселелер менен бирге кенемте төлөөнүн экономикалык планы камтыларын маалымдаган. Макулдашуунун соңку вариантында атом жана санкциялардын алынышы боюнча маселе чечилет. Мында Тегеран байытылган уранды суюлтуу процесси Иранда жүрүшүн талап кылууда.
https://sputnik.kg/20260613/tramp-aksh-irandan-urandy-alyp-keterin-aytty-1101867014.html
акш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094932994_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_d0702c0c8adda69fcc8b3850f823fcfe.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, келишим, өзөктүк курал, уран
дүйнөдө, акш, иран, келишим, өзөктүк курал, уран
Трамп АКШ менен Иран бүгүн келишимге кол коерун жар салды
11:26 14.06.2026 (Жаңыртылды: 12:37 14.06.2026) БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШ менен Иран келишимге жекшемби күнү кое коеру күтүлүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth Social соцтармагына жазганын
РИА Новости билдирди.
"Кол коюлары менен Ормуз кысыгы толук ачылат", — деди АКШ лидери.
Анын айтымында, мындан кийин Тегеран өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырайт.
Жекшемби күнү кол коюларын эки тарапка ортомчу болуп жаткан Пакистандын ТИМи да айткан. Өлкөнүн премьери Шахбаз Шариф келишимдин эң акыркы текстин иштеп чыгууга бир күн керектелерин билдирген болчу. Ал эми Ирандын ТИМи меморандумга жакынкы арада кол коюларын, деген менен "эртең эле болуп кетет" дегенден алыс экенин кабарлаган.
Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумда кемелердин жүрүшүнө, өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык абалына, иран активдерин камактан чыгарууга байланышкан маселелер менен бирге кенемте төлөөнүн экономикалык планы камтыларын маалымдаган.
Макулдашуунун соңку вариантында атом жана санкциялардын алынышы боюнча маселе чечилет. Мында Тегеран байытылган уранды суюлтуу процесси Иранда жүрүшүн талап кылууда.