https://sputnik.kg/20260613/tramp-aksh-irandan-urandy-alyp-keterin-aytty-1101867014.html
Трамп АКШ Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты
Трамп АКШ Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп кырдаал тынчып, ыңгайлуу учур келгенде, Вашингтон Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты. Бул... 13.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-13T23:45+0600
2026-06-13T23:45+0600
2026-06-14T00:16+0600
дүйнөдө
акш
иран
дональд трамп
уран
сүйлөшүү
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1c/1098187579_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_cc4bacd6ed25e2ff8c5c457957f67af3.jpg
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп кырдаал тынчып, ыңгайлуу учур келгенде, Вашингтон Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Мурдагы айткандарына таянсак, Ак үйдүн кожоюну байытылган уранды ушинтип атап келет. АКШ лидери план Ирандагы же АКШдагы байытылган уранды "кайра иштетүү, өтө күчтүү кылып байытпай, күчүн азайтып, андан соң жок кылуу" экенин түшүндүргөн. "Иран жана жалпы эле Жакынкы Чыгыш менен келечектүү, узакка кызматташуу ниетибиз бар", — деген Трамп. Ал сүйлөшүү оңой жана тез өтөт деп үмүт артып турганын айткан. "Эгер андай болбосо, бизде эң акыркы, кескин көрүлө турган чара бар. Эми ага кайра кайрылууга туура келбейт деп үмүттөнөбүз", — деген Трамп. Эске салсак, АКШнын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Тегеран өтө байытылган урандын маселеси алардын аймагында чечилиши керек деп бекем туруп жаткандыгын айткан. Россия буга чейин мындай түрдөгү уранды РФте сактап берүүнү сунуштаган. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Вашингтон азырынча Москванын сунушун кабыл албай жатканын айткан.
https://sputnik.kg/20260613/aksh-iran-makuldashuu-masele-kamtylgany-aytyldy-1101856253.html
акш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1c/1098187579_210:0:2941:2048_1920x0_80_0_0_e67c505d19842fdc527c0ea72b606ec6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, дональд трамп, уран, сүйлөшүү, геосаясат
дүйнөдө, акш, иран, дональд трамп, уран, сүйлөшүү, геосаясат
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп кырдаал тынчып, ыңгайлуу учур келгенде, Вашингтон Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Баары тынчтанып, абал жайгарылган соң өзөктүк куралдын топонун алып кетебиз", — деп Truth Social тармагына жазган.
Мурдагы айткандарына таянсак, Ак үйдүн кожоюну байытылган уранды ушинтип атап келет.
АКШ лидери план Ирандагы же АКШдагы байытылган уранды "кайра иштетүү, өтө күчтүү кылып байытпай, күчүн азайтып, андан соң жок кылуу" экенин түшүндүргөн.
"Иран жана жалпы эле Жакынкы Чыгыш менен келечектүү, узакка кызматташуу ниетибиз бар", — деген Трамп.
Ал сүйлөшүү оңой жана тез өтөт деп үмүт артып турганын айткан.
"Эгер андай болбосо, бизде эң акыркы, кескин көрүлө турган чара бар. Эми ага кайра кайрылууга туура келбейт деп үмүттөнөбүз", — деген Трамп.
Эске салсак, АКШнын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Тегеран өтө байытылган урандын маселеси алардын аймагында чечилиши керек деп бекем туруп жаткандыгын айткан.
Россия буга чейин мындай түрдөгү уранды РФте сактап берүүнү сунуштаган. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Вашингтон азырынча Москванын сунушун кабыл албай жатканын айткан.