https://sputnik.kg/20260605/akshnyn-el-okuldoru-anntirossiyalyk-sanktsiyanyn-dolboorun-zhaktyrdy-1101722243.html
АКШнын Өкүлдөр палатасы антироссиялык санкциянын долбоорун жактырды
АКШнын Өкүлдөр палатасы антироссиялык санкциянын долбоорун жактырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага жардам бере турган жана Россияга каршы санкциянын долбоорун жактырды. Бул туурасында РИА Новости... 05.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-05T12:38+0600
2026-06-05T12:38+0600
2026-06-05T12:38+0600
дүйнөдө
акш
россия
сенат
антироссиялык санкция
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085457768_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9169777bb39cca8561773d196cbca852.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага жардам бере турган жана Россияга каршы санкциянын долбоорун жактырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Документти аталган палатанын 226 мүчөсү колдосо, 195и каршы чыккан. Добуш бергендердин 18и республикачылар, 207си демократтар, бирөө көз карандасыз мыйзамчы дешти. Былтыр апрелде киргизилген мыйзам долбоорунда Украинаны калыбына келтирүү фондун түзүү каралган. Анда президенттин Украинага жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө курал-жаракты насыяга же ижарага берүү укугун кайрадан жаңылап, жандандыруу да айтылган. Аны менен катар эле Пентагондун Киевге коопсуздук жана чалгын жаатында жардамдашуу мөөнөтүн 2027-жылдын аягына чейин узартуу туурасында да жазылган. Мамлекеттик департаментке Балтика боюндагы өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрү менен Чек ара кызматын күчтөндүрүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү милдети да тагылган. Бул мыйзам күчүнө кирсе АКШ президенти Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга баа берүүгө укуктуу болот. Мамлекеттин башчысы жасаган анализинин негизинде чектөөлөрдү, анын ичинде санкцияларды киргизе алат, активдерди бөгөттөп, кошумча экспорттук алымдарды да коет. Мыйзам долбоору күчүнө кириш үчүн Сенат колдоп бериши керек, бирок азырынча эч ким унчуга элек. Шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кошмо Штаттар администрациясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканын кабарлаган. Россия Вашингтондун көйгөйү катары кала берерин белгилеген. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга комментарий берип, Америка коомунун бир бөлүгү бинесмендердин Москва менен ымалалаш болууга тоскоолдук жаратуу ниетинде экенин айткан. Россия кастарын тиккен мамлекеттердин бир нече жылдан бери коюп келе жаткан чектөөлөрүнө тизелеп калбай арыш таштап келе жаткандыгын бир нече жолу белгилеген. Ал эми Батыштан өздөрү салган санкциялар майнаптуу болбой жатканы айтылган.
https://sputnik.kg/20260319/akshnyn-chalgyny-kongresske-rftegi-saktsiyalar-boyuncha-eskertti-1100307278.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085457768_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_949971d592ea4d807f4ca02993a0e9e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, сенат, антироссиялык санкция
дүйнөдө, акш, россия, сенат, антироссиялык санкция
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага жардам бере турган жана Россияга каршы санкциянын долбоорун жактырды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Документти аталган палатанын 226 мүчөсү колдосо, 195и каршы чыккан. Добуш бергендердин 18и республикачылар, 207си демократтар, бирөө көз карандасыз мыйзамчы дешти.
Былтыр апрелде киргизилген мыйзам долбоорунда Украинаны калыбына келтирүү фондун түзүү каралган. Анда президенттин Украинага жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө курал-жаракты насыяга же ижарага берүү укугун кайрадан жаңылап, жандандыруу да айтылган.
Аны менен катар эле Пентагондун Киевге коопсуздук жана чалгын жаатында жардамдашуу мөөнөтүн 2027-жылдын аягына чейин узартуу туурасында да жазылган. Мамлекеттик департаментке Балтика боюндагы өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрү менен Чек ара кызматын күчтөндүрүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү милдети да тагылган.
Бул мыйзам күчүнө кирсе АКШ президенти Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга баа берүүгө укуктуу болот. Мамлекеттин башчысы жасаган анализинин негизинде чектөөлөрдү, анын ичинде санкцияларды киргизе алат, активдерди бөгөттөп, кошумча экспорттук алымдарды да коет.
Мыйзам долбоору күчүнө кириш үчүн Сенат колдоп бериши керек, бирок азырынча эч ким унчуга элек.
Шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кошмо Штаттар администрациясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканын
кабарлаган. Россия Вашингтондун көйгөйү катары кала берерин белгилеген.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга комментарий берип, Америка коомунун бир бөлүгү бинесмендердин Москва менен ымалалаш болууга тоскоолдук жаратуу ниетинде экенин айткан.
Россия кастарын тиккен мамлекеттердин бир нече жылдан бери коюп келе жаткан чектөөлөрүнө тизелеп калбай арыш таштап келе жаткандыгын бир нече жолу белгилеген. Ал эми Батыштан өздөрү салган санкциялар майнаптуу болбой жатканы айтылган.