https://sputnik.kg/20260604/raksh-rossiyaga-karshy-zhany-sankciyalar-boyuncha-ishtep-zhatat-1101693554.html
Рубио: Ак үй менен Конгресс Россияга каршы жаңы санкцияларды макулдашып жатат
Рубио: Ак үй менен Конгресс Россияга каршы жаңы санкцияларды макулдашып жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. АКШ администрациясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу америкалык мамлекеттик катчы... 04.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-04T10:04+0600
2026-06-04T10:04+0600
2026-06-04T10:04+0600
дүйнөдө
акш
россия
антироссиялык санкция
мунай
жакынкы чыгыш
марко рубио
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096541090_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f3a685c9b0133a35b89faaf765420f9e.jpg
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. АКШ администрациясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу америкалык мамлекеттик катчы Марко Рубио айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Россиянын мунайын сатууга лицензия берилгенине карабастан санкциялык саясат ошол бойдон калат. Грэм жаңы санкциялардын пакетин "эки партия тең колдоп", кабыл алынарына аз калганын белгилеген. Өткөн айдын ортосунда Вашингтон танкерлерге жүктөлгөн россиялык нефтини сатуу боюнча операциялардын мөөнөтүн кайрадан узарткан. Лицензия мартта бериле баштап, апрелде да кайталанган. АКШнын Финансы министрлиги муну Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушунан улам дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды жеңилдетүү аракети менен түшүндүргөн. Башкача айтканда, мунайдын ири көлөмү транзитте туруп калгандыктан баанын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербеш үчүн жасалган. Нефтиге болгон баа АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталгандан тарта асмандап кетти. Тараптар февралдын аягынан бери бири-бирине сокку урууда. Бул мунай жана суюлтулган газдын араб өлкөлөрүнөн дүйнөгө тараган маанилүү маршруту Ормуз кысыгынын бөгөттөлүшүн шарттаган. * — Россияда террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилген
https://sputnik.kg/20260531/yeb-rossiyanyn-munayyna-koyulgan-baaga-kayradan-asyla-bashtady-1101624170.html
акш
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096541090_114:0:2845:2048_1920x0_80_0_0_0ded01780ef58cc5ddede202865b3eea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, антироссиялык санкция, мунай, жакынкы чыгыш, марко рубио
дүйнөдө, акш, россия, антироссиялык санкция, мунай, жакынкы чыгыш, марко рубио
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. АКШ администрациясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу америкалык мамлекеттик катчы Марко Рубио айтканын
РИА Новости жазды.
"Ак үйдүн юридикалык башкармалыгы сенатор Грэмдин* кеңсеси менен мыйзам долбоору боюнча иштеп жатат. Президент маанилүү нерселерди белгилеп, макулдугун берген деталдар такталууда", — деди саясатчы.
Анын айтымында, Россиянын мунайын сатууга лицензия берилгенине карабастан санкциялык саясат ошол бойдон калат. Грэм жаңы санкциялардын пакетин "эки партия тең колдоп", кабыл алынарына аз калганын белгилеген.
Өткөн айдын ортосунда Вашингтон танкерлерге жүктөлгөн россиялык нефтини сатуу боюнча операциялардын мөөнөтүн кайрадан узарткан. Лицензия мартта бериле баштап, апрелде да кайталанган. АКШнын Финансы министрлиги муну Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушунан улам дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды жеңилдетүү аракети менен түшүндүргөн. Башкача айтканда, мунайдын ири көлөмү транзитте туруп калгандыктан баанын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербеш үчүн жасалган.
Нефтиге болгон баа АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталгандан тарта асмандап кетти. Тараптар февралдын аягынан бери бири-бирине сокку урууда. Бул мунай жана суюлтулган газдын араб өлкөлөрүнөн дүйнөгө тараган маанилүү маршруту Ормуз кысыгынын бөгөттөлүшүн шарттаган.
* — Россияда террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилген