https://sputnik.kg/20260406/aksh-menen-izrail-irandy-bombaloogo-niyettenuudo-1100633282.html
ЖМК: АКШ менен Израиль Ирандагы энергообъектилерди бомбалоого ниеттенүүдө
ЖМК: АКШ менен Израиль Ирандагы энергообъектилерди бомбалоого ниеттенүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоо планы даяр экенин кырдаал менен тааныш болгон америкалык... 06.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-06T15:22+0600
2026-04-06T15:22+0600
2026-04-06T15:22+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
акш
иран
ормуз кысыгы
бомбалоо
объект
энергетика
диалог
https://sputnik.kg/img/07ea/04/06/1100632470_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_afeadbcbab161995c7003c90dffe96d1.jpg
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоо планы даяр экенин кырдаал менен тааныш болгон америкалык, израилдик жана Жакынкы Чыгыштагы төрт маалымат булагы билдиргенин Axios порталы жазды. Ал арада Ирандын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири Рейтер агенттигине Тегеран согуш отун убактылуу токтотуу шартына Ормуз кысыгын ачууну алмашпай турганын айткан. Муну менен катар эле Пакистандан (ортомчу катары) кармашты токтотуу боюнча сунушту алганын, бирок аны карап жаткандыктарын кошумчалаган. Мурдараак Трамп Вашингтон менен Тегеран дүйшөмбү күнү келишим түзөрүн айткан эле. Ал эми жекшембиде Axios Кошмо Штаттар Иран менен "сүйлөшүүлөрдү тереңдетип" жүргүзүп жатканын, шейшемби күнү кепке келип кала тургандыктары ыктымалдыгын билдирген. Ак үйдүн кожоюну мындан сырткары Ормузду ачууну талап кылып, шейшембиде электр станциялар менен көпүрөлөрдүн таш-талканын чыгарып жиберем деп опузалап, ашата тилдеп, бирок ага жооп алган. Президент буга чейин эки тарап майнаптуу сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн кабарлаган. Бирок Иран ТИМи түз диалог болбогонун, бирок Тегеран ортомчулар аркылуу Вашингтондон жаңжалды аякташ үчүн сүйлөшүүнү баштоого баш коюп жаткан билдирүүнү алганын айткан. АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы согуштук операциялары Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин катташын дээрлик токтотту. Бул Араб мамлекеттеринен мунай продукцияларын алып чыгууга кедергиси тийгизип, аны пайдаланган дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө баанын өсүп кетишин шарттады. Tasnim агенттигинин билдиргенине таянсак, учурда кысык аркылуу Россиянын, Кытайдын, Индиянын, Ирактын жанана Пакистандын гана кемелеринин катташына уруксат берилген. Трамп Европа менен Азиянын бир катар мамлекеттерин кысыкты ачуу үчүн аймакка согуштук кемелерин жиберүүгө чакырык салган, бирок алардын көбү мындай кадамга баруудан баш тартып коюшкан. Ал арада Тегеран араб жана азия мамлекеттеринин булуңду колдонуу боюнча эрежесин бекиткен "Ормуз пактысын" иштеп чыгууну сунуштады. Ага чейин Ак үйдүн кожоюну бул өлкөлөрдү Американын энергетика ресурстарын сатып алууга чакырган эле.
https://sputnik.kg/20260406/ormuz-kysygyn-aksh-menen-izrail-murdagyday-bashkara-albayt-1100624823.html
жакынкы чыгыш
акш
иран
ормуз кысыгы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/06/1100632470_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_94a65e0cc039e37c670bea6438a41681.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, иран, ормуз кысыгы, бомбалоо, объект, энергетика, диалог
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, иран, ормуз кысыгы, бомбалоо, объект, энергетика, диалог
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоо планы даяр экенин кырдаал менен тааныш болгон америкалык, израилдик жана Жакынкы Чыгыштагы төрт маалымат булагы билдиргенин
Axios порталы жазды.
"АКШ менен Израиль Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоонун ыкчам планы ишке киргизүүгө даяр", — деп портал кабарлаган.
Ал арада Ирандын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири Рейтер агенттигине Тегеран согуш отун убактылуу токтотуу шартына Ормуз кысыгын ачууну
алмашпай турганын айткан. Муну менен катар эле Пакистандан (ортомчу катары) кармашты токтотуу боюнча сунушту алганын, бирок аны карап жаткандыктарын кошумчалаган.
Мурдараак Трамп Вашингтон менен Тегеран дүйшөмбү күнү келишим түзөрүн айткан эле. Ал эми жекшембиде Axios Кошмо Штаттар Иран менен "сүйлөшүүлөрдү тереңдетип" жүргүзүп жатканын, шейшемби күнү кепке келип кала тургандыктары ыктымалдыгын билдирген. Ак үйдүн кожоюну мындан сырткары Ормузду ачууну талап кылып, шейшембиде электр станциялар менен көпүрөлөрдүн таш-талканын чыгарып жиберем деп опузалап, ашата тилдеп, бирок ага
жооп алган.
Президент буга чейин эки тарап майнаптуу сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн кабарлаган. Бирок Иран ТИМи түз диалог болбогонун, бирок Тегеран ортомчулар аркылуу Вашингтондон жаңжалды аякташ үчүн сүйлөшүүнү баштоого баш коюп жаткан билдирүүнү алганын айткан.
АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы согуштук операциялары Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин катташын дээрлик токтотту. Бул Араб мамлекеттеринен мунай продукцияларын алып чыгууга кедергиси тийгизип, аны пайдаланган дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө баанын өсүп кетишин шарттады.
Tasnim агенттигинин билдиргенине таянсак, учурда кысык аркылуу Россиянын, Кытайдын, Индиянын, Ирактын жанана Пакистандын гана кемелеринин катташына уруксат берилген. Трамп Европа менен Азиянын бир катар мамлекеттерин кысыкты ачуу үчүн аймакка согуштук кемелерин жиберүүгө чакырык салган, бирок алардын көбү мындай кадамга баруудан баш тартып коюшкан.
Ал арада Тегеран араб жана азия мамлекеттеринин булуңду колдонуу боюнча эрежесин бекиткен "Ормуз пактысын" иштеп чыгууну сунуштады. Ага чейин Ак үйдүн кожоюну бул өлкөлөрдү Американын энергетика ресурстарын сатып алууга чакырган эле.