00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Обычная уборка на даче может закончиться хантавирусом — врачи объясняют почему
16:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Иран Трамптын ашата тилдегенине жооп берди

© AP Photo / Emrah GurelИран Трамптын ашата тилдегенине жооп берди. Архивдик сүрөт
Иран Трамптын ашата тилдегенине жооп берди. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2026
Жазылуу
Трамптын кылыгын АКШнын ичиндегилер да сындады. Ак үйдүн кожоюнунун айткандары Иранды күчөтүшү мүмкүндүгүн белгилешти.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеранга карата эмоцияга алдырып жазгандарын айыптаган билдирүүнү X социалдык тармагына жайгаштырды.
Мурдараак Трамп ирандыктарды тилдеп, Ормуз кысыгын ачууну талап кылган.

"Шейшемби Иранда электр станцияларынын жана көпүрөлөрдүн күнү болот, ошондо бардыгы бир күнгө туш келет. Мындай эч качан болгон эмес. Кысыкты ачкыла, акмактар, болбосо тозокко түшөсүңөр, карап тургула! Аллага мактоолор болсун", — деген Трамп Truth Social аркылуу.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө бул кадам "карапайым калкка каршы террорчулукту жасоого жасалган ачыктан ачык чакырык жана согуштук кылмышка баруу ниетинин айкын далили" экени айтылат. Ошондой эле өкүлчүлүк дүйнөлүк коомчулукту мындай нерсени алдын алуу үчүн "дал ушул убактан, азыртадан баштап козголууга" чакырды.
Трамптын бул кылыгын АКШнын ичиндегилер да сындады. Америка армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис X социалдык тармагында мындай коркутуулар Иранды чөгөлөтө албастыгын айткан.
"Президент Трамптын минтип жазгандары жана кыйратып жиберем дегени Иранды багынтып кое албайт. Тескерисинче, Тегерандын жообунан улам аймактагы биздин союздаштарыбыздын энергетикалык жана башка инфраструктуралары талкаланып калышы мүмкүн экенин ишенимдүү айтууга болот", — деп жазды ал.
АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы согуштук операциялары Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин катташын дээрлик токтотту. Бул араб мамлекеттеринен мунай продукцияларын алып чыгууга кедергисин тийгизип, аны пайдаланган дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө баанын өсүп кетишин шарттады.
Tasnim агенттигинин билдиргенине таянсак, учурда кысык аркылуу Россиянын, Кытайдын, Индиянын, Ирактын жанана Пакистандын гана кемелеринин катташына уруксат берилген. Трамп Европа менен Азиянын бир катар мамлекеттерин кысыкты ачуу үчүн аймакка согуштук кемелерин жиберүүгө чакырык салган, бирок алардын көбү мындай кадамга баруудан баш тартып коюшкан.
Ал арада Тегеран араб жана Азия мамлекеттеринин булуңду колдонуу боюнча эрежесин бекиткен "Ормуз пактысын" иштеп чыгууну сунуштады. Ага чейин Ак үйдүн кожоюну бул өлкөлөрдү Американын энергетика ресурстарын сатып алууга чакырган эле.
Ормуз кысыгындагы кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2026
Ормуз кысыгын АКШ менен Израиль мурдагысындай пайдалана албастыгы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0