00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:57
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Летний лагерь нового формата — КРСУ учит детей снимать кино, а не просто видео
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жеңил өнөр жайы: жаңы талаптар, экспорт жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«В мире вырос запрос на справедливость» — экс-министр иностранных дел о победе кыргызской дипломатии
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШ мамкатчысы Рубио: Иранга жасалчу оор чабуулдар дагы алдыда

© AP Photo / Vahid SalemiИранга жасалган чабуул. Архив
Иранга жасалган чабуул. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Иранга жасалчу оор чабуулдар дагы алдыда. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын Bloomberg агенттиги жазды.
Ал АКШ мунайдын кескин кымбаттап кетишине чара көрө турган программаларды ишке ашыра баштаарын билдирген.
"Оор чабуулдар, сокку (Иран боюнча — ред.) али алдыда", — деген дипломат.
Ошону менен бирге ал АКШнын бул операциядагы башкы максатынын бири Тегерандын баллистикалык ракеталарын, ошондой эле аларды жасоо мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу деп айтты. Мындан тышкары, Рубио Иран флотунун кемелердин ары-бери эркин катташына жараткан коркунучун жоюу каралганын белгилеген.
Эске салсак, бүгүн Ормуз кысыгын жапкан Иран аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскертти.
Эксперттердин баамында, Ормуз кысыгын блокададан чыгаруу АКШ үчүн оңойго турбайт. Анткени Иран жээктеги тилкени көзөмөлдөп, кемелерге каршы ракеталары, дрондору, ылдам жүрүүчү катерлери жана деңиз миналарын коюу мүмкүнчүлүгү жакшы. Кысыктын тардыгынан улам каалаган кемелерге жээктен же асмандан чабуул оңой жасалат.
Басылманын жазганына караганда, АКШнын аскердик жактан артыкчылыгына карабастан алар жасай турган операция деңизди миналардан жапырт тазалап, жээктеги ракеталык комплекстердин "жаагын басууну", асмандан коргоп турууну талап кылат. Бул жагдайлар жаңжалды ырбатып, согуштун аймакта созулуп кетишине алып келет.
АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны кескин кыскарды. Ал эми камсыздандыруу системасында иштегендер коркунучтун күчөгөнүнө байланыштуу аскердик кошумча төлөмдү жогорулата баштаганын Maritime News порталы жазган.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2026
“Евроүчтүк” Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0