00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Эхо дня
29 июля — день рождения Ивана Айвазовского
18:54
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргыздардын этногенези: тарыхый-культурологиялык изилдөө кандай жүргөн?
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Хотят четверых, но откладывают первого - исследование ООН объяснило демографический парадокс Кыргызстана
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чокморова: 41 миңден ашуун адам гепатит менен каттоодо, эмдөө – алдын алуунун эң натыйжалуу жолу
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ормуз жабылды. Иран кысыкка кирген кеменин баары бутага алынарын айтты

© AP Photo / Jon GambrellОрмуз кысыгы
Ормуз кысыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялардан кийин Ормуз кысыгын жапкан Иран аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык суу транспортуна тиешелүү экенин айтты.
"Ормуз аркылуу өткөнгө аракет кылгандарды өрттөйбүз. Бул аймактан бир тамчы мунай алып чыгып кеткенге жол бербейбиз", — деген Жаббари ISNA маалымат агенттигине.
Аталган кысык аркылуу өткөн кыймылдын чектелиши мунай жана газды кайра иштетүүдөн алынган башка продукциялардын баасын да кескин жогорулатат. Анын ичинде авиаотун да бар.
Былтыр күн сайын дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн 18 пайызы ушул кысык аркылуу өткөн. Ал эми дүйнөдө мунай жана суюлтулган газ транзитинин болжол менен 20 пайызы дал ушул Ормузга туура келет.
АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны кескин кыскарды. Ал эми камсыздандыруу системасында иштегендер коркунучтун күчөгөнүнө байланыштуу аскердик кошумча төлөмдү жогорулата баштаганын Maritime News порталы жазган.
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Ирандын аятоллоасы Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчылары, жай жарандар өлгөн. Алардын арасында балдар (окуучулар) да бар. Ирандын Кызыл жарым ай коому 131 шаардык округ чабуулга кабылып, анын кесепетинен кеминде 555 адам көз жумганын билдирген.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда.
Ирандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2026
Иран Ормуз кысыгын жапса Евробиримдикте газдын баасы асманга учабы
Жаңылыктар түрмөгү
0