00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что делать после получения наследства: советы юриста о регистрации прав
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как превратить библиотеку в место притяжения подростков - опыт Русского дома в Бишкеке
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

“Евроүчтүк” Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди

© AP Photo / Stefan RousseauУлуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Франция, Германия жана Улуу Британия (“Евроүчтүк” деп аталган) зарыл болсо Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин айтышты.
“Евроүчтүктүн” биргелешкен билдирүүсүндө Ирандын ракета менен соккулары багыттуу эмес жана ашыкча деп белгиленген. Алар чабуулдар аймактагы башка мамлекеттерге да залакасын тийгизгенин, ал өлкөлөр АКШ менен Израилдин баштапкы аскердик аракеттерине катышпаганын эске салышкан.
Билдирүүдө Ирандын соккулары “Евроүчтүктүн” жакынкы союздаштарына багытталып жасалганы жана европалык аскер кызматкерлерине, ошондой эле аймактагы жарандарга коркунуч жаратып жатканы баса белгиленген. Мындан улам “Евроүчтүктүн” өкүлдөрү Иранды соккуларды дароо токтотууга чакырышкан.
“Биз өзүбүздүн жана союздаштарыбыздын аймактык кызыкчылыктарын коргоо үчүн чараларды көрөбүз. Зарыл болсо Ирандын ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарын учуруу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу үчүн керектүү жана пропорционалдуу коргонуучу чараларды да камсыз кылабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Берлин, Париж, Лондон жана АКШ аймактагы союздаштар менен биргеликте аракеттерди уюштуруу боюнча макулдашканы белгиленет.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.
Ирандын Жогорку лидери Хаменеи АКШ менен Израилдин чабуулунан улам өзүнүн кеңсесинде курман болгон. Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын, алардын ичинде кызы бар экенин жазды. Мындан сырткары, 148 мектеп окуучусунун (кыздардын) өмүрү кыйылганы кабарланган. Кийинчерээк алардын саны 153кө жеткени айтылды.
Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскер базаларына чабуул коюуда.
АКШ президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2026
Трамп АКШнын Иранга каршы чабуулу канча убакытка созулушу мүмкүн экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0