https://sputnik.kg/20260225/1099928926.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Швейцарияда бир катар өлкөлөрдүн башкы дипломаттары үчүн сый тамак уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык... 25.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-25T11:00+0600
2026-02-25T11:00+0600
2026-02-25T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/19/1099928760_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f3602a6009175eed190b4165ddbc12f7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Швейцарияда бир катар өлкөлөрдүн башкы дипломаттары үчүн сый тамак уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу орозонун урматына жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында өткөн. Ага Швейцария, Камбоджа, Исландия, Палестина, Индонезия, Куба, Андорра, Мальдив аралдары, Түштүк Африка Республикасы, Словения, Грузия, Конго, Ливан, Сан-Марино мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты. "Жаңжалдар, гуманитардык кризистер күчөп, климат өзгөрүп жатканда БУУ дүйнөдө адам укуктарынын бузулушун алдын алуунун жана диалог жүргүзүүнүн эң маанилүү куралы болуп кала берет", — деди Кулубаев. Министр ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан лидерлеринин саясий эркинин аркасында Фергана өрөөнүндөгү көп жылдык чек ара маселеси жөнгө салынганын, бул Борбордук Азияда коопсуздукту, ишенимди жана диалогду чыңдоого негиз болгонун белгиледи. Ал ошондой эле катышуучуларды быйыл өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, 2027-жылы өтчү Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
Жазгы каникул төрт күнгө узартылып, окуу жылы 29-майда аяктамай болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, мындай чечим ата-энелердин кайрылуусун эске алуу менен кабыл алынган. Ага ылайык, мектеп окуучулары 2-марттан 7-мартка чейин эс алышат. "Марттагы каникул кыска болуп калды деген кайрылуулар абдан көп болду. Мындан улам жазгы каникулду көбөйттүк. Бирок биз бир жылдагы 34 жумалык программаны толтуруу үчүн окуу жылын узартып жатабыз", — деди министрдин орун басары Надира Жусупбекова. Мындан улам быйыл окуу жылы 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.
Россия өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кыйратмак болгондорго катуу чара көрүшү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясында билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз бул салтты сактап, өнүктүрүп жана коргошубуз керек. Россиянын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин бузууга же алсыздандырууга жасалган аракеттерге катуу чара көрүү зарыл", — деген ал. Россия лидеринин жыйындагы негизги билдирүүлөрү: Федералдык коопсуздук кызматы террорчулукка каршы күрөштү күчөтүшү керек Атайын аскердик операцияны өткөрүү кызматтан чыйрак болууну жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат Россиянын каршылаштары сүйлөшүү жолунда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу ниетинде Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын жана өлкөнүн коргонуу өнөр жай комплексинин коопсуздугун жогорулатуу зарыл Россиянын мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча кошумча чара көрүү абзел Москвадагы Савеловский бекетиндеги жардырууну жасаган адам интернет аркылуу азгырылган болушу мүмкүн Россиядан газ ташыган "Түрк агымы" жана "Көгүлтүр агым" деп аталган эл аралык газ куурларын жардырууга камынып жаткандар тууралуу маалымат бар.
Кыргызстан Швейцарияда бир катар өлкөлөрдүн башкы дипломаттары үчүн сый тамак уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу орозонун урматына жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында өткөн. Ага Швейцария, Камбоджа, Исландия, Палестина, Индонезия, Куба, Андорра, Мальдив аралдары, Түштүк Африка Республикасы, Словения, Грузия, Конго, Ливан, Сан-Марино мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты. "Жаңжалдар, гуманитардык кризистер күчөп, климат өзгөрүп жатканда БУУ дүйнөдө адам укуктарынын бузулушун алдын алуунун жана диалог жүргүзүүнүн эң маанилүү куралы болуп кала берет", — деди Кулубаев. Министр ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан лидерлеринин саясий эркинин аркасында Фергана өрөөнүндөгү көп жылдык чек ара маселеси жөнгө салынганын, бул Борбордук Азияда коопсуздукту, ишенимди жана диалогду чыңдоого негиз болгонун белгиледи. Ал ошондой эле катышуучуларды быйыл өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, 2027-жылы өтчү Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.Жазгы каникул төрт күнгө узартылып, окуу жылы 29-майда аяктамай болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, мындай чечим ата-энелердин кайрылуусун эске алуу менен кабыл алынган. Ага ылайык, мектеп окуучулары 2-марттан 7-мартка чейин эс алышат. "Марттагы каникул кыска болуп калды деген кайрылуулар абдан көп болду. Мындан улам жазгы каникулду көбөйттүк. Бирок биз бир жылдагы 34 жумалык программаны толтуруу үчүн окуу жылын узартып жатабыз", — деди министрдин орун басары Надира Жусупбекова. Мындан улам быйыл окуу жылы 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.Россия өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кыйратмак болгондорго катуу чара көрүшү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясында билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз бул салтты сактап, өнүктүрүп жана коргошубуз керек. Россиянын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин бузууга же алсыздандырууга жасалган аракеттерге катуу чара көрүү зарыл", — деген ал. Россия лидеринин жыйындагы негизги билдирүүлөрү: Федералдык коопсуздук кызматы террорчулукка каршы күрөштү күчөтүшү керек Атайын аскердик операцияны өткөрүү кызматтан чыйрак болууну жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат Россиянын каршылаштары сүйлөшүү жолунда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу ниетинде Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын жана өлкөнүн коргонуу өнөр жай комплексинин коопсуздугун жогорулатуу зарыл Россиянын мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча кошумча чара көрүү абзел Москвадагы Савеловский бекетиндеги жардырууну жасаган адам интернет аркылуу азгырылган болушу мүмкүн Россиядан газ ташыган "Түрк агымы" жана "Көгүлтүр агым" деп аталган эл аралык газ куурларын жардырууга камынып жаткандар тууралуу маалымат бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/19/1099928760_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70b813487ae8be81f0cf09ded07ced07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио