https://sputnik.kg/20260224/1099905433.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Монголия менен активдүү соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан... 24.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-24T08:59+0600
2026-02-24T08:59+0600
2026-02-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/18/1099905267_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4f2967dca6bc373253ec1d71035ccece.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Монголия менен активдүү соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жакын арада ЕАЭБдин Монголия менен убактылуу соода келишими күчүнө кирет. Ага ылайык, 367 товардык позиция боюнча бажы төлөмдөрү толугу менен жоюлат же төмөндөтүлөт. "Преференциялар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Монголияга экспорттолгон товарлардын 90 пайыздан ашыгына, жалпы суммасы 2 млрд долларга чейин жайылтылат. Бул жылына 100 миллион долларга чейин каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Былтыр Кыргызстан Монголия менен 19,4 миллион долларлык соода жүргүзгөн.
2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3 млн 700 мин адамды түзүп, өлкө калкынын 49,5%ын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жарыяланган серепке ылайык, эркектердин үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ал эми өлкөдөгү ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында турат. Экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда: эмгекке жарамдуу эркектердин 77%дан ашыгы иш менен камсыз. Орточо иштеген кыргызстандык эркектин жашы — 39 жаш. Көбүнчө 35–39 жаш курагындагы жарандар экономикада активдүү орун ээлейт. 2024-жылы өлкөдө 45 миң нике катталган. Үйлөнүүлөрдүн басымдуу бөлүгү 20–29 жаш курагына туура келет. Мамлекеттик башкарууда да эркектер басымдуу: мамлекеттик органдарда алардын үлүшү 55,4%, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкарууда 62,3%ды түзөт. Бул көрсөткүчтөр эркектердин өлкөнүн өнүгүшүндө жана башкаруу системасындагы ордун айгинелейт.
Бишкек шаарында "Жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул демилге Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте иштелип чыгууда. Учурда тараптар долбоорду ишке ашыруунун механизмдерин жана анын артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.Маалыматка ылайык, 2021-жылы милицияга М.К. кайрылып, И.Э. аттуу чала таанышы 2020-жылы Москва шаарында камакка алынган уулунун маселесин чечип берем деген шылтоо менен 1 миллион 50 миң рублин алып из жашырып кеткенин айткан. Аталган факт боюнча "Алдамчылык" менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. "2026-жылдын 20-февралында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы И.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат кабарда.Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө
ЕАЭБ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Монголия менен активдүү соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жакын арада ЕАЭБдин Монголия менен убактылуу соода келишими күчүнө кирет. Ага ылайык, 367 товардык позиция боюнча бажы төлөмдөрү толугу менен жоюлат же төмөндөтүлөт. "Преференциялар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Монголияга экспорттолгон товарлардын 90 пайыздан ашыгына, жалпы суммасы 2 млрд долларга чейин жайылтылат. Бул жылына 100 миллион долларга чейин каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Былтыр Кыргызстан Монголия менен 19,4 миллион долларлык соода жүргүзгөн. 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3 млн 700 мин адамды түзүп, өлкө калкынын 49,5%ын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жарыяланган серепке ылайык, эркектердин үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ал эми өлкөдөгү ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында турат. Экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда: эмгекке жарамдуу эркектердин 77%дан ашыгы иш менен камсыз. Орточо иштеген кыргызстандык эркектин жашы — 39 жаш. Көбүнчө 35–39 жаш курагындагы жарандар экономикада активдүү орун ээлейт. 2024-жылы өлкөдө 45 миң нике катталган. Үйлөнүүлөрдүн басымдуу бөлүгү 20–29 жаш курагына туура келет. Мамлекеттик башкарууда да эркектер басымдуу: мамлекеттик органдарда алардын үлүшү 55,4%, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкарууда 62,3%ды түзөт. Бул көрсөткүчтөр эркектердин өлкөнүн өнүгүшүндө жана башкаруу системасындагы ордун айгинелейт. Бишкек шаарында "Жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул демилге Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте иштелип чыгууда. Учурда тараптар долбоорду ишке ашыруунун механизмдерин жана анын артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.Маалыматка ылайык, 2021-жылы милицияга М.К. кайрылып, И.Э. аттуу чала таанышы 2020-жылы Москва шаарында камакка алынган уулунун маселесин чечип берем деген шылтоо менен 1 миллион 50 миң рублин алып из жашырып кеткенин айткан. Аталган факт боюнча "Алдамчылык" менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. "2026-жылдын 20-февралында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы И.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат кабарда.Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/18/1099905267_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6f7168d729bf3b17b697af2f054e8440.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио