https://sputnik.kg/20260218/1099796772.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы орозо мурда айтылгандай эле 19-февралда баштала тургандыгын дагы бир ирет бекемдеп айтты. Буга чейин социалдык... 18.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-18T11:00+0600
2026-02-18T11:00+0600
2026-02-18T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/12/1099796606_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e4152bc643de2856b496ca6add35344a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы орозо мурда айтылгандай эле 19-февралда баштала тургандыгын дагы бир ирет бекемдеп айтты. Буга чейин социалдык тармактарда "орозо 18-февралда башталат" деген маалымат тарап кеткен. Буга себеп катары Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмирликтеринде ай көрүнгөнү айтылууда. Ошол эле учурда чет элдик ЖМКлар башка бир катар мамлекеттерде ай көрүнбөгөнүн кабарлашууда. Адаттагыдай эле шектик 18-күнү болсо, эртеси, 19-февралда мусулмандар орозо тутуп баштайт. Эске салсак, орозону айын 19-февралда баштоо жөнүндө чечим Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы Фатва кеңеши тарабынан кабыл алынган. 2026-жылдагы орозонун календарын даярдаганбыз. Аны биздин сайттан ар бир аймак өзүнүн убакыт айырмачылыктарына карап, колдонсо болот
Президент Садыр Жапаров вебкам-студиялардын уюштуруучусу Даниэл Ажиевге ырайым кылды. Кабарды президенттик администрациядан тастыкташты. Маалыматка ылайык, чечим анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар экенин эске алуу менен кабыл алынган. Кечээ Даниэл Ажиевдин үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Даниэл Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган. Ошондой эле 220 миң сомдук айыпка жыгылган. Белгилей кетсек, УКМК көп сандагы вебкам-студиялардын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, жетекчиси катары Даниэл Ажиевди айыптаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.
Владимир Зеленский Женевада өзүнүн делегациясына жолукканда Россия президенти Владимир Путин менен жолугуу маселесин көтөрүүнү айткан. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды. Путин мындан мурдараак эгерде Зеленский кездешүүгө ынтызар болуп турса, аны Москвада күтөрүн айткан эле. Бирок Киев режиминин башчысы бул сунуштан баш тарткан. Көп өтпөй өзүнүн кадамдарына өзү каршы чыгып, "кандай форматта" болсо да жолугууга даярдыгын билдирген. "Зеленский кайрадан аймактык маселе боюнча алдыга жылуунун эң жакшы жолу Путин менен жеке жолугушуу экенин белгиледи. Ал командасына Женевада лидерлер жолугушуусу тууралуу маселени көтөрүүнү тапшырган", — деп жазган басылмалар. Андан сырткары, Зеленский эди украин армиясын Донбасстан чыгарып кетүү тууралуу макулдашууну кабыл албастыгын айткан.Axios басылмасына берген маегинде Вашингтон менен Киев ар кандай макулдашуулар референдумга коюлушу керек деген пикирге келгенин билдирген. Муну менен катар эле эгерде документ Украина армиясынын Донбасстан чыгышын гана камтыса, анда ал четке кагыларын айткан. Бирок келишимде дагы кандай шарттар болушу керектигин так билдирген эмес. Эске салсак, кечээ Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Бул сапар ал төрт жарым саатка чукул созулду. Сүйлөшүү бүгүн да уланмакчы.
Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы орозо мурда айтылгандай эле 19-февралда баштала тургандыгын дагы бир ирет бекемдеп айтты. Буга чейин социалдык тармактарда "орозо 18-февралда башталат" деген маалымат тарап кеткен. Буга себеп катары Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмирликтеринде ай көрүнгөнү айтылууда. Ошол эле учурда чет элдик ЖМКлар башка бир катар мамлекеттерде ай көрүнбөгөнүн кабарлашууда. Адаттагыдай эле шектик 18-күнү болсо, эртеси, 19-февралда мусулмандар орозо тутуп баштайт. Эске салсак, орозону айын 19-февралда баштоо жөнүндө чечим Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы Фатва кеңеши тарабынан кабыл алынган. 2026-жылдагы орозонун календарын даярдаганбыз. Аны биздин сайттан ар бир аймак өзүнүн убакыт айырмачылыктарына карап, колдонсо болотПрезидент Садыр Жапаров вебкам-студиялардын уюштуруучусу Даниэл Ажиевге ырайым кылды. Кабарды президенттик администрациядан тастыкташты. Маалыматка ылайык, чечим анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар экенин эске алуу менен кабыл алынган. Кечээ Даниэл Ажиевдин үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Даниэл Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган. Ошондой эле 220 миң сомдук айыпка жыгылган. Белгилей кетсек, УКМК көп сандагы вебкам-студиялардын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, жетекчиси катары Даниэл Ажиевди айыптаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.Владимир Зеленский Женевада өзүнүн делегациясына жолукканда Россия президенти Владимир Путин менен жолугуу маселесин көтөрүүнү айткан. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды. Путин мындан мурдараак эгерде Зеленский кездешүүгө ынтызар болуп турса, аны Москвада күтөрүн айткан эле. Бирок Киев режиминин башчысы бул сунуштан баш тарткан. Көп өтпөй өзүнүн кадамдарына өзү каршы чыгып, "кандай форматта" болсо да жолугууга даярдыгын билдирген. "Зеленский кайрадан аймактык маселе боюнча алдыга жылуунун эң жакшы жолу Путин менен жеке жолугушуу экенин белгиледи. Ал командасына Женевада лидерлер жолугушуусу тууралуу маселени көтөрүүнү тапшырган", — деп жазган басылмалар. Андан сырткары, Зеленский эди украин армиясын Донбасстан чыгарып кетүү тууралуу макулдашууну кабыл албастыгын айткан.Axios басылмасына берген маегинде Вашингтон менен Киев ар кандай макулдашуулар референдумга коюлушу керек деген пикирге келгенин билдирген. Муну менен катар эле эгерде документ Украина армиясынын Донбасстан чыгышын гана камтыса, анда ал четке кагыларын айткан. Бирок келишимде дагы кандай шарттар болушу керектигин так билдирген эмес. Эске салсак, кечээ Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Бул сапар ал төрт жарым саатка чукул созулду. Сүйлөшүү бүгүн да уланмакчы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/12/1099796606_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5549a47ee1e9d8d91028e7fce4f8c793.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио