БИШКЕК, — Sputnik. Март айында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болушу күтүлөт. Жаан-чачын нормага жакын, ал эми айрым жерлерде андан ашык жаашы мүмкүн.
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык чектен 1 градус өйдө болуп, 5…7 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 1…3 градус жылуу болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -2…+3 жана 6…11 градус;
кээ бир түндөрү -3…-8 градус;
күндүз 6…11 жана 16…21 градус;
кээ бир күндөрү 22…27 градуска чейин ысышы мүмкүн.
Кемин өрөөнү жана тоо этектеринде:
түнкүсүн -2…-7 жана 3…8 градус;
кээ бир түндөрү -8…-13 градус;
күндүз 2…7 жана 10…15 градус;
кээ бир күндөрү 16…21 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачын нормага жакын, айрым жерлерде жогору (Чүй өрөөнүндө 41-56 мм, тоо этектеринде 30-47 мм) болот.
Талас дубаны
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, 3…5 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн 0…-5 жана 4…9 градус;
кээ бир түндөрү -6…-11 градус;
күндүз 5…10 жана 15…20 градус;
кээде күндүз 21…26 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачын нормага жакын, айрым жерлерде көбүрөөк (35-37 мм) түшөт.
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, 6…8 градус, тоо этектеринде 4…6 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн 0…5 жана 8…13 градус;
кээ бир түндөрү -1…-6 градус;
күндүз 8…13 жана 18…23 градус;
кээ бир күндөрү 24…29 градуска чейин ысыйт.
Тоо этектериндеги райондор:
түнкүсүн -4…+1 жана 6…11 градус;
күндүз 6…11 жана 14…19 градус;
айрым учурда 20…25 градуска чейин жетет.
Жаан-чачын өрөөндөрдө 53-86 мм, тоо этектеринде 47-58 мм көлөмүндө түшөт.
Жалал-Абад аймагы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 6…8 градус, тоо этектеринде 4…6 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн 0…5 жана 8…13 градус;
күндүз 8…13, 18…23 градус;
кээ бир түндөрү -1…-6 градуска чейин сууктайт;
кээ бир учурларда 24…29 градуска чыгат.
Тоо этектериндеги райондор:
түнкүсүн -4…+1 жана 6…11 градус;
күндүз 6…11, 14…19 градус;
кээ бир түндөрү -5…-10 градуска чейин сууктайт.
Баткен дубаны
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, 6…8 градус, тоо этектеринде 4…6 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн 0…5 жана 8…13 градус;
күндүз 8…13, 18…23 градус;
кээ бир түндөрү -1…6 градуска чейин сууктайт;
кээ бир күндөрү 24…29 градуска чейин ысыйт.
Тоо этектериндеги райондор:
түнкүсүн -4…+1 жана 6…11 градус;
күндүз 6…11 жана 14…19 градус.
кээ бир түндөрү -5…-10 градус төмөндөйт;
кээ бир күндөрү 20…25 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачын өрөөндөрдө 23-25 мм, тоо этектеринде 66-68 мм көлөмдө түшөт.
Ысык-Көл өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогорулап, 1…3 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -4…-9 жана 0…5 градус;
күндүз 0…5 жана 8…13 градус;
кээ бир күндөрү 14…19 градуска чейин ысышы мүмкүн.
Жаан-чачын нормага жакын (4-14 мм, чыгышында 22-29 мм) түшөт.
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, -1…+1 градус, Кочкор районунда 1…3 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -5…-10 жана 0…5 градус;
күндүз -2…+3, 7…12 градус;
кээ бир күндөрү 13…18 градуска чейин жогорулайт.
Жаан-чачын нормага жакын (9-21 мм) түшөт.
Суук чыкылдаган аймактарды өзүнчө бермекчибиз.
Алай өрөөнү
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -11…-16 жана -2…-7 градус, айрым түндөрү -17…-22 градуска чейин төмөндөйт.
Күндүз -4…-9 жана 1…6 градуска чейин болот. Жаан-чачын нормага жакын (30-32 мм) түшөт.
Чаткал өрөөнү
Түнкүсүн -10…-15 жана 0…-5 градус, айрым учурларда -16…-21 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Күндүз -3…+2 жана 7…12 градус болот. Жаан-чачын нормага жакын (53-55 мм) болот.
Суусамыр өрөөнү
Түнкүсүн -11…-16 жана -1…-6 градус, кээ бир түндөрү -18…-23 градуска жетип, аяз чыкылдайт.
Күндүз 0…-5 жана 4…9 градуска чейин өзгөрүлөт. Жаан-чачын нормага жакын (23-25 мм) түшөт.

