https://sputnik.kg/20260212/1099686204.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин кийинки төрагасы болуп Марлен Маматалиевдин шайланышы ыктымалдыгын парламенттин бир нече депутаты билдирди. Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку... 12.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-12T13:00+0600
2026-02-12T13:00+0600
2026-02-12T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0c/1099686038_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cbb9fbd53bebbede499bd5eef436e168.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин кийинки төрагасы болуп Марлен Маматалиевдин шайланышы ыктымалдыгын парламенттин бир нече депутаты билдирди. Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кете турганын айтып, бирок эл өкүлдүк вазиайпасын аткара бере турганын кошумчалады. Ал ЖК спикерлигине 2022-жылы шайланган.
"Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку түшүмдүү үрөн сорттору, мал чарбасындагы инновациялык ыкмалар жана продукцияны экспортко чыгаруу багытында баяндама жасашат. Ошондой эле, форумда B2B форматындагы жолугушуулар, панелдик талкуулар болоору күтүлүүдө.Форум 18-19-20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүк Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу форматта уюштурулат.
Араван районунун Сары-Таш айылында 200 гектар жерге жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн облус башчысы Аманкан Кенжебаев күн электр станциясы курула турган жер менен таанышып, тиешелүү өкүлдөрдүн маалыматын укту. Алардын маалыматына караганда, станция сырттан келген инвесторлордун каражатынын эсебинен курулат. Күн панелдерин орнотуунун биринчи этабы жаз айларында башталып, анда 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Экинчи этапта курулуш толук аяктап, жалпы кубаттуулук 105 МВтка жетет. Жалпы жонунан 450 миңге жакын күн панелдери орнотулат. Инвестициянын жалпы наркы 65 млн долларды түзүп, 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болушу күтүлүүдө.
Кыргызстандык жаачы Асел Шарбекова БАЭде өткөн Open Masters Games турниринде күмүш жана коло медаль утуп алды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Спортчу 30 жаштан жогорку курак категориясында күмүш медаль тагынса, "30+" жана "40+" категорияларында коло медалга ээ болду. Абу-Дабиде 8-февралда башталган Open Masters Games эл аралык мелдеши 23-февралга чейин уланмакчы.**Киев бийлиги жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага делегация жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул туурасында украиналык Times of Ukraine басылмасы маалыматы бар кишилердин айтканына таянып жазды. "Сүйлөшүүлөрдү тездетүү үчүн украин делегациясын Москвага жиберишет. Маалымат булактарыбыз мындай вариант каралып жатканын айтты", — деп ЖМК жазган. Коопсуздукка кепилдик берүүчүлөр АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер болорун айтышууда. "Алар Киевден делегацияны Польшага алып кетишет да, Внукового учак менен сапар алышат. Ага Кирилл Будановдун катышары так эмес", — деп маалыматта айтылат. 4-5-февралда Абу-Дабиде (БАЭ) орус-украин чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болуп, ага Москва, Киев жана Вашингтондун делегациялары катышты. Биринчи раунд январдын соңунда өткөн.
Жогорку Кеңештин кийинки төрагасы болуп Марлен Маматалиевдин шайланышы ыктымалдыгын парламенттин бир нече депутаты билдирди. Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кете турганын айтып, бирок эл өкүлдүк вазиайпасын аткара бере турганын кошумчалады. Ал ЖК спикерлигине 2022-жылы шайланган. "Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку түшүмдүү үрөн сорттору, мал чарбасындагы инновациялык ыкмалар жана продукцияны экспортко чыгаруу багытында баяндама жасашат. Ошондой эле, форумда B2B форматындагы жолугушуулар, панелдик талкуулар болоору күтүлүүдө.Форум 18-19-20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүк Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу форматта уюштурулат. Араван районунун Сары-Таш айылында 200 гектар жерге жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн облус башчысы Аманкан Кенжебаев күн электр станциясы курула турган жер менен таанышып, тиешелүү өкүлдөрдүн маалыматын укту. Алардын маалыматына караганда, станция сырттан келген инвесторлордун каражатынын эсебинен курулат. Күн панелдерин орнотуунун биринчи этабы жаз айларында башталып, анда 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Экинчи этапта курулуш толук аяктап, жалпы кубаттуулук 105 МВтка жетет. Жалпы жонунан 450 миңге жакын күн панелдери орнотулат. Инвестициянын жалпы наркы 65 млн долларды түзүп, 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болушу күтүлүүдө.Кыргызстандык жаачы Асел Шарбекова БАЭде өткөн Open Masters Games турниринде күмүш жана коло медаль утуп алды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Спортчу 30 жаштан жогорку курак категориясында күмүш медаль тагынса, "30+" жана "40+" категорияларында коло медалга ээ болду. Абу-Дабиде 8-февралда башталган Open Masters Games эл аралык мелдеши 23-февралга чейин уланмакчы.**Киев бийлиги жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага делегация жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул туурасында украиналык Times of Ukraine басылмасы маалыматы бар кишилердин айтканына таянып жазды. "Сүйлөшүүлөрдү тездетүү үчүн украин делегациясын Москвага жиберишет. Маалымат булактарыбыз мындай вариант каралып жатканын айтты", — деп ЖМК жазган. Коопсуздукка кепилдик берүүчүлөр АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер болорун айтышууда. "Алар Киевден делегацияны Польшага алып кетишет да, Внукового учак менен сапар алышат. Ага Кирилл Будановдун катышары так эмес", — деп маалыматта айтылат. 4-5-февралда Абу-Дабиде (БАЭ) орус-украин чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болуп, ага Москва, Киев жана Вашингтондун делегациялары катышты. Биринчи раунд январдын соңунда өткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0c/1099686038_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_23c21f98e2594cb8f3783f52c17660b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио